Кумтөр мамлекетке өткөндөн бери бюджетке 1,2 млрд доллар каражат түштү

Экономика Загрузка... 21 Июль 2026 10:15
whatsapp_image_2024-04-05_at_16_38_48.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 21.07.26. /Кабар/. Кумтөр кени мамлекеттик башкарууга өткөн 4,5 жыл ичинде өлкө бюджетине салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө 1 млрд 233 млн 216 миң доллар которулду. Бул тууралуу "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын отчеттук маалыматында айтылат.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2022-жылдын январынан 2026-жылдын июнь айына чейинки мезгилди камтыйт.

"Аталган мезгил аралыгында компаниянын жалпы кирешеси 4 млрд 991 млн 956 миң долларды түздү. Ал эми 4,5 жыл ичиндеги таза пайдасы 2 млрд 196 млн 678 миң долларга жетти", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, компаниянын жалгыз акционери болуп саналган "Кыргызалтын" ААКка 741 млн 298 миң доллар өлчөмүндө дивиденд төлөнүп берилди.