Акыркы жылдары Бишкекте эле эмес, өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында курулуш иштери кескин көбөйдү. Жаңы турак жайлар, жолдор, мектептер, мамлекеттик ипотекалык үйлөр жана энергетикалык объектилер активдүү курулуп жатат. Өкмөттүн маалыматына ылайык, экономиканын негизги тармактарынын ичинен эң чоң өсүш дал ушул курулуш тармагында катталып, көрсөткүч 72,8%га жеткен.
Улуттук статистикалык комитеттин билдирүүсү боюнча, 2026-жылдын январь—апрель айларында ички дүң продукт (ИДП) 602,8 миллиард сомду түзүп, 2025-жылдын январь—апрель айларына салыштырмалуу 12,4 пайызга жогорулады.
Анын ичинде экономиканын негизги тармактарынын ичинен эң чоң өсүш курулуш тармагында катталып, 72,8%ды түздү. Атап айтканда, анын көлөмү 1,7 эсеге өскөн.
Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь—апрель айларында Кыргызстанда негизги капиталга салынган инвестициялар 128,6 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 69,7%га өстү.

Инвестициялардын көбөйүшү ички каражаттардын 1,6 эсеге, ал эми тышкы инвестициялардын 2,4 эсеге өсүшү менен камсыздалды. Акча каражаттарынын дээрлик 90 пайызы транспорт, соода, энергетика, билим берүү жана турак жай курулушу тармактарына жумшалган.
Экономикадагы капиталдаштыруунун өсүшү төмөнкү негизги факторлор менен байланыштуу болду:
- "Менин үйүм" программасынын алкагында турак жай курулушунун олуттуу өсүшү. 2026-жылы ушул мезгилге чейин 1 080 батирлүү үйлөрдүн курулушу аяктады;
- 25,7 млн сомдук 3 амбулатордук бейтапкана пайдаланууга берилди;
- турак жай курулушунун жалпы көлөмү көбөйдү;
- Жалал-Абад облусунда "Кайнама-2" кичи ГЭСи ишке кирди;
- Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук" жана "Туюк" кичи ГЭСтери пайдаланууга берилди;
- Ош облусунда 5 энергетикалык объект ишке кирип, бул аймакты электр энергиясы менен камсыздоо турукташты;
- Баткен облусунда "Суу-Башы" жогорку чыңалуудагы подстанциясы ишке берилди.
Бул капиталдык салымдардын эсебинен 2026-жылдын январь—апрель айларында курулуш тармагынын жалпы өндүрүш көлөмү 117,6 млрд сомго жетти. Курулуш тармагы өлкөнүн экономикасында маанилүү орунду ээлеп, ИДПдагы үлүшү 3,75 пайыздык пунктту, ал эми жалпы өндүрүштөгү үлүшү 7,6 пайызды түздү.

Мамлекет социалдык объекттердин курулушуна басым жасоодо
Курулуш министрлигинин "Кабар" агенттигине берген маалыматы боюнча, курулуш тармагы өлкөнүн экономикасында урбанизациянын күчөшү, калктын санынын өсүшү жана турак жайга болгон жогорку суроо-талаптын негизинде ыкчам өнүгүүдө. Курулуш иштери өзгөчө Бишкек жана Ош шаарларында активдүү жүрүп жатат.
Муну менен катар, тармактын өнүгүшүндө Россия, Казакстан жана Түштүк Корея өлкөлөрүндө эмгектенген мигранттардын акча которуулары маанилүү роль ойноп, бул каражаттар кыймылсыз мүлккө жана турак жай курулушуна багытталууда.
Калктын санынын өсүшү шартында мектептерди, бала бакчаларды, ооруканаларды, жолдорду жана коомдук жайларды куруу зарылчылыгы келип чыгууда. Алардын ичинен артыкчылыктуу багыт катары агартуу тармагы каралып, 2026-жылы 226 билим берүү объектисин курууга жана капиталдык оңдоого 5,1 млрд сом каралган.
Мындан сырткары, 60 бала бакчанын курулушу жана капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, ага 600 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөн. Ошону менен бирге, өлкөнүн үч чоң шаарында 36 жаңы мектептин жана кошумча окуу корпустарынын курулушу кызуу жүрүүдө (Бишкекте — 20, Ошто — 10, Манаста — 6).

