Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. 2026-жылдын январь-сентябрь айларында Баткен облусунан мамлекеттик бюджетке 2 млрд 982 млн 106,6 миң сом салык түшкөн. Бул тууралуу облустун 9 айдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарган жыйында белгилүү болду.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, белгиленген план 108 пайызга аткарылды.
"Анын ичинде республикалык бюджетке 1 млрд 579 млн 197,8 миң сом түшүп, план 112,2%га, жергиликтүү бюджетке 1 млрд 402 млн 908,9 миң сом түшүп, план 103,7%га аткарылды", - деп айтылат маалыматта.