Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Кыргызстан, Казакстан жана Россиядагы азык-түлүк бааларына салыштырма мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Талдоо иштери нан азыктары, картошка, жашылча-жемиштер, эт, сүт, кумшекер, жумуртка жана өсүмдүк майы сыяктуу негизги азыктардын баасын камтыды.
Мониторингдин жыйынтыгында Кыргызстанда айрым жашылча жана эт азыктарынын баасы жогорулаганы байкалды. Мында пияз – 7%, картошка – 6,5%, кой эти (сулп этинен башкасы) – 3,3%, уй эти (сулп этинен башкасы) – 2,4%, кумшекер – 1,1%, 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) – 0,9%га, ошондой эле пастерленген сүт, макарон жана нан азыктары бир аз кымбаттаган. Ал эми жумуртка – 2,5%, 1-сорттогу буудай уну (импорттолгон) – 0,1%га арзандаган.
Казакстанда баалардын кескин айырмачылыгы катталган. Анда макарон азыктары (спагетти) – 25,5%, сабиз – 12%, күрүч – 7,9%, уй эти – 1,7%, 1-сорттогу жергиликтүү ун – 1,5%га кымбаттаса, тандыр нан – 14,1%, баш пияз – 9,1%, бөлкө нан – 8,5%, кумшекер – 8,1%, картошка – 6,4%, пастерленген сүт – 4,1%, каймак май – 2,8%, жумуртка – 0,8%га арзандаган.
Россияда баалардын өсүү темпи салыштырмалуу туруктуу, бирок көпчүлүк товарларда жогорулоо байкалат. Мисалы сабиз жана картошка – 1,4%, кумшекер – 1%, уй эти – 0,9%, 1-сорттогу жергиликтүү ун – 0,9%, өсүмдүк майы – 0,8%, кой эти – 0,8%, макарон (вермишель) – 0,8%, күрүч – 0,6%, баш пияз – 0,6%, каймак май – 0,5%, жумуртка – 0,4% кымбаттаса, пастерленген сүт – 0,4%га арзандаган.
Министрлик баалардын өзгөрүүсүнө туруктуу негизде байкоо жүргүзүүнү улантууда.