Кыргызстанда 9 айда керектөө баалары 8,1%га жогорулады

Экономика 15 октябрь 2026 11:45
Кыргызстанда 9 айда керектөө баалары 8,1%га жогорулады
copyright icon WWW

Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында керектөө баалары жана тарифтери өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 8,1%га жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз ичимдиктердин баасы 7%га, алкоголдук ичимдиктер менен тамеки заттарыныкы 8%га, азык-түлүк эмес товарлардын баасы 6,8%га өскөн. Калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери 11,8%га жогорулаган.

Аймактар арасында баалардын эң жогорку өсүшү Ош облусунда катталып, 16,6%ды түзгөн.