Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Быйылкы жылы жалпы кубаттуулугу 81,03 МВт болгон 13 чакан ГЭСти ишке берүү пландалса, бүгүнкү күндө алардын үчөө ишке киргизилди. Бул тууралуу “Ачык кабинет” медиадолбоорунун алкагында ГЭС-3төгү №1 гидроагрегатта жүрүп жаткан капиталдык оңдоо иштери менен таанышуу учурунда белгилүү болду.
Ишке берилген станциялардын катарында Сокулук-3, Туюк жана Кайнама-2 ГЭСтери бар.
Кыргызстанда чакан гидроэлектростанцияларды куруу жана ишке киргизүү иштери акыркы жылдары абдан активдүү жүрүүдө. 2021–2025-жылдар аралыгында республика боюнча жалпы 27 чакан ГЭС ишке берилип, алардын жалпы кубаттуулугу 109,75 МВтты түздү. Бул көрсөткүч жыл сайын өсүп, айрыкча 2024–2025-жылдары кубаттуулуктун кескин көбөйгөнү байкалат.
Мындан тышкары, 2027–2030-жылдар аралыгында дагы 37 чакан ГЭСти куруу мерчемделүүдө.
Бул долбоорлор толук ишке ашса, кошумча 357 МВт электр энергиясынын кубаттуулугу пайда болот:
- 2027-жылы — 18 станция;
- 2028-жылы — 10 станция;
- 2029-жылы — 6 станция;
- 2030-жылы — 3 станция.
Белгиленгендей, чакан ГЭСтерди өнүктүрүү өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого, электр энергиясынын тартыштыгын азайтууга жана аймактарды туруктуу электр менен камсыз кылууга чоң салым кошот.