Коом

Май 2012
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
04/02 18:38
 

Чүй облусунан Бишкек ЖЭЦине 700 тоннадан ашык уулуу көмүр кайра жеткириле баштады

Чүй облусунан Бишкек ЖЭЦине 700 тоннадан ашык уулуу көмүр кайра жеткириле баштады

Бишкек, 4-февраль. /Эмилбек Момунов-Кабар/. Бүгүн, 4-февралда Чүй облусунун Чүй районундагы Онбир-Жылга айыл округундагы Керимбаев атындагы орто мектептен 30 тонна 50 кг. уулуу көмүр КАМАЗ автомашиналарына жүктөлүп Бишкек ЖЭЦине жеткириле баштады. КР вице-премьер-министри Гүлнара Асымбекова бул иштин кандай өткөрүлүп жаткандыгына өзү күбө болду. Бүгүнкү күнгө карата 15-16 тонна көмүрдү ташуу пландаштырылууда. КР ӨКМ министри бул тапшырманы мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө бүткөрүүгө болгон аракетин жумшоодо. Баардыгы аба ырайына байланыштуу болууда. Мындай маалыматты КР ӨКМ маалымат кызматынан билдиришти.
КР ӨКМ министри Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен “ЛОИ” ЖЧКдан 2 КАМАЗ жана жүктөгүч, бир дезинфекциялык текшерүүчү ДДА жана АРСГ- 2 аппараттары жана ӨКМ куткаруучуларынын бир КАМАЗ автомашинасы тартылган.
Ошондой эле техникаларды жууй турган пункт, көмүрдү ташууда иштеген кызматкерлерди текшерүү, атайын коргонуучу кийимдер менен камсыздоо иштери жасалган. Ар бир жүк ташуудан кийин транспорт менен адамдар текшерилет. Атайын лабораториянын текшерүүсүнөн кийин гана алар кийинки жумушту жасоого жөнөтүлөт. Бир машинаны даярдоо 5-6 саат убакытты талап кылат.
Радиоактивдүү көмүр негизинен мектептерге жеткирилген. 2011-жылдын 25-октябрынан тартып уулу көмүрдү пайдалануу токтотулган. Анда жылытуу мезгили баштала элек болчу. Чыгарылып кеткен уулуу көмүр Бишкек ЖЭЦинин атайын кампасына жеткирилет.
Чүй облусунда 16 мектепке жалпысынан 710 тонна радиоактивдүү көмүр жеткирилген.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу