Инфраструктуралык ири долбоорлор, социалдык курулуштар жана калктын кирешесинин өсүшү Кыргызстандын экономикасын алга сүрөп бара жатат. 2026-жылдын январь–июль айларынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ИДПсы 1 триллион 172 миллиард сомдук чекке жетип, өсүү ыргагы 11,1 пайызды түздү. Бул көрсөткүчтөр кайдан чыкты? Статистиканын артында 60 пайызга өскөн курулуш сектору, "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолу өңдүү ири долбоорлор, өнөр жайдагы даяр продукцияга жасалган басым, айлык акынын жогорулоосу, ички керектөөнүн жанданганы баштаган көзгө көрүнөрлүк иштер турат.
Кыргызстандын экономикасы боюнча отчеттор ай жаңырган сайын рекорддук эсептерди көрсөтүүдө. Өткөн айда эле ИДПнын көлөмү 960 млрд болсо, январь–июль өлкөнүн ички дүң өндүрүмү 1 триллион 172,7 миллиард сом менен жабылды.

Учурда биздин өлкөнүн экономикасын кыймылдатып жаткан тармак курулуш экенин баарыбыз көрүп, билип турабыз. Алардын башында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан эл аралык темир жолу баштаган транзиттик жолдор, курулуп жана ишке берилип жаткан суу, шамал, күн электр станциялары, логистикалык борборлор сыяктуу долбоорлор турат. Жалпы курулуштар жыл башынан бери дээрлик 60 пайызга өстү. Мында курулушка салынган инвестицияларды да кошуп айтуу керек. Түздөн-түз негизги капиталга багытталган инвестициялар 58,8 пайызга көбөйүп, 238,3 млрд сомду түздү. Демек тартылган инвестициялар иштеп, экономикага салымын кошуп жатат.
Экономиканы кеңейткен дагы бир курулуш "Менин үйүм" мамлекеттик ипотекалык программасынын алкагында салынып жаткан батир үйлөр. Миңдеген батирлердин колдонууга берилиши курулуш секторунун ИДПдагы үлүшүн 8,2 пайызга чейин көтөрдү.
Кыргызстандын экономикасындагы өсүштү камсыздоодо өнөр жай тармагы да белгиленди. Жыл башынан бери жалпысынан 525,3 миллиард сомдук продукция өндүрүлүп, 11,2 пайызга өстү. Унаа жана транспорт каражаттарын өндүрүү 41,8 пайызга өсүп, мунай иштетүү 1,8 эсе жогорулаган. Бул өлкө өндүрүшүндө чийки зат эле эмес кошумча наркы жогору болгон даяр продукцияларды чыгарууга да басым жасала баштаганын билдирет.
Экономиканын өсүшү жумуш орундарынын түзүлүшү жана айлык акылардын номиналдык түрдө өсүшү менен коштолууда. Орточо номиналдык эмгек акы 53 759 сом деп эсептелип, 27,5 пайыздык өсүштү көрсөттү. Элдин колунда акча көбүрөк болуп, соода-сатык, тейлөө, ресторан жана туризм тармактарында чыгымдар арбыган. Деги эле Кыргызстандын ИДПсынын дээрлик жарымын (49,8%) кызмат көрсөтүү сектору түзүп келет.
"2026-жылдын январь-март айларында калктын жалпы кирешесинин негизги бөлүгүн эмгек ишмердигинен түшкөн кирешелер түзүп, 212 млрд сомдон ашты. Социалдык трансферттерден түшкөн киреше 34,2 млрд сомду, ал эми жеке көмөкчү чарбалардан түшкөн киреше 16,8 млрд сомду түздү", — деп билдирди Улуттук статистика комитети.
