Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" ААК микрофинансылык компания болуп кайра түзүлүп, мамлекеттик кайра каттоодон өттү.
Компаниядан билдиришкендей, эми уюм "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" ААК МФКсы деген аталышта ишин улантат.
"Жаңы статус чакан жана орто бизнести каржылык колдоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт. Анын алкагында ишкерлерге берилүүчү насыянын максималдуу суммасы 5 млн сомдон 9 млн сомго чейин көбөйдү", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, бул каражат өндүрүштү кеңейтүүгө, заманбап жабдууларды сатып алууга, жаңы технологияларды киргизүүгө жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталышы мүмкүн.
Мындан тышкары, Улуттук банктын тиешелүү лицензиясын алгандан кийин фонд депозиттерди тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул келечекте каржылоо булактарын кеңейтүүгө жана ишкерлерди насыялоого кошумча ресурстарды тартууга шарт түзөт.