Кыргызстан – Корея: саясий диалогдон инвестиция, өндүрүш жана технологияга чейин

Экономика 18 сентябрь 2026 18:15
Кыргызстан – Корея: саясий диалогдон инвестиция, өндүрүш жана технологияга чейин
Кабар

“Борбор Азия — Корея Республикасы” биринчи саммити жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Кореяга болгон расмий сапары кыргыз-корей кызматташтыгынын экономикалык багытын жаңы деңгээлге чыгарды. Анда инвестиция тартуу, өнөр жай тармагындагы кызматташтык, өндүрүштү жергиликтүү шартка өткөрүү (локализацяилоо), маанилүү минералдык ресурстар, энергетика, транспорт, санариптештирүү жана жасалма интеллект маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Саммит 16-сентябрда Кореянын борбору Сеул шаарында өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары, ошондой эле Кореянын президенти Ли Жэ Мён катышты. Жолугушуунун жыйынтыгында Сеул декларациясына кол коюлуп, анда узак мөөнөттүү кызматташуунун негизги багыттары аныкталды. Ошондой эле саммитти мындан ары эки жылда бир жолу өткөрүп туруу боюнча макулдашылды.

Диалогдон туруктуу кызматташтыкка карай

Кыргызстандын экономикасы үчүн жаңы форматтын мааниси Сеул менен эки тараптуу байланыштарды кеңейтүү менен гана чектелбейт. Алгачкы жолу Кореянын Борбор Азиядагы беш мамлекет менен кызматташтыгы мамлекет башчыларынын деңгээлине чыгарылып, туруктуу институционалдык негизге ээ болду.

Сеул декларациясына ылайык, тараптар соода жана инвестиция, өнөр жай жана жеткирүү чынжырлары, транспорт, энергетика, пайдалуу минералдар, санариптик трансформация, жасалма интеллект, илим жана технология тармактарында практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө макулдашты. Ошондой эле туруктуу консультацияларды өткөрүп, жетишилген макулдашуулардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү каралды.

Документте сооданы диверсификациялоого, башкача айтканда, товарлардын түрүн көбөйтүүгө, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана соодадагы тарифтик эмес тоскоолдуктарды жоюуга өзгөчө көңүл бурулган. Бул багытта кореялык компанияларды колдоого багытталган атайын Korean Desk бөлүмдөрү, ошондой эле бажы тармагындагы кызматташтык боюнча келишимдер маанилүү роль ойнойт.

Дагы бир маанилүү багыт — туруктуу жеткирүү чынжырларын түзүү. Борбор Азия табигый ресурстарга жана өсүп жаткан рынокко ээ болсо, Кореянын өнөр жай жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрү кең. Декларацияда ушул артыкчылыктарды айкалыштырып, биргелешкен өндүрүштөрдү өнүктүрүү жана продукциянын кошумча наркын аймактын ичинде жогорулатуу милдети белгиленди.

Кыргызстан эмне сунуштады?

Саммитте президент Садыр Жапаров кызматташтыкты практикалык долбоорлорго багыттап, жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө аткарууга өтүүнү сунуштады.

Анын сунуштарынын арасында инвестиция маселелери боюнча мамлекеттик мекемелердин кеңешин түзүү, артыкчылыктуу долбоорлордун бирдиктүү портфелин жана демилгелерди каржылоо үчүн биргелешкен инвестициялык фонд түзүү бар. Мындай механизмдер өндүрүштү жергиликтүү шартка өткөрүү жана кореялык бизнестин Борбор Азиянын рынокторуна чыгуусуна шарт түзүүгө багытталат.

Мамлекет башчысы технологиялык кызматташтыкка да өзгөчө көңүл бурду. Кыргызстан жаңы технологиялык чечимдерди сыноодон өткөрүп, иш жүзүндө колдонууга мүмкүнчүлүк бере турган биргелешкен пилоттук технологиялык аянтчалардын тармагын түзүүнү сунуштады. Ошондой эле жасалма интеллект, санариптештирүү, илим жана билим берүү тармактарында кызматташтыкты өнүктүрүү сунушталды.

