Акыркы беш жыл Кыргызстандын экономикасы үчүн чечүүчү жылдардан болду. Бул убакыт аралыгында Ички дүң продукциянын көлөмү 800 млрд сомдон 1 триллион 976,4 миллиардга жетти. Экономиканын өсүү ыргагы боюнча дүйнөнүн алдыңкы үч өлкөсүнүн бири болду. Ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык долбоорлор чөлкөмдүн эл аралык экономикалык күн тартибин өзгөртүү алдында турат. Эксперттер экономикабыздагы жандануулар өлкө бийлиги жүргүзүп жаткан бирдиктүү саясаттын жыйынтыгы экенин белгилешүүдө. Алдыда экономиканы ушул дем менен улантып өнүктүрүү милдети турат.
Кыргызстандын экономикасы кирешелүү деңгээлди акыркы беш жылдан бери көрсөтүп келе жатат. 2010-2020-жылдар аралыгында ИДПнын өсүү ыргагы 3,5-5% болуп, жалпы көлөм 600 млрд сомдун тегерегинде эле. Эксперттер экономикалык саясаттын алсыздыгын, жалпы башкаруунун натыйжасыздыгын байма-бай белгилеп келишкени маалым. 2021-жылы президент Садыр Жапаров бийликке келгенден баштап экономиканы өнүктүрүү боюнча чечкиндүү кадамдар жасала баштады. Аракет текке кеткен жок.
Беш жыл ичинде ИДП 3 эсе көбөйүп, Кыргызстан экономиканын өсүү ыргагы боюнча дүйнөнүн алдыңкы үч өлкөсүнүн бири болду.

Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык алдыдагы төрт жыл ичинде ИДПнын көлөмү 30 млрд долларга жетип, экономиканын жылдык өсүшү 8%дан кем эмес деңгээлде кармалышы керек. Доллар менен алганда 2025-жылды Кыргызстан 22 миллиарддык ИДП менен жаап, киши башына көрсөткүч 3 миң доллардан ашты. Эми бул сумманы 2030-жылга чейин 4-4,5 миң долларга жеткирүү пландалууда.

Экономикалык өсүшкө алып келген тармактардын башына акыркы жылдары курулуш, өндүрүш жана айыл чарбасы чыкты. ИДПнын дээрлик 51% айыл чарба, өнөр жай, курулуш, соода, мейманканалар жана ресторандар, транспорт жана байланыш түздү.
ИДПнын өсүүсү өз кезегинде мамлекеттик бюджеттин көбөйүүсүн жана 50 млрд сомдон ашык профицитти шарттады. Буга чейин бюджеттеги акчанын жарымына жакыны социалдык кем-карчты жабууга жумшалып, каражаттын дайыны чыкпай келсе, акыркы жылдары өнүктүрүү үчүн колдонууга мүмкүнчүлүк ачылды. Казынага түшкөн каражатка ири долбоорлор, жолдор, ипотекалык үйлөр курулууда.
Чет элдик инвестициялардын экономикага салымы
Түз инвестициялардын агымы 2025-жылы 1 млрд 310 млн долларды түзгөн. Бул көрсөткүч 2024-жылы 1 млрд доллар чегинде болчу. Инвестициялардын 80 пайызы транспорт, соода, энергетика, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык объекттердин, ошондой эле турак жай курулушуна багытталган.
Эл аралык жана жергиликтүү аналитиктер Кыргызстанга салынган инвестициялар учурда жигердүү иштеп жаткандыктан, 2026-жылдын жыйынтыгында ИДПнын өсүшү 10%дан жогору болорун божомолдошууда.

Иш жүзүндө беш жыл ичинде президент Садыр Жапаровдун бийлиги Кыргызстанды саясий жактан туруктуу жана инвесторлор үчүн жагымдуу өлкөгө айландыра алды. Инвесторлор үчүн саясий туруктуулук, мыйзамдын иштөөсү, мамлекеттик колдоо жана кепилдиктер маанилүү.
Беш жылдыктын экономикалык көрсөткүчтөрү жөн гана статистика эмес, комплекстүү жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик бирдиктүү саясаттын жемиши. Экономикадагы өсүштү жасалып жаткан иштерден эле көрсө болот. Мындай пикири менен экономика илимдеринин доктору, профессор Ялкун Даутов бөлүштү.

