Жээнбеков: Кыргыз киносунун кереметин Чокморовдун тагдырынан бөлүп кароого болбойт

Президент 0

Бишкек, 15.11.19. /Кабар/. »Кыргыз киносунун кереметин, кыргыз сүрөт өнөрүнүн ийгиликтерин Сүймөнкул Чокморовдун тагдырынан бөлүп кароого болбойт», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-ноябрда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан залкар сүрөткер Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарада.

Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилет:

»Урматтуу мекендештерим!

Турмушта жашоосу кыска болсо да, элдин эсиндеги өмүрү узун, мекен үчүн өтө чоң, бир адамдын өмүрүнө сыйбай турган эмгек өтөгөн инсандар унутулбайт.

Бүгүн биз 80 жылдык мааракесин белгилеп жаткан улуу сүрөткер, орошон таланттын ээси, калкыбыздын сыймыгы Сүймөнкул Чокморов ошондой адам эле.

Журтубуздан мындай залкар таланттын чыкканы бизге сыймык тартуулайт, анын өмүр жолу, кылган эмгеги элибиздин тарыхында урмат-сый менен, өзгөчө бийик орунду ээлеп калат.

Албетте, кыргыз киносунун кереметин, кыргыз сүрөт өнөрүнүн ийгиликтерин Сүймөнкул Чокморовдун тагдырынан бөлүп кароого болбойт.

Аны менен катар, Сүймөнкул агабыздын анча айтылбай келген инсандык асыл касиеттерин бүгүнкү эскерүү күнү өзгөчө белгилеп кетүү орундуу болот деп ойлойм.

Сүймөнкул Чокморов — чыныгы адамдык асыл сапаттарга, терең акылга, күчтүү эркке, жигиттик кайратка ширелген — өзгөчө инсандын үлгүсүн көрсөттү.

Ички дүйнөнүн тазалыгын, абийир менен намысты баарынан бийик тутуп жүрүп өттү.

Ал улуулук менен жөнөкөйлүктүн, атак-даңк менен нукуралыктын, залкарлык менен кичи пейилдиктин гармониясын сактап жашады.

Эң жогорку максаттарды, күнүмдүк эмес, түбөлүк баалуулуктарды карманды. Көкүрөгүндө жогорку маданиятты, терең рухту алып жүрдү.

Анын кинодогу ийгиликтеринин, тарткан сүрөттөрүндөгү табылгаларынын сыры кенен дүйнөсүндө, бийик асыл сапаттарында турат деп ойлойм.

Урматтуу замандаштар!

Сүймөнкул агабыз өтө сейрек кездешчү тагдырга туш болду. Ага Жараткан Кудай талантты кош колдоп берип койгон экен.

Ал чыгармачылыктын ааламына сүрөт өнөрү менен кирди, өзүнүн даңазалуу турмуш жолун сүрөтчүлүктөн баштаган.

Ошентсе да, анын ааламга кеткен атак-даңкы кино өнөрү менен байланыштуу болду.

Киноактерлук таланты менен өзүн гана эмес, жалпы кыргыз элин дүйнөгө дагы бир ирет таанытты, таң калтырды, суктантты.

Чокморов жалпы журтубузга сыймык тартуулаган эмгектерди жаратты.

Сүймөнкул агабыз катышкан кинофильмдер — элибиздин кары-жашына, улуу-кичүүсүнө карабай, бардык көрүүчүлөргө жаккан, сүйүктүү чыгармаларга айланды.

»Караш-караш окуясы», «Жамийла», «Өзгөчө кырдаалдагы комиссар», «Уркуя», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Жетинчи ок», «Мен Тянь-Шань», «Көк серек», «Дерсу Узала», Кызыл алма», «Эрте келген турналар», «Бөрү зындан» сыяктуу фильмдер — кыргыз киносунун кереметин, анын алтын доорун түзгөн кинокартиналар болуп калды.

Тартылган фильмдеринде мыкты образ гана жаратпастан, элибиздин чыныгы улуттук жүзүн, улуттук мүнөзүн, улуттук айкөлдүгү менен каармандыгын көрсөттү.

»Кыргыз өңү — Чокморовдун өңүндөй» болуп дүйнөгө тарады, ал кыргыздын руханий символуна айланды, элибиздин нукура сүймөнчүгү болду.

Сүймөнкул менен мекендеш болгонуна ар бир кыргыз сыймыктанды.

Ага Кыргыз Эл сүрөтчүсү, Кыргыз Эл артисти, СССРдин Эл артисти, СССР сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү деген наамдар ыйгарылды.

