Вашингтондо АКШ жана Түркия президенттери жолукту

Дүйнө 0

Бишкек, 14.11.19. /Кабар/. АКШ менен Түркиянын президенттери америкалык F-35 учактарын өндүрүү боюнча биргелешкен программаны улантуунун ыктымал варианттарын талкуулашты. Бул тууралуу Ак үйдүн башчысы Дональд Трамп Режеп Эрдоган менен болгон жолугушуусунун жыйынтыктары боюнча өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Трамп аталган программанын тагдыры тууралуу берилген суроого жооп берип жатып, бул багытта кызматташтыкты улантуу үчүн көптөгөн альтернативалар бар экенин белгиледи. Ошондой эле ал жолугушуунун жүрүшүндө Түркиянын Орусиядан С-400 зениттик-ракеталык комплекстерин сатып алуусу жөнүндө сөз болгонун жана тараптар бул маселени талкуулоого даяр экенин билдиришкенин айтты.

Мындан тышкары АКШнын президенти эки өлкө соода кызматташтыгын кеңейтип, товар алмашуу көлөмүн 100 миллиард долларга жеткирүүнү пландап жатышканын билдирди. Жолугушуунун алдында Трамп Вашингтон менен Анкаранын ортосундагы соода көлөмү 20 миллиард долларды түзөрүн билдирген.

Буга чейин Түркиянын Орусиядан С-400 комплекстерин сатып алгандыгына байланыштуу АКШ Анкараны F-35 учактарын өндүрүү боюнча биргелешкен программадан чыгарган.

Президенттердин бул жолугушуусу НАТОдогу өнөктөш эки өлкөнүн алака-катышы Анкаранын Сириядагы жортуулунан жана Орусиядан курал-жарак сатып алып жатканынан улам чыңалып турган маалга туш келди.

Пикир

Оставить комментарий