“Чындыгында акыркы беш жыл ичинде экономикабызда бир катар тарыхый окуялар орун алды. Канчалаган ишканалар ачылып, инвестициялар тартылды. Экономиканын өскөнүн далилдеген биринчи көрсөткүч - дарыгер, мугалим, социалдык жана бюджеттик тармактын кызматкерлеринин маяналарынын көбөйгөнү. Мугалимдер 2020-жылга чейин 15-20 миң сом айлык алса, азыр ал 60-80 миң сомго жетти. Кээ бир тармактардыкы 3-4 эсе көтөрүлдү. Экинчиден, менин жеке оюм боюнча президент Садыр Жапаровдун экономикалык саясатынын туура нукта бара жатканы. Ишкерлерге, инвесторлорго колдоо көрсөтүлүп, шарттар түзүлдү.
Ошондой эле жергиликтүү башкаруу органдары аймактарга инвестиция тартууга, бизнеске шарт түзүүгө милдеттендирилди. Чиновник, аким, мэрлер мурункудай борбордук аппараттан буйрук күтпөй өздөрү эле эки жакка чыгып, инвестиция тартып, ата мекендик инвестициялык долбоорлорду аларга сунуштап, иштеп жатышат. Мындай бирдиктүү саясат өз жыйынтыктарын берүүдө.
Андан тышкары бизге башка мамлекеттер арасында ишеним пайда болду. ИДПнын өсүүсү боюнча 10%дан кем эмес көрсөткүч менен акыркы 3 жыл ичинде биринчи орунга чыктык. Бул жөн гана статистика эмес. Дүйнөлүк банк, донорлор, эл аралык көзөмөл институттар бизге ушундай баа беришүүдө. Саясий туруктуулуктун сакталганы да упай кошууда. Учурдагы экономикалык жетишкендиктер – өлкөдө туура жүргүзүлуп жаткан бирдиктүү саясат”, - деди экономика илимдеринин доктору, профессор Ялкун Даутов.
Алдыда экономиканын өсүү ыргагын эл аралык геосаясий абал, дүйнөлүк инфляция сымал тышкы тобокелдиктерди эске алуу менен сактап, өнүктүрүү милдети турат. “Эл-келечек” экономикалык изилдөө фондунун жетекчиси, макроэкономист Улукман Мамытов кыргыз экономикасынын акыркы жылдардагы көрсөткүчтөрү жагымдуу экенин белгилөө менен бирге көңүл бура турган жагдайлар бар экенин кошумчалады.

“Акыркы жылдары Кыргызстандын экономикасы буга чейин болуп көрбөгөндөй өсүү ыргагын көрсөтүп жатат. Башка мамлекеттерге салыштырмалуу көрсөткүч 10%дан жогору болууда. Бул чындыгында жакшы жетишкендик, муну да көрө билүү керек.
Мен алдыда ушул темпти сактап өнүгүү жана экономикага кошумча кирешелерди алып келе турган жагдайларга көңүл бургум келет. Макроэкономист катары айтсам, экономисттер дүйнөдө инфляция маселелери күтүлүп жатканын айтышууда. Биз да ага даяр турушубуз керек. Атап айтканда, дүйнө банктары алтындарын сатпай, топтоп жатышат. Инфляция чоңойгон сайын алтындын баасы да кымбаттайт. Биз да бул багытта чараларды кабыл алышыбыз керек.
Мындан сырткары, учурда өндүрүш тармагы жолго коюлуп бара жатат. Эми өндүрүлгөн товарларды сатуу, чоң рынокторго жеткирүү милдети турат. Бул ошол эле логистика иштери. Ал эми жалпысынан экономикабыз жакшы жетишкендиктерди көрсөтүүдө. Жогоруда белгиленген жагдайларды жөнгө салуу тышкы факторлорго туруктуулукту бекемдеп, тобокелдиктерди азайтат”, - деди “Эл келечек” экономикалык изилдөө фондунун жетекчиси, экономист Улукман Мамытов.