Эл ишенимине ээ болуп, эки жолу элдин өкүлү — Кыргыз Эл депутаты болуп шайланды.

Чокморовдун эмгектери Кыргызстандын гана эмес, дүйнө көрүүчүлөрүнүн купулуна толуп, «Эркектин ролун эң мыкты аткарганы үчүн» деген сыйлыкты эл аралык аренада 5 жолу жеңип алган жалгыз актер болду.

Анын талантын Акиро Куросава менен катар, россиялык, япониялык, европалык, америкалык киноишмерлер абдан жогору баалаганын билесиздер.

Ошентсе да, эң жогорку бааны — өзүнүн улуу замандашы, пикирлеши Чыңгыз Айтматовдун «Сүймөнкулдун кош канат таланты — сүрөтчүлүгү менен киноактёрлугу жалаң гана кыргыз искусствосуна эмес, жалпы дүйнөлүк маданиятка таандык» деген сөздөрүнөн тапсак болот.

Сүймөнкул агабыздын кыргыз маданиятына кошкон салымы кино искусствосу менен гана чектелбейт.

Ал таланттуу сүрөтчү, кыл калемдин мастери катары да мыкты эмгектерди жаратты.

Анын негизги кесиби — сүрөтчүлүк өнөрү, Чокморовдун өмүрүндө өзгөчө орунду ээлейт.

Бул өнөрүн дүйнөгө таанымал болуп, зоболосу бийик болуп турганда да, жаны ооруп, өлүм алдында турганда да таштаган жок.

Өмүрүнүн акырына чейин карманды, кийинки муунга айтаар сөзүн, негизинен, сүрөтчүлүк өнөрү аркылуу айтып кетти.

Сүймөнкул агабыз жөнүндө кеп кылганда, жөн гана анын турмуш фактыларын белгилеп, жашоосундагы окуяларын эскерип кетүү жетишсиз.

Сүймөнкул Чокморовдун элесин сыйлаган адам — анын ички ааламына баш бакса гана, анын улуулугун, залкарлыгын байкайт.

Мен жакында Улуттук көркөм сүрөт музейибизге атайын барып, агабыздын көргөзмөсүн көрүп келдим.

Тарткан сүрөттөрүн карап олтуруп, анын жан дүйнөсүнүн тереңдигине, дүйнө таанымынын кенендигине, көз карашынын курчтугуна ынандым.

Сүрөтчүлүк талантын төгүп, кыл калеми менен жараткан дүйнөсү — кыргыз жеринин сулуулугун, кыргыз элинин, залкар инсандарыбыздын улуулугун даңазалап турат.

Сүймөнкүл агабыздын сүрөттөрүндө — анын элибизди, жерибизди, көлүбүздү, тоолорубузду, талааларыбызды — ушунчалык сүйгөнү көрүнүп турат.

Сүймөнкул агабыздын чыгармалары бардык кыргыз баласынын жүрөгүнө жакын.

Анткени ар бир көрүүчү сүрөттөрдөн өзүнүн айылын, ошол жердин аксакалдарын, энелерин, жаштарын көргөндөй болот.

Анын сүрөттөрүндө камтылган элет жеринин табияты, айылдыктардын жашоо образы, эмгек адамдарынын элестери, замандаштарыбыздын портреттери аркылуу — бүтүндөй бир доордун көрүнүшү.

Ошол доордун элеси жоголуп кетпей, живопись аркылуу урпактарга жетип жатканына ыраазы болосуң.

Сүймөнкул Чокморов элибиздин залкар инсаны — Саякбай манасчынын төрт портретин тарткан экен.

Аларды карап олтуруп, Саякбай атабыздай кеменгер инсандын улуулугун, өзүндөй залкар инсан гана сезе билет, улуу сүрөтчү гана анын элеси менен кошо ички ааламын көрүүчүгө жеткире алат деген ойго келесиң.

Чокморов өзүнүн кайталангыс таланты менен, тарткан сүрөттөрүндө башкаларга байкалбаган, өзү көргөн, өзгөчө дүйнөнү калтырып кетти.

Ал 800дөн ашык сүрөттөрдүн автору, ошол сүрөттөр аркылуу өзгөчө дүйнөнү жаратты.

Ушул ааламдын көркөмдүгүн, ошол дүйнөнүн кооздугун көрөм дегендер үчүн — көркөм сүрөт музейибизде Сүймөнкул Чокморовдун 80ге жакын сүрөтү илинип турат.

Анын тарткан 27 полотносу дүйнөнүн атактуу музейлеринде сакталып калды.

Урматтуу мекендештерим!

