АКШ Мамкатчысынын Жардамчысы Роберт Блейк экс-президент Роза Отунбаевага ыраазычылык билдирди
Бишкек,2-декабрь /Кабар/.1-декабрда Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева АКШ Мамлекеттик катчысынын Жардамчысы Роберт Блейк менен жолугушту.
Роберт Блейк Роза Отунбаеваны Президенттин инаугурациясы ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктады. «Сизди ушул чоң тарыхый окуя менен куттуктайм. Сиз ачык-айкын шайлоо жолу менен бийликти тынч өткөрүп берүү салтын калыптандырып, ушул кадамыңыз менен жалпы дүйнөлүк коомчулуктун ишенимине ээ болуп жатасыз»,-деди Мамкатчынын жардамчысы.
Экс-президент өлкө өз өнүгүүсүндөгү элдин талабын жана каалоолорун канааттандыруу кыйын болгон татаал мезгилди башынан кечиргендигин айтты. Экс-президенттин пикири боюнча, алдыда аткарыла турган милдеттер арбын жана, биринчи кезекте, экономикалык маселелерди чечүү зарыл. «Биз жаңы өндүрүштү түзүүнүн негизинде жарандарыбызды иш менен камсыздообуз керек», - деди Р.Отунбаева.
Р.Отунбаеванын сөзүнө караганда, укук коргоо органдарын жана сот системасын реформалоо, коррупция жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү маселелери жаңы жетекчиликтин күн тартибинде калууда.
Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы
