Экономикалык кызматташтык Сеулда өткөн бизнес-саммиттин атайын сессиясында уланды. Ага Кыргызстандан 30дан ашык, Кореядан 50гө жакын компания катышты. Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда 10 документке кол коюлду.

Президент кызматташуунун беш негизги багытын белгиледи. Алар — энергетика, транспорт жана өнөр жай кооперациясы, туризм жана агроөнөр жай комплекси, адам капиталы жана санариптик технологиялар.

Энергетика тармагында Кыргызстан кореялык компанияларды Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу, жаңы гидроэлектр станцияларын салуу жана иштеп жаткан энергетикалык объектилерди модернизациялоо сыяктуу ири долбоорлорго катышууга чакырды. Мындан тышкары, энергетика системасын санариптештирүү, кайра жаралуучу энергия булактары жана электр транспорту үчүн жабдууларды Кыргызстанда өндүрүүнү жолго коюу маселелери көтөрүлдү.

Транспорт тармагындагы негизги багыттардын бири — “Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан” темир жол долбоору. Кыргызстан кореялык компанияларга темир жолдун маршруту боюнча индустриалдык парктарды жана логистикалык борборлорду түзүү долбоорлоруна катышууну сунуштады.

Импорттон өндүрүшкө карай

Кыргызстан үчүн маанилүү маселелердин бири — соода мамилелерин кеңейтүү менен катар өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты күчөтүү. Расмий сапардын алкагында президент кореялык компанияларды Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды түзүүгө жана продукция өндүрүүнү өлкө ичинде жолго коюуга катышууга чакырды.

Кеп Кыргызстанда автоунаа, дары-дармек, текстиль жана электрондук жабдууларды өндүрүү жана чогултуу ишин өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө болууда. Мындай ыкма менен Кыргызстан кореялык товарлар үчүн гана рынок болбостон, продукция өндүрүлүп, кийин аны Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн рынокторуна чыгарууга мүмкүн болгон аянтчага айлана алат.

Экономика боюнча эксперт Денис Бердаков Кыргызстанды кореялык продукцияны өндүрүү жана чогултуу үчүн келечектүү аянтча катары баалайт. Анын айтымында, өлкөнүн ички рыногу анча чоң болбогонуна карабастан, экономика өсүп, кореялык товарларга болгон кызыгуу артып жатат.

Эксперттин маалыматына караганда, акыркы беш жылда Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы соода жүгүртүү 10 эсеге өскөн.

“Жакынкы жылдары Кореянын чакан компаниялары менен катар Daewoo, Hyundai сыяктуу ири корпорациялар да Кыргызстанда чоң өкүлчүлүктөрүн ачышы мүмкүн. Мындай шартта эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 2 миллиард долларга чейин жетиши ыктымал”, — деди Денис Бердаков “Биринчи радионун” эфиринде.

Анын пикиринде, кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы туруктуу аба каттамдарын камсыз кылуу, виза режимин жеңилдетүү, кореялык инвестицияларды тартуу, IT чечимдерди киргизүү жана өнөр жайды өнүктүрүү маанилүү. Ошондой эле Бердаков Түштүк Кореянын тажрыйбасын эске алуу менен тигүү жана жеңил өнөр жай тармактарында чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Стратегиялык маанидеги пайдалуу кендерди иштетүү

Экономикалык кызматташтыктын дагы бир маанилүү багыты — стратегиялык мааниге ээ пайдалуу кендер. Корея үчүн бул ресурстар технологиялык тармактарды керектүү сырьё менен камсыз кылуу жана аны жеткирүү булактарын диверсификациялоо, башкача айтканда, бир нече өлкөдөн алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жагынан маанилүү.

Сеул декларациясында Борбор Азиянын жаратылыш ресурстарын Кореянын технологиялык мүмкүнчүлүктөрү менен айкалыштыруу маселесине өзгөчө көңүл бурулган. Мында кеп сырьёну гана экспорттоо жөнүндө эмес. Тараптар аны кайра иштетүү, өндүрүштү өлкө ичинде жолго коюу, илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана адистерди даярдоо менен бирге кошумча наркы жогору болгон биргелешкен өндүрүштөрдү түзүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Кыргызстан үчүн бул багыт сырьёну сыртка чыгаруу менен гана чектелбестен, аны өлкө ичинде кайра иштетүүчү өндүрүштөрдү түзүүгө жана жаңы технологияларды өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Энергетика жана инфраструктура

Энергетика да кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары белгиленди. Тараптар гидроэнергетика, кайра жаралуучу энергия булактары, энергияны үнөмдөө жана энергетикалык инфраструктураны жаңылоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.

Бизнес-саммиттин жүрүшүндө Кыргызстан кореялык компанияларды өлкөдөгү энергетикалык долбоорлорго катышууга чакырды. Мында жаңы объектилерди куруу менен катар энергетика тармагын башкаруунун заманбап системаларын киргизүү жана электр системасын санариптештирүү маселеси да каралды.

Сеул декларациясында логистикалык хабдарды, кургак портторду түзүү жана соода тармагын санариптештирүү боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү да белгиленди. Транспорттук каттамдарды жана бир нече транспорт түрү айкалышкан логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү Борбор Азияны тышкы рыноктор менен байланыштырууну күчөтүүчү маанилүү багыт катары каралууда.

Санариптештирүү жана жасалма интеллект

Кызматташтыктын дагы бир маанилүү багыты — санариптик технологияларды өнүктүрүү. Сеул декларациясында өнөр жайда, айыл чарбасында, статистикада, мамлекеттик сатып алууларда жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө санариптик технологияларды кеңири колдонууга кызыкдарлык белгиленди.

Корея жана Борбор Азия өлкөлөрү жасалма интеллект, илим, технология жана инновациялар жаатындагы кызматташтыкты да өнүктүрүүгө макулдашты. Бул багытта биргелешкен долбоорлорду улантуу жана адистерди даярдоо каралган.

Кыргызстан үчүн бул кореялык IT чечимдерди киргизүү, санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, заманбап адистерди даярдоо жана технологиялык стартаптарды колдоо мүмкүнчүлүгүн берет. Президент Садыр Жапаров адистерди даярдоочу атайын борборлорду түзүүнү, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашырууну жана технологиялык стартаптарды колдоону сунуштады.

Кандай документтерге кол коюлду?

Экономикалык кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөр конкреттүү документтер менен бекемделди. Президент Садыр Жапаровдун Кореяга болгон расмий сапарынын жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосунда бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Алардын арасында Кыргызстандын министрлер кабинети менен Кореянын өкмөтүнүн бажы маселелери боюнча кызматташтык жана өз ара жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуусу бар. Ошондой эле Улуттук инвестиция агенттиги Кореянын инфраструктураны жана шаарларды өнүктүрүү боюнча корпорациясы жана Кореянын соода жана инвестицияларды илгерилетүү агенттиги менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга кол койду.

Мындан тышкары, Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен аталган өлкөнүн Соода, өнөр жай жана ресурстар министрлиги соода жана инвестиция тармагындагы кызматташтык жөнүндө меморандум түздү. Айрым документтер энергетика, айыл чарба, интеллектуалдык менчик, шаарларды жана инфраструктураны өнүктүрүү, эмгек мобилдүүлүгү жана башка багыттарды камтыйт.

“Борбор Азия — Корея Республикасы” форматында өнөр жай жана жеткирүү чынжырлары боюнча кызматташтык жөнүндө меморандумга да кол коюлду. Мындан тышкары, жасалма интеллект, илим жана технология, климаттын өзгөрүшү, энергетикага өтүү жана абанын сапатын жакшыртуу боюнча бир катар демилгелер кабыл алынды.

Документтерден конкреттүү долбоорлорго өтүү үчүн эмне керек?

Экономист Кубан Чороев эми жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө аткарууга өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилейт. Ал “Кабар” агенттигине Кыргызстан Корея менен кызматташуунун жаңы форматын саясий диалогду өнүктүрүү менен гана чектебестен, конкреттүү инвестициялык жана экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга багыттоосу маанилүү экенин айтты.

