Жаңы кодекстерди даярдоо боюнча жумушчу топтун жетекчиси Лейла Сыдыкова талкууга түшкөн кодекстер тууралуу айтып берди

Коом 0

Учурда 2019-жылдын башында күчүнө кирген кодекстер боюнча талкуу көп басаңдай элек. Бири анын артыкчылыктуу жактарын айтса, бири кемчилигин баса белгилейт. Жакында Юридика илимдеринин доктору, жаңы кылмыш кодексинин иштеп чыккан жумушчу топтун жетекчиси Лейла Сыдыкова Бешинчи каналдын "Күн өзөк" берүүсүнө маек берген. Окурмандарга ошол маекти сунуштайбыз.

- Жаңы кодекстердин күчүнө киргенине бир ай болду. Башында чоң бир каршылык болгон. Эми ошол каршылык, чыңалуу басаңдап жаткандай. Эл жаңы мыйзамдарды аткаруу керектигин түшүнүп жатат? Эмнеге каршылык болду, кандай ойлойсуз?

- Билесизби оболу эмнеге биздин мыйзамдарды өзгөртүү зарылдыгына келгенибизден баштоо керек. Азыркы замандын чакырыктары ушул реформаларыбызга барууга түрткү болду. Эч кимге сыр эмес кылмыштуулук өзгөрүп жатат.

- Заманбапташып жатат...

- Ал заманбапташып, коркунучтардын жаңы түрү пайда болууда - терроризм, экстремизм, коррупция. Ал тереңдеген формага ээ болуп жатат - иштелип чыгышы, таралышы, уюшулушу, ири уюшкан кылмыштуулук менен тамыр алышы. Транс улуттук уюшкан кылмыштуулук деген түшүнүктөр пайда болууда. Туурабы? 20 жыл мурдагыга караганда азыркы чакырыктар такыр башка. Кандай жаңы механизмдерди ишке киргизүү керек? Ушул кылмыштуулук менен эмне кылабыз деген маселени чечүү керек болгон. Маселен рецидивдик (кайталанма) кылмыштын өсүшү 40 %га чейин жеткен. Бул деген өтө жогору өсүш. Демек, кылмыш мыйзамы иштей албай жатат. Бул жагынан да бир нерсе жасоо керек. Ал эмнеге иштебей жатат? Анткени эски кодекстин жазалоо жагы катуу каралган. Маселен, мурдагы Кыргыз ССРинин 61-жылкы кодексинде эркинен ажыратуу эң көп дегенде 15 жылды түзсө, көз карандысыз Кыргызстан аны 30 жыл деп белгилеген. Бул жумшартуубу, же катаалдаштыруубу? Баарыбыз эсептегенди билебиз. Албетте, ал жерде жоопкерчиликти кескин күчөтүү болгонун түшүнүп турабыз. Түз эле айталы 30 жыл берилсе, ал иш жүзүндө өмүр бою эркинен ажыратуу дегенди билдирет. Бул системадан кийин адам оңолуп чыкпайт. Системанын өзү кандай? Система адамды жөн гана сындырып жатат. Ошон үчүн кайталанма кылмыш өсүүдө. Ал ушунча жыл камакта отуруп, ошого көнүп, эркиндикке чыккандан кийин ал өзүн эч жерде таба албайт. Андан кийин ал өзүнө тааныш кылмыш чөйрөсүнө кайтат - ал жерге көнүп, ага ыңгайлуу болуп калган. Коомчулук аны кабыл албайт.

Ошондой эле өлүм жазасын кайтаруу пикирлери да айтыла баштабады беле. Бул өңдүү билдирүүлөрдү популизм катары, коомчулукту козгоо үчүн айтылышы мүмкүн деп эсептейм. Мындай кырдаалда мамлекеттик башкарууда жазаландыруучу катары негизделген кылмыш боюнча саясат узакка жашай алабы? Менин күмөнүм бар. Дүйнөдө да кылмыштык жазалоонун кризиси болуп жатканда биз муну көрүп жатабыз. Дүйнө эркинен ажыратуу, өлүм жазасын киргизүү аркылуу кылмыштуулук менен күрөшүү маселесин чечүү болбой турганын түшүнүп жатат. Кылмыш менен күрөшүүнүн жаңы жолдору, ыкмалары иштелип чыгууда. Калыбына келтирүү сот адилеттигине өтүү маселеси пайда болууда. Башкача айтканда кылмышты жасаган адамды кайра коомго тартуу, алып келүү аракетин кылуу өңдүү.

Бирок ал психикалык жактан оорулуу болсо, аны дарылоонун өзүнүн жолдору бар. Мен азыр болжол менен кