Бишкекте ишкердикти өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү талкууланууда

Экономика 22 сентябрь 2026 10:05
WhatsApp Image 2026-09-22 at 09.58.51 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-22 at 09.58.51 (4).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-22 at 09.58.51 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-22 at 09.58.51 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-22 at 09.58.51.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-22 at 09.58.51 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-22 at 09.58.51 (4).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-22 at 09.58.51 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-22 at 09.58.51 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-22 at 09.58.51.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 22.09.26 /Кабар/. Бишкек шаарында Ишкерлер күнүнө карата “Кыргызстандын ишкердик потенциалы: мамлекеттик колдоо жана өсүү чекиттери” аттуу илимий-практикалык конференция башталды.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, жогорку окуу жайлардыгн өкүлдөрү, эксперттер жана ишкерлер катышууда.

Конференцияны ачкан Стратегиялык демилгелер институтунун директору Адилбек Шумкарбек уулу чакан жана орто бизнес өлкөнүн ички дүң продукциясынын дээрлик жарымын түзөрүн белгиледи.

“Кыргызстан бүгүн рыноктук шартта жашап жатат. Өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизин түзүп жаткан тармактардын бири — ишкерлик. Бүгүн чакан жана орто бизнес өлкөнүн ИДПсынын дээрлик жарымын түзөт. Бул өндүрүлгөн товарлардын жана көрсөтүлгөн кызматтардын олуттуу бөлүгү чакан жана орто бизнестин эсебинен түзүлүп жатканын билдирет”, — деди ал.

Анын айтымында, конференцияда чакан жана орто бизнестин ИДПны түзүүдөгү сапаттык көрсөткүчтөрүн, аймактардагы статистикалык маалыматтардын жетиштүүлүгүн жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу маселелерин талкуулоо маанилүү.

“Акыркы 4-5 жылда экономикабыз жакшы темп менен өсүп жатат. Бирок бул өсүш көбүнчө экстенсивдүү факторлордун, анын ичинде мамлекеттик каржылык ресурстардын айрым тармактарга багытталышынын эсебинен камсыздалууда. Бизди туруктуу экономикалык өсүштү интенсивдүү факторлордун эсебинен камсыз кылуу кызыктырат. Бул жерде эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу негизги багыттардын бири”, — деди Адилбек Шумкарбек уулу.

Ал ошондой эле конференцияга мамлекеттик органдардан тышкары бизнес өкүлдөрү жана эксперттер чакырылганын айтып, алардын тажрыйбасын жана сунуштарын угуу маанилүү экенин белгиледи.

Конференциянын соңунда ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган сунуштар жана тыянактар камтылган резолюция кабыл алынат.