Айлыктын көбөйүүсү өз кезегинде соода-сатык, кызмат көрсөтүү баштаган чакан жана орто бизнестин жандандырды десе болот. Айтмакчы чакан жана орто ишкерликтин ИДПдагы үлүшү 51,4 пайызга жеткен. Бул көмүскө экономиканын ачыкка чыгышы жана салыктык реформалардын ийгилиги менен байланыштуу экени маалым. Ошол эле убакта өкмөт тарабынан чакан жана орто ишкердикти комплекстүү колдоого өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Ата мекендик ишкерлер үчүн мамлекеттик программалар жана жеңилдетилген насыя долбоорлору ишке ашырылууда.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, чакан жана орто ишкердик субъекттери тарабынан өндүрүлгөн кошумча дүң наркынын көлөмү 2025-жылы 54,5 пайызга өсүп, 1 трлн 15 млрд сомду түздү. 2024-жылы 657,1 млрд сом болчу. ИДПдагы үлүшү 51,4 пайызды түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 9,9 пайыздык пунктка жогорулады. ЧОИ саны 6,8 пайызга көбөйүп, 27 миңден ашты. Ал эми бул сектордо иштегендердин жана жеке ишкерлердин саны 643,8 миң адам", — деди министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев.
Жаңы көрсөткүчтөр боюнча Кыргызстан ЕАЭБ ичинде дагы деле лидерликти кармап турат. Ошол эле убакта биздин өлкөнүн ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы 3 млрд долларды түзүп, экспорт 5,3 пайызга кыскарган. Ал эми импорт 1,1 пайыз көбөйгөн.
Экономист Искендер Шаршеев экспорттун азайышына айрым өнөктөш өлкөлөрдөгү аймактык логистика жана инфраструктуралардын ишмердигинин үзгүлтүккө учурашы, биринчи кезекте Кыргызстандын ички керектөөлөрүн жабуу аракети, товар коштоочу документ көйгөйлөрү себеп болушу ыктымалдыгын белгиледи.

"Экспортту көбөйтүүнүн негизги жолдорунун бири — чийки затты сыртка чыгаруунун ордуна аны Кыргызстанда кайра иштетип, кошумча наркы жогору даяр продукция катары сатуу. Органикалык айыл чарба продукциясы, кийим-кече жана текстиль, кайра иштетилген тамак-аш, бал, сүт жана башка продукциялар бул багытта чоң мүмкүнчүлүккө ээ. Бул үчүн жаңы өндүрүш кубаттуулуктарын түзүү, инвестиция тартуу, лабораториялык базаны жакшыртуу, сертификацияны жөнөкөйлөтүү жана ишкерлерди ЕАЭБдин техникалык, санитардык жана фитосанитардык талаптарына үйрөтүү зарыл.
Ошол эле учурда Кыргызстан Россия жана Казакстан менен сооданы сактап, экспорттук географиясын кеңейтиши керек. Өзбекстан, Кытай, БАЭ, Түркия, Европа жана Азиянын башка өлкөлөрүнө чыгуу үчүн ар бир рынокко ылайык өзүнчө экспорттук стратегия талап кылынат. Электрондук соода жана Wildberries, Ozon сыяктуу маркетплейстер да чакан жана орто ишканалар үчүн чет өлкөлүк керектөөчүлөргө түз чыгууга мүмкүнчүлүк берет. БАЭ менен тарифтик преференциялар сыяктуу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү да кызуу пайдалануу маанилүү", — деди Искендер Шаршеев.
Экономист Кыргызстан реэкспортко көз карандылыкты азайтып, өзүнүн айыл чарба, текстиль, тамак-аш жана өнөр жай продукциясын көбүрөк өндүрүп, кайра иштетип жана тышкы рынокторго даяр товар катары чыгарууга өтсө, экспорт экономикалык өсүштүн туруктуу булагына айлана аларын белгиледи.
Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстандын экономикасында эске алчу жагдайлар менен бирге жагымдуу жылыштар да болуп жатат. Тартылган инвестициялар иштеп, долбоорлор кагазда калбастан көзгө көрүнөрлүк деңгээлде ишке ашырылууда. Ушул темп жыл аягына чейин сакталса Кыргызстан 2026-жылды жогорку көрсөткүчтөр менен аяктоого толук мүмкүнчүлүгү бар.