Анын айтымында, “Борбор Азия — Корея Республикасы” биринчи саммити аймактык кызматташтыктын жаңы механизмин түзүүгө жол ачты. Сеул декларациясынын кабыл алынышы, жолугушууларды эки жылда бир өткөрүү тууралуу макулдашуу жана жетишилген макулдашуулардын аткарылышын көзөмөлдөө механизмдери кызматташтыкты узак мөөнөттүү негизде өнүктүрүүгө шарт түзөт.

“Кыргызстан үчүн бул форматтын практикалык мааниси — Корея менен кызматташууну мындан ары эки тараптуу гана эмес, аймактык платформа аркылуу да өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүндө. Сеул декларациясында биргелешкен жеткирүү чынжырларын түзүү, стратегиялык мааниге ээ пайдалуу кендерди кайра иштетүү, энергетика, транспорт жана санариптештирүү тармактарында кызматташуу каралган”, — деп белгиледи эксперт.

Анын пикиринде, президент Садыр Жапаровдун сапарынын өзгөчөлүгү конкреттүү экономикалык сунуштарга басым жасалгандыгында болду. Алардын арасында инвестициялык фонд түзүү, биргелешкен ишканаларды ачуу, ошондой эле автоунаа, дары-дармек, текстиль жана электрондук жабдууларды өндүрүүнү жергиликтештирүү сунуштары бар.

“Эң негизгиси, бул кызматташтык меморандумдарга кол коюу менен гана чектелип калбашы керек. Артыкчылыктуу долбоорлорду, аларды ишке ашырууга жооптуу органдарды жана мөөнөттөрдү так аныктап, долбоорлорду инвестициялык чечим кабыл алынган учурдан тартып өндүрүш ишке киргенге чейин коштоп баруу зарыл”, — деди эксперт.

Ал ошондой эле практикалык механизмдердин бири катары Бишкекте KOTRA — Кореянын соода жана инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин өкүлчүлүгүн ачууну атады. Мындай өкүлчүлүк түзүү тараптардын макулдашууларынын алкагында каралган. Мындан тышкары, Кыргызстандын Улуттук инвестиция агенттигинин алдында кореялык ишкерлерге колдоо көрсөтө турган Korean Desk бөлүмүн түзүү пландалууда.

Эксперт белгилегендей, Кыргызстан өзүнүн инфраструктуралык жана аймактык мүмкүнчүлүктөрүн да натыйжалуу пайдаланууга тийиш. Анын ичинде Евразия экономикалык биримдигинин жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн рынокторуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана өндүрүштү өлкө ичинде жолго коюу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маанилүү.

Экономикалык өнөктөштүктүн жаңы этабы

Жыйынтыгында, сентябрдагы саммиттен кийин Кыргызстан менен Кореянын экономикалык кызматташтыгы бир нече багытты камтыган кеңири форматка өтүүдө. Ага эки тараптуу инвестициялык долбоорлор, аймактык жеткирүү чынжырлары, өнөр жай кооперациясы, инфраструктура, санариптештирүү жана адистерди даярдоо багыттары кирет.

Эми негизги маселе — жетишилген макулдашууларды конкреттүү долбоорлорго айлантып, алардын ишке ашырылышын камсыз кылуу. Бул үчүн артыкчылыктуу багыттарды так аныктоо, инвесторлор үчүн шарттарды жакшыртуу жана долбоорлорду ишке киргизүүгө чейин системалуу коштоо маанилүү.

Сеул декларациясы Корея менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыктын жалпы багыттарын аныктаса, эки тараптуу документтер Кыргызстан менен Кореянын өз ара байланышынын конкреттүү тармактарын камтыйт. Эми кийинки этап — жетишилген макулдашууларды иш жүзүнө ашыруу. Бул биргелешкен ишканаларды ачуу, инвестиция тартуу, өндүрүштү жергиликтештирүү(локалдаштыруу), заманбап технологияларды киргизүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү сыяктуу иштерди камтыйт.

Жаңы кызматташтык форматынын натыйжалуулугу, биринчи кезекте, жетишилген макулдашуулардын конкреттүү долбоорлорго айланып, инвестиция, жаңы өндүрүш жана жумуш орундары түрүндө иш жүзүндө кандай натыйжа берери менен бааланат.