"Элдик Банкка" климаттык долбоорлор үчүн 1 млн долларлык жардам берилет

Экономика Жүктөлүүдө... 30 Июль 2026 16:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Финансы министрлиги

Бишкек, 30.07.26. /Кабар/. Финансы министрлиги менен Азия өнүктүрүү банкы "Элдик Банк" ААКка 1 млн доллар өлчөмүндө техникалык жардам көрсөтүү боюнча документке кол коюшту.

Ведомствонун маалыматына ылайык, каражат климаттын өзгөрүшүнө байланышкан долбоорлорду каржылоону жакшыртууга, тобокелдиктерди баалоо системасын өнүктүрүүгө жана кардарлар үчүн жаңы финансылык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталат.

Долбоордун алкагында фермерлердин, ишкерлердин жана айыл чарба ишканаларынын климаттык демилгелерди каржылоого жеткиликтүүлүгү кеңейтилет. Ошондой эле аялдар жетектеген ишканаларды колдоого өзгөчө көңүл бурулат.

Долбоор Климаттык инвестициялык фонддордун климаттык туруктуулукту жогорулатуу боюнча пилоттук программасынын алкагында ишке ашырылат.