Каржы жана инвестиция: Кыргызстан Сингапур менен кызматташтыкты чыңдоодо

Экономика Загрузка... 10 Июль 2026 17:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 10.07.26 /Кабар/. Кыргызстандын делегациясы Сингапурга болгон иш сапарынын алкагында эл аралык финансы институттары, рейтинг агенттиктери жана инвесторлор менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиргендей, делегациянын курамына президенттин администрациясынын, Экономика, Финансы министрликтеринин жана Улуттук банктын өкүлдөрү кирди.

Moody’s рейтинг агенттигинин өкүлдөрү менен болгон жолугушууда кыргыз тарап өлкөдөгү туруктуу экономикалык өсүштү белгиледи. Алсак, 2026-жылдын январь–июнь айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын экономикасынын өсүшү 12,2 пайызды түздү.

Экономика министринин орун басары Медербек Туманов өлкө экономикасы өнөр жай, кызмат көрсөтүү, туризм жана инфраструктуралык долбоорлордун эсебинен диверсификацияланып жатканын баса белгиледи.

Мындан тышкары, делегация Сингапурдун Валюталык башкармалыгы жана финансы секторунун өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда банктык көзөмөл жана каржы секторун санариптештирүү, түз инвестицияларды тартуу жана ишкердик чөйрөнү жакшыртуу жана эл аралык капитал рыноктору боюнча кызматташуу маселелери талкууланды.

Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар инвестициялык өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана рейтингдик өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.