Бишкек, 30.07.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,3 миллиард долларга жетти. Бул тууралуу экономика министри Бакыт Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, эки өлкө ортосундагы сооданы жакынкы аралыкта 2 миллиард долларга чейин жеткирүү максаты коюлган.
“Бул үчүн олуттуу негиздер бар, Кыргызстан менен Өзбекстандын ишканаларынын жана компанияларынын өз ара кызматташууга болгон кызыгуусу жогору. Ошондой эле зарыл болгон каржылык жана жөнгө салуучу инфраструктура да калыптанууда.
Учурда эки тараптуу Өзбекстан–Кыргызстан өнүктүрүү фонду иштеп жатат. Анын алкагында бир катар инвестициялык долбоорлор каралууда. Бул механизм келечекте соода жүгүртүүнү мындан ары да кеңейтүүгө негиз түзөт”, - деди министр.
Мындан тышкары, ал тараптар өнөр жайды өнүктүрүү, машина куруу жана фармацевтика тармактарында кызматташууну күчөтүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Ошондой эле айыл чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана экспорттоо багытындагы биргелешкен долбоорлор каралууда.
“Жакынкы мезгилде Нарын, Ысык-Көл жана башка облустарда айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча долбоорлор ишке ашырылары күтүлүүдө. Өндүрүлгөн продукциялар Өзбекстанга экспорттолмокчу.
Буга чейин Кыргызстанда ири логистикалык борборлорду куруу пландалганы да белгилүү. Учурда бул багыттагы иштер дагы деле каралууда жана келечекте ишке ашырылары күтүлөт”,- дейт Сыдыков.
Министр ошондой эле эң ири стратегиялык долбоор катары "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолун белгиледи. Анын айланасында жалпы транспорттук-логистикалык инфраструктура өнүгүп, аймактык сооданы кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
“Биз бир бүтүн региондун жана жалпы рыноктун бөлүгүбүз. Эки тарап тең кооперацияны өнүктүрүүгө кызыкдар. Ар бир өлкөнүн сунуштай турган мүмкүнчүлүктөрү бар жана аларды биргелешип ишке ашыруу маанилүү”, — деди ал.