Бишкекте "SCO Business & Industry Expo Kyrgyzstan 2026" эл аралык көргөзмөсү өтүүдө

Экономика Загрузка... 25 Июнь 2026 12:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Соода-өнөр жай палатасы

Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмундагы (ШКУ) төрагалыгынын алкагында "SCO Business & Industry Expo Kyrgyzstan 2026" эл аралык көргөзмөсү өтүп жатат.

Көргөзмөнү ШКУнун Ишкердик кеңешинде төрагалык кылуучу тарап катары Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы уюштурду.

Ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров, Соода-өнөр жай палатасынын президенти - ШКУнун Ишкердик кеңешисынын төрагасы Темир Сариев, ШКУнун Ишкердик кеңешинин улуттук бөлүктөрүнүн жетекчилери, мамлекеттик органдардын, дипломатиялык корпустун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана ШКУга мүчө мамлекеттердин ишкер чөйрөлөрү катышты.

Көргөзмөгө Кыргызстан, Кытай, Россия, Өзбекстан, Иран жана Шанхай кызматташтык уюмунун башка мамлекеттеринен 47 алдыңкы компания өз экспозицияларын койду. Катышуучулар өнөр жай, энергетика, курулуш, агроөнөр жай комплекси, текстиль тармагы, маалыматтык технологиялар, логистика, банк сектору жана экономиканын башка тармактарындагы жетишкендиктерин көрсөтүштү.

Көргөзмөнү ачып жатып палатанын президенти Темир Сариев "SCO Business & Industry Expo Kyrgyzstan 2026" көргөзмөсү Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуусунун алкагында ишке ашырылган масштабдуу ишкердик программасынын жыйынтыктоочу иш-чарасы экенин белгиледи. Муну менен бирге ал форумдун жана көргөзмөнүн аякташы - бул иштин бүтүшү эмес, жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруунун башталышы экенин белгиледи.

"Соода-өнөр жай палатасы бизнес кызыкчылыктарынын өкүлү катары ишкерлердин бардык идеяларын, сунуштарын жана демилгелерин Кыргызстандын министрлер кабинетине жеткирет. Биздин миссиябыз так ушунда. Бүгүнкү күндө бизнес менен мамлекет бир багытта иштеп жатат, бул, сыягы, биздин төрагалыгыбыздын негизги жетишкендиги болду", - деди Сариев.

Ошондой эле ал бүгүн Кыргызстан Евразиянын негизги транспорттук-логистикалык жана ишкердик борборлорунун бирине айланып баратканын кошумчалады. Анын айтымында, өлкө Чыгыш менен Батышты, Түндүк менен Түштүктү байланыштырган заманбап транспорттук инфраструктураны калыптандырууга жигердүү катышууда, бул эл аралык соода, инвестиция жана өнөр жай кооперациясы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Өз сөзүндө минкаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүштү көрсөтүп жатканын, ал эми дээрлик бардык мамлекеттик программалар каржылык ресурстар менен толук камсыз болгонун белгиледи. Субсидиялоо механизмдери жана биргелешкен инвестициялык фонддор ишкерлерге олуттуу колдоо көрсөтүүдө.

"SCO Business & Industry Expo Kyrgyzstan 2026" көргөзмөсү ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, инновациялык долбоорлорду тааныштыруу, жаңы өнөктөштөрдү издөө жана келечектүү келишимдерди түзүү аянтчасына айланды. Ал ШКУ мамлекеттеринин экономикалык өз ара аракеттенүүсүнүн жогорку деңгээлин жана бизнестин биргелешкен инвестициялык, өнөр жайлык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин көрсөттү.