Сүймөнкул Чокморов кино жана сүрөт чөйрөсүндө гана эмес, спорт, музыка жаатында да сыймыктангыдай ийгиликтерди жаратты.

Кыргызстандын, Ленинграддын волейбол боюнча курама командаларына мүчө болду.

Комузда, домбрада кол ойнотуп, жагымдуу коңур үнү менен ырдаган, музыкалык да шыгы бар эле. Анысын айрым кинотасмаларынан да көрүп, угуп калдык.

Ошол эле мезгилде, Сүймөнкул агабыздын тагдыры, кыска өмүрү оор сыноолор менен коштолду.

Таланты ташкындап, атагы ааламга жетип, алдыга дагы чоң максаттарды койгон кезде катуу дарт менен күрөшүүгө мажбур болду.

Тагдырдын оор сыноосунан бийик нарк-насилин сактап өттү, улуу адамдын жүрүм-турумун, үлгүсүн көрсөттү.

Сүймөнкүл Чокморов тагдырдын жазганын залкар инсан катары татыктуу көтөрдү.

Ошол жылдары да элибизге опол тоодой мээнет кылды, накта шедевр болгон сүрөт, чыгармаларын жаратты.

Мынчалык темирдей эркти, чыныгы кайратты, жан кыйналып турганда да элим деп жашаган, майтарылбаган күчтү көрсөтүп, кыргыздын кыраан уулу Сүймөнкул Чокморов, бизге жашоонун дагы бир сабагын калтырып кетти.

Урматтуу замандаштар!

Сүймөнкул Чокморовдун дүйнөдөн кайтканына быйыл 27 жыл болду, чейрек кылымдан ашты.

Бирок анын жүзү, таасири бизден алыстаган жок, көзү тирүүсүндөй эле элеси элдин эсинде урмат-сый менен коштолуп жүрөт.

Азыр Сүймөнкул Чокморовдун ысымын алып жүргөн көчө, айыл, мектеп, сүрөт окуу жайы бар.

Улуттук валютабыз — сомго анын элеси түшүрүлгөн.

Ошентсе да, элибиздин улуу инсанына койгон негизги эстелигибиз — ал өзүнүн жүрүм-туруму менен калтырган үлгүсүн, чыгармаларында камтып кеткен бийик рухун, терең акыл-эсин ыраазылык менен эстеп жүрүү деп ойлойм.

Урматтуу мекендештерим!

Сүймөнкул агабыз — залкар талант гана эмес, абийири бийик, адамгерчилиги терең инсан, мекенчил адам, чыныгы кыргыз уулунун символу, улуттук намыстын бийик үлгүсү болуп калды.

Анын адамдык бийик касиеттери урпактарга үлгү болуп, көрпенделикке азгырылбай, турмушта бийик абийир менен жашоого үйрөтөт.

Кыргыз эли, кыргыз жери дагы ушундай таланттарды жаратат деп үмүт кылабыз.

Бүгүнкү эскерүүбүз — залкар инсандын көп кырдуу талантына болгон сый-урматыбыз гана эмес, улуу инсандын улуу рухуна, бийик намысына, терең абийрине болгон таазимибиз.

Сүймөнкул Чокморовдун элеси ар бирибиздин жүрөгүбүздө, ага болгон терең урмат сый менен кошо жашап калат.

Урматтуу замандаштар!

17-ноябрда — өз кесиби менен кыргызды дүйнөгө тааныткан, кыргыздын рухун бийик көтөргөн киночуларыбыздын кесиптик майрамы. Арабызда Сүймөнкул агабыз менен чогуу иштешкен, кыргыз киносунун кереметин жараткан залкар киноишмерлери, улуу муундун өкүлдөрү олтурат.

Сиздердин кыргыз маданиятына сиңирген эмгегиңерге таазим этебиз.

Сиздерге терең ыраазылык билдиребиз, бар болуңуздар!

Сиздердин артыңыздардан таланттуу киночулардын жаш мууну өсүп келе жатат.

Ар кандай эл аралык фестивалдарда жеңишке жетишип, элибиздин ыраазылыгына ээ болуп жатышат.

Кыргыз киносунун керемети дагы жаралат деп үмүт кылабыз.

Урматтуу кино чөйрөсүнүн кызматкерлери,

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм.

Сиздер улуттук маданиятыбызды дагы байытып, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө татыктуу салым кошосуздар деп ишенем.

Кино чөйрөсүндө Сүймөнкул Чокморовдой залкар таланттар дагы жаралат деп үмүт кылабыз.

Сиздерге ден-соолук, бак-таалай, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.

Майрамыңыздар менен!»

Пикир

Оставить комментарий