Чүйдө күнүнө 180 миң жумуртка чыгарган тоок ферма ачылды

Экономика Загрузка... 22 Июнь 2026 12:45
bb35536002c32c211b7c5cd33202681c.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Ысык-Ата районундагы Новопавловка айылында ири тоок ферма ачылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул долбоор мамлекеттин, жеке ишкерлердин жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ийгиликтүү өнөктөштүгүнүн аркасында ишке ашты.

"Ишкана толук кубаттуулукта иштегенде өлкөнүн жумурткага болгон ички керектөөсүнүн дароо 16,5 пайызын камсыздай алат. Бул импортко болгон көз карандылыкты кескин азайтат. Бүгүнкү күндө сырттан импорттолгон жумуртканын көлөмү иш жүзүндө нөлгө түштү, бул Кыргызстандын аталган продукция менен атамекендик өндүрүүчүлөрдүн эсебинен толук өзүн-өзү камсыздоо деңгээлине жеткендигин айгинелейт. Ферманын ачылышы менен жергиликтүү калк үчүн туруктуу иш орундары түзүлдү. Анда акыркы үлгүдөгү агротехнологиялар киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, тоок фермада суткасына 180 миң жумуртка өндүрүлөт. Долбоордо 4 өндүрүштүк цехти ишке киргизүү, ар бир цехте 50 миңден тоок, ал эми жалпы канаттуулардын санын 200 миңге жеткирүү каралган.