Бишкекте кыргыз-беларусь бизнес форуму өтүүдө

Экономика Загрузка... 05 Июнь 2026 10:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Бүгүн, 5-июнда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кыргыз-беларусь бизнес форуму өтүүдө.

Иш-чара Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулган.

Бизнес форум Беларустун премьер-министри Александр Турчиндин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында өткөрүлүп жатат.

Беларусь делегациясынын курамында Соода-өнөр жай палатасынын, экономиканын ар кандай тармактарын чагылдырган 40ка жакын ири беларусь компанияларынын өкүлдөрү бар.

Форум кыргыз-беларусь соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоо, кооперативдик байланыштарды кеңейтүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн маанилүү аянтча болот.