Бишкек, 10.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы 5 жылда 23 млрд доллардан ашык инвестициялык долбоорлор ишке ашырылды. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, быйылкы жылдын башынан бери Кыргызстанга 1 млрд 300 млн доллардан ашык түз инвестиция тартылган.
"Бүгүнкү күндө бизде 83 инвестициялык долбоор ишке ашып жатат. Алардын жалпы суммасы 11,3 млрд долларды түзөт", - деди Сабиров.
Ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында 90дон ашык инвестициялык долбоор ишке ашырылып жатканы маалымдалды. Алардын жалпы көлөмү учурда 456 млрд сомго жакындаган.
"Жылдан-жылга динамикабыз өсүп жатат. 2021-2026-жылдарды алсак, Кыргызстанда 23 млрд доллардан ашык инвестициялык долбоор ишке ашырылууда", - деди ал.
Сабиров белгилегендей, инвестициялык активдүүлүктүн өсүшү мамлекет жүргүзүп жаткан саясаттын жана өлкө башчысынын маселелерди ыкчам чечүүгө багытталган ишинин натыйжасы болуп саналат.