Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда электр энергиясынын ички тартыштыгы 4 млрд кВт/саатка жакын, мындай шартта тартыштыкты жабуу үчүн жаңы генерациялык кубаттуулуктарды ишке киргизүү жүрүп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетине караштуу “Жашыл энергетика фондунун” директору Эмилбек Орозбаев “Кабар” агенттигине “Ачык кабинет” долбоорунун алкагында билдирди.
Анын айтымында, өлкөнүн экономикасынын өсүшү жана жаңы өнөр жай объекттеринин ишке кириши электр энергиясына болгон керектөөнү көбөйтүүдө.
“Учурда жаңы генерациялык кубаттуулуктарды ишке киргизип жатабыз. Бирок экономиканын өсүү темпине жана жыл сайын ачылып жаткан өнөр жай объекттеринин санына жараша электр энергиясына болгон муктаждыкты толук камсыз кылуу азырынча кыйын болууда. Бүгүнкү күндө электр энергиясынын тартыштыгы 4 млрд кВт/саатка жакын. Анын орду коңшу өлкөлөрдөн импорттолгон электр энергиясы менен толукталууда”, — деди ал.
Фонддун директору белгилегендей, негизги максат — жаңы генерациялык кубаттуулуктарды ишке киргизүү аркылуу ички тартыштыкты толугу менен жоюу.
Бул багытта бир катар ири энергетикалык долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын катарында кубаттуулугу 912 МВт болгон Казарман ГЭСтер каскадынын курулушу каралган.
Ошондой эле кубаттуулугу 1200 МВт болгон Кара-Кече жылуулук электр станциясын куруу пландалууда.
Мындан тышкары, Токтогул ГЭСинин төрт гидроагрегаты толугу менен модернизацияланып, анын натыйжасында кошумча 240 МВт кубаттуулук алынган.
Ал эми Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча иштер уланууда. Учурда долбоорду ишке ашыруунун алкагында станцияга баруучу жолдорду куруу иштери жүргүзүлүп жатат.
“Биз бир жерде турган жокпуз, иштер үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Бул убакытты талап кылган процесс. Күн сайын жасалып жаткан иштер коомчулукка толук көрүнбөшү мүмкүн, бирок бул багыттагы аракеттер бир мүнөткө да токтогон жок”, — деп белгиледи Эмилбек Орозбаев.