Бүгүнкү күндө 700дөн ашык курулуш жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. 2026-жылдын тизмесине ылайык, республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан 377 социалдык объекттин курулушуна жана капиталдык оңдоп-түзөө жумуштарына 7 млрд сом каралган.
2026-жылдын башынан бери азыркы күнгө чейин төмөндөгүдөй 39 социалдык объект толугу менен бүткөрүлдү:
- 16 объекттин курулушу;
- 21 объекттин капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары;
- 2 таза суу менен камсыздоо объектиси.
Тармактар боюнча алганда:
- 22 мектеп;
- 5 бала бакча;
- 4 саламаттык сактоо объектиси;
- 2 маданият объектиси;
- 1 спорт объектиси;
- 3 башка багыттагы объект;
- 2 таза суу объектиси.
Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин дагы 200дөн ашык объекттин бүткөрүлүшү пландалууда. Ал эми республика боюнча маанилүү объекттердин курулуш иштери да кызуу жүрүүдө.

Талас облусунун аймагындагы "Манас Ордо" жана "Чыңгыз ааламы" комплекстери, "Баластан" көңүл ачуучу борбору сыяктуу ири объекттерде да курулуш иштери уланууда.
Ал эми "Манас" эл аралык аэропортунда" аэровокзал комплексин кеңейтүү жана реконструкциялоо, "Манас-2" терминалын капиталдык оңдоо, күйүүчү май куюу комплексин жана жөө өтмөгү бар көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайды куруу иштери кызуу жүргүзүлүүдө. Ошондой эле "Ош эл аралык аэропортунун" аэровокзал комплексинин жаңы имаратын куруу долбоору колго алынды.
Мындан тышкары, 2026-жылы социалдык мааниге ээ болгон 34 объектти каржылоого Турукташтыруу фондунан 10,43 млрд сом өлчөмүндө каражат каралган. Муну менен катар, Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн 50 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү насыялык каражаттын эсебинен "Мамлекеттик мектептерди куруу" долбоорунун экинчи фазасы ишке ашырылат. Анын алкагында быйыл Бишкек шаарында жана Чүй облусунда заманбап 14 мектептин курулушун баштоо пландалууда.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын салымы
Тармактык өнүгүүгө мамлекеттик инфраструктуралык долбоорлор, ипотекалык насыялоо жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгү чоң өбөлгө түзүүдө.
Бишкек шаарында 2026-жылы Мамлекеттик ипотекалык компания болжол менен 6,3 миң батирди ипотека аркылуу берүүнү пландап жатат. Ал эми 2025-жылы бул программа аркылуу 4,6 миңден ашуун үй-бүлө турак жайлуу болгон. Жалпысынан компания иштеп баштагандан бери 14 миңден ашуун үй-бүлө турак жай менен камсыз кылынды. Үстүбүздөгү жылы өлкө боюнча 10 миңден 20 миңге чейинки үй-бүлөнү үй менен камсыз кылуу максаты коюлууда.
Учурда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 2 млрд АКШ долларын түзөт. Андан сырткары, мамлекет башчысы Садыр Жапаров V Элдик курултайда сөз сүйлөп жатып, облустук деңгээлдеги шаарлардагы курулуш иштери бүткөн соң, 33 кичи шаарда, 44 райондо, андан кийин айылдарга чейин турак жайлар салынарын белгилеген.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын билдирүүсү боюнча, учурда аймактарда төмөндөгүдөй санда батирлер курулууда:
- Бишкек шаарында — 22 миң;
- Чүй облусунда — 22 миң 800;
- Талас облусунда — 814;
- Нарын облусунда — 569;
- Жалал-Абад облусунда — 13 миң;
- Ош облусунда — 7 миң 500;
- Баткен облусунда — 4 миң 116;
- Ысык-Көл облусунда — 9 миң батир.
Туристтик долбоорлор жана эс алуу жайлары
"Ала-Тоо Резорт" — Кыргызстандагы ири туристтик долбоорлордун бири. Долбоор эс алуу жайларын, мейманканаларды, туристтик инфраструктураны жана заманбап сервис объектилерин курууну камтыйт. Ал өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүп, жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.
"Бишкек арена" 51 миң орундук эл аралык деңгээлдеги ири спорттук комплекс. Объект спорттук мелдештерди, концерттерди жана массалык иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташтырылууда. Долбоор спорт инфраструктурасын өнүктүрүп, эл аралык турнирлерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Андан сырткары, өлкөдө санаторий, эс алуу жайлары курулуп, оңдоп-түзөө иштеринен өткөрүлүүдө.

