Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Быйыл 2026-жылдын январь-июль айына чейин "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому мамлекетке салык жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 19 млрд сом которуп берди. Бул тууралуу "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун мүдүрлөр кеңешинин төрагасы Болотбек Идирисов "Биринчи радионун" түз эфиринен билдирди.
Анын айтымында, ушул мезгилдин ичинде компаниянын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн жалпы кирешеси 733 млн АКШ долларын түздү.
"Анын ичинен 419 млн АКШ доллары таза киреше болду. Биздин "Кыргызалтын" ААК акционерибизге дивиденд катары быйыл биз 300 млн АКШ долларын которуп бердик. Ал эми узагырак мезгилди алсак, Кумтөр кени мамлекеттин башкаруусуна өткөн маалда, тактап айтсак, 2022-жылдын башынан 2026-жылдын июль айына чейин мамлекетке салык жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 1 млрд 233 млн АКШ долларын которуп бердик. Компаниянын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн жалпы кирешеси дээрлик 5 млрд АКШ доллары болду. Таза кирешебиз 2,2 млрд долларды түздү. Ушул мезгил ичинде "Кыргызалтын" ААКсына берилген дивиденд 741 млн долларды түздү",- деди Идирисов.
Ал салыштыруу катары, Кумтөр кени башталгандан тартып, мамлекеттин башкаруусуна өткөнчө дээрлик 30 жылдын ичинде дивиденддердин өлчөмү 101 млн доллар болгонун маалымдады.