Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Кыргызстан эл аралык ишкердик кызматташтыктын аянтчасы катары өз позициясын бекемдөөдө. Алсак, үстүбүздөгү жылдын 15–17-октябрында Бишкек шаарындагы "Жаштык Арена" комплексинде KYRGYZSTAN EXPO – 2026 жана EXPO EURASIA KYRGYZSTAN – 2026 эки эл аралык көргөзмө бир убакта өткөрүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Авазбек Керимбаев билдирди.
Анын айтымында, бул иш-чара өлкөдөгү көргөзмө ишмердигин өнүктүрүүнүн жаңы этабын баштап, бир аянтчада ата мекендик өндүрүүчүлөр, ири чет өлкөлүк ишканалардын өкүлдөрү, мамлекеттик органдар, тармактык бирикмелер жана эл аралык бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү чогулат.
“Соода-өнөр жай палатасы жыл сайын KYRGYZSTAN EXPO көргөзмөсүн өткөрүп келет. Бул иш-чарага көптөгөн өлкөлөрдөн коноктор чакырылып, Кыргызстандын өндүрүүчүлөрүнүн продукцияларын башкаларга көрсөтүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул жолу Россиянын “ZARUBEZH-EXPO” акционердик коомунан көргөзмөлөрдү биргелешип өткөрүү боюнча сунуш түштү. Россия Кыргызстан үчүн эң ири соода жана экономикалык өнөктөш болгондуктан, бул сунуш кабыл алынып, иш-чараны биргеликте уюштуруудабыз.
Бул көргөзмөгө Россиядан 100дөн ашуун компания келип, өз товарларын көргөзмөдө тартуулашат. Өз кезегинде Кыргызстандын өндүрүүчүлөрү дагы ички рынокко жана экспортко багытталган продукцияларын көргөзмөгө чыгарышат”,- деди Керимбаев.
Маалымдалгандай, KYRGYZSTAN EXPO – 2026 көргөзмөсүнүн уюштуруучусу Соода-өнөр жай палатасы болуп саналат. Көргөзмөгө Кыргызстан, Россия, Кытай, Түркия, Өзбекстан, Пакистан жана Афганистандын компаниялары жана ишкер өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Катышуучулардын арасында өнөр жай, энергетика, тоо-кен, курулуш, агрардык, транспорттук-логистикалык, медициналык жана технологиялык секторлордун ишканалары бар.
Белгилей кетсек, көргөзмөнүн алкагында ишкердик программанын маанилүү учурларынын бири катары Соода-өнөр жай палатасы менен “ZARUBEZH-EXPO” акционердик коомунун ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу пландалууда. Документ биргелешкен көргөзмө-жарманке ишмердигин өнүктүрүүгө, эл аралык көргөзмөлөрдү жана ишкердик иш-чараларды уюштурууга, ошондой эле кыргызстандык ишканалардын чет өлкөлөрдө өткөрүлүүчү көргөзмө долбоорлоруна катышуусун кеңейтүүгө багытталат.