Өлкөдөгү жана борбор калаадагы жолдордун курулушу
Акыркы 5 жыл ичинде өлкөдө 3000 чакырымдан ашык жол салынып, анын ичинен 2400 чакырымдан ашыгы асфальтталган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 20-майына карата өлкө боюнча 243,1 чакырым жолго асфальт басылды. Өткөн жылдын ушул мезгилинде 56,6 чакырым аралыкка гана асфальт төшөлгөн болчу.
Учурда республика боюнча жол куруу жана оңдоо иштери белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүп, тиешелүү техникалар жана курулуш материалдары менен камсыздоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.
2026-жылы республикалык бюджеттин эсебинен төмөнкү унаа жолдорун салуу иштери улантылат:
- Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол;
- Нарын — Баетов;
- Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров;
- Барпы — Сафаровка.
Ошондой эле Түндүк — Түштүк альтернативдүү унаа жолунда кошумча 5 жасалма курулманын курулушу уланууда. Муну менен катар, мамлекеттик маанидеги Барскоон — Бедел жолу, Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолу, ошондой эле артыкчылыктуу багыттар болуп саналган: Лебединовка — ГЭС-5, Бишкек — Кант, Арашан — Чуңкурчак, Бишкек — Күнтуу — Шопоков жолдору боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлөт.

Ошондой эле инвестициялык долбоорлордун алкагында төмөнкү иштер улантылууда:
- “Суусамыр - Талас - Тараз” автожолун реконструкциялоо (IV фаза) - 93 чакырым;
- Корумду - Балбай баатыр тилкеси - 79,3 чакырым;
- Барскоон айылынан Каракол шаарына чейинки тилке - 75 чакырым.
Быйылкы жаңы долбоорлор:
- Профсоюз көчөсү - 8,5 км, жаңы Ош базарына баруучу жол - 8,7 чакырым;
- Чолпон-Ата шаарынын айланма жолу - 15 чакырым;
- Ак-Суу районундагы Боз-Учук - Жыргалаң жолунун 14,5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө;
- “Жыргалаң” тоо-лыжа базасына (“Ала-Тоо Резорт”) альтернативдүү жолду долбоорлоо жана куруу - 8,5 чакырым, ошондой эле технологиялык жолдор;
- Жети-Өгүз - Койсары (Жети-Өгүз курорту) жолунун 15 чакырым бөлүгүн реконструкциялоо;
- Тамдык - Кишемиш - Донон - Булак-Башы (51 чакырым) жолун долбоорлоо жана куруу.
- Токтогул – Беш-Таш жолу 53 чакырым
- Ылай-Талаа – Гүлчө 55 чакырым.

Түндүк, Чыгыш жана Батыш айланма жолдору
Түндүк айланма жолу: (болжол менен 33 чакырым) шаардын батыш жана чыгыш кире бериштерин бириктирип, алты тилкелүү заманбап трасса катары курулууда. Анда жарыктандыруу, тротуарлар, коопсуздук тосмолору жана 13 транспорттук түйүн каралган. Бул жол эл аралык Бишкек–Алматы–Ташкент коридорунун бир бөлүгү болот.
Чыгыш айланма жолу: (16 чакырым) Түндүк айланма жолунун уландысы болуп саналат. Ал жол чырактар аз болгон тез каттам болуп, эки ири эстакада жана 5 транспорттук түйүн менен камсыздалат. Жол борборго кирбей өтүүчү транзиттик агымды түзөт.
Батыш айланма жолу: (26 чакырымдан ашык) азыр пландоо баскычында турат жана 2026–2028-жылдары башталат. Анда көп деңгээлдүү кесилиштер, ири көпүрө жана 7 транспорттук түйүн курулуп, шаардын түштүк-батышындагы тыгындарды азайтууга багытталат.

Курулуштун өсүшү экономиканын туура багытта өнүгүшү
Экономист-эксперт Эркин Абдразаков "Кабар" агенттигине билдиргендей, курулуш тармагынын өсүшү өлкө экономикасынын туура багытта өнүгүп жатканынан кабар берет.
Анын айтымында, экономиканын жанданышы биринчи кезекте дал ушул курулуш тармагынан байкалат. Соңку 30 жылда болбогон масштабдуу курулуштар акыркы беш жыл ичинде жогорку темп менен жүргүзүлө баштады.
"Өлкөдө экономикалык өсүш болгондо курулуш тармагы да жанданат. Тапкан каражаттарды курулушка багыттоо дүйнөлүк практикада кеңири колдонулат. Бүгүн Кыргызстанда мамлекет тарабынан да, жеке сектор тарабынан да ири курулуштар жүрүп жатат. Социалдык объекттер, базарлар, стадиондор жана ипотекалык турак жайлар курулууда. Ошол эле учурда курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бөлүп, ата мекендик курулуш материалдарын көбүрөк колдонуу зарыл", — деди эксперт.