Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. 2026-жылдын I кварталынын жыйынтыгы менен Кыргызстанда товардык балык өндүрүүнүн көлөмү 4029,1 тоннаны түздү.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, учурда республика боюнча 545 балык чарбасы иш алып барууда.
Аймактар боюнча көрсөткүчтөр төмөнкүдөй:
- Чүй облусу – 2206,7 тонна, 398 чарба;
- Ысык-Көл облусу – 311,4 тонна, 48 чарба;
- Нарын облусу – 243,5 тонна, 34 чарба;
- Ош облусу – 110,2 тонна, 11 чарба;
- Жалал-Абад облусу – 962,2 тонна, 39 чарба;
- Талас облусу – 195,1 тонна, 15 чарба.
"Өндүрүш көлөмү боюнча Чүй облусу алдыңкы орунду ээлесе, Жалал-Абад облусунда дагы балык чарбачылыгынын өсүү динамикасы туруктуу сакталууда. Бул көрсөткүчтөр аймактарда аквакультура багытындагы ишмердүүлүктүн активдешип жатканын айгинелейт", - деп айтылат маалыматта.