Дыйкандарга сууну үнөмдөөчү технологиялар үчүн 2% менен насыя берилет

Экономика 27 августа 2026 12:55
WhatsApp Image 2026-08-27 at 12.32.44.jpeg
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда дыйкан-фермерлерге сууну үнөмдөөчү сугат технологияларын киргизүү үчүн 2% менен насыя берүү программасы ишке ашырылууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Мамлекеттик финансылык холдинг биргелешип ишке ашырылып жаткан долбоорго 200 млн сом каралган.

"Насыя тамчылатып сугаруу системасын орнотууга, заманбап сугат технологияларын киргизүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн көбөйтүүгө багытталат. Насыянын мөөнөтү 7 жылга чейин, жеңилдетилген мөөнөтү 1 жылга чейин каралган", - деп айтылат маалыматта.

Программага белгиленген талаптарга жооп берген дыйкан-фермерлер, жеке жана юридикалык жактар катыша алат.

Белгиленгендей, учурда арыздарды кабыл алуу уланууда. Насыянын шарттары тууралуу толук маалыматты райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынан алууга болот.