Кыргызстандын ИДПсы жарым жылда 960 млрд сомду түздү

Экономика Загрузка... 16 Июль 2026 10:25
03_lIvR9ie.2e16d0ba.format-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстандын экономикасынын негизги көрсөткүчтөрүнүн жигердүү өсүшү байкалды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Алдын ала баалоолорго ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында өлкөнүн ички дүң продуктусу (ИДП) 960 млрд сомду түздү.

"Бул көрсөткүч өткөн 2025-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 11,9 пайызга көп", - деп айтылат маалыматта.