Кыргызстанда туризм жанданууда: Статком акыркы көрсөткүчтөрдү жарыялады

Экономика Загрузка... 21 Май 2026 10:05
01686135-dde0-4596-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 21.05.26. /Кабар/. Кыргызстанда туристтердин агымынын жана эс алуучулар үчүн инфратүзүмдүн олуттуу өсүшү байкалууда.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, бул жылы өлкөгө 5,31 млн адам келген, бул 2024-жылга салыштырмалуу 45,2%га көп, ал убакта туристтердин саны 3,66 млн адамды түзгөн.

Өсүш туризмдин уюшулган жана уюшулбаган секторлорунун тең эсебинен камсыз болду. Мейманканаларда, пансионаттарда, санаторийлерде жана турфирмаларда 3,57 млн адам эс алган, бул бир жыл мурункуга караганда 50,3%га көп.

Ал эми уюшулбаган сектордо, конок үйлөрүндө, жергиликтүү тургундардан турак жайды ижарага алгандар арасында жана жеке сектордо 1,73 млн турист эс алып, өсүш 36,2%ды түздү.

Өлкөнүн негизги туристтик борборлорунун бири болгон Ысык-Көл облусунда эс алуучулардын саны 32,1%га өсүп, 1,99 миллиондон 2,63 млн адамга жетти.

Ошол эле учурда туристтик инфратүзүм да кеңейүүдө. 2025-жылы Кыргызстанда 842 эс алуу жана туризм уюму катталган, бул 2024-жылга салыштырмалуу 9,8%га көп.

Ысык-Көл облусунда конок үйлөрүнүн саны 2 013төн 2 316га чейин өстү, ал эми туристтерди кабыл алган үй чарбаларынын саны 4 866дан 6 330га чейин көбөйдү. Бул жергиликтүү тургундардын туризм чөйрөсүндөгү жигердүүлүгү жогорулаганынан кабар берет.