Айыл чарба министрлигинде 722,9 млн сомдук мыйзам бузуулар аныкталды

Экономика Жүктөлүүдө... 23 Июль 2026 17:15
somy.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Эсептөө палатасы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгында 722 млн 908,6 миң сомдук финансылык бузуулар жана кемчиликтерди аныктады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө бюджетке кайтарылууга тийиш болгон 614,8 млн сомдун ичинен 560 млн 22,3 миң сому жана 3,8 миң доллар кайра өндүрүлгөн.

WhatsApp Image 2026-07-23 at 13.13.34.jpeg
"Аудитте негизги мыйзам бузуулар бюджетке түшүүчү каражаттардын өз убагында которулбаганына байланыштуу болгон. Тактап айтканда, акы төлөнүүчү кызматтардан жана мүлктү пайдалануудан түшкөн каражаттар, милдеттүү төлөмдөр жана айып пулдар боюнча кемчиликтер аныкталган", - деп айтылат маалыматта.
WhatsApp Image 2026-07-23 at 13.13.34 (1)

Ошондой эле эмгек акы жана башка төлөмдөр боюнча 47,8 млн сом, товардык-материалдык баалуулуктар боюнча 7,7 млн сом ашыкча чыгымдалганы, бухгалтердик эсеп жана башка финансылык тартипке байланыштуу бир катар мыйзам бузуулар бар экени аныкталган.

Эсептөө палатасы аудиттин жыйынтыгы боюнча министрликке аныкталган кемчиликтерди жоюу, калган каражаттарды бюджетке кайтаруу жана ички финансылык көзөмөлдү күчөтүү боюнча сунуштамаларды берди.