Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Акыркы үч жылда Кыргызстанда турак жайын камсыздандыргандардын көрсөткүчү 5%дан 35%га чейин өстү. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасы Элдияр Калдарбеков "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, учурда мамлекеттик камсыздандыруу системасы активдүү өнүгүп, туура багытта иш алып барууда. Турак жайды камсыздандыруудан тышкары, уюм жарандарга милдеттүү автожарандык жоопкерчиликти камсыздандырууну (ОСАГО) кошкондо, камсыздандыруунун 30га жакын түрүн сунуштайт.
Уюмдун жетекчилиги жетишилген көрсөткүчтөр менен токтоп калбастан, камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү жана калктын өз мүлкүн камсыздандырууга болгон кызыгуусун арттыруу боюнча иштерди улантууну пландап жатат.