Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Майлуу-Суудагы заводго импорттолгон материалдан 2028-жылга чейин бажы алымдары алынбайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын башчысы Элимбек Каныбек уулу билдирди.
Анын айтымында, жалпысынан Майлуу-Суу лампа заводуна 23 млн даана моделдер алынып келинет. Ал лампа чыгарууда колдонулат.
“Президент Садыр Жапаров Майлуу-Суудагы лампа заводун жандандыруу, модернизациялоо боюнча иштерди жүргүзүү керектигин тапшырган. Ага ылайык, ЕАЭБдин алкагында бажы алымдарын албоо боюнча сүйлөшүүгө жетиштик. Келе турган модулдардын саны заводдун өндүрүшү кандай деңгээлге чыгарын көрсөтүп жатат”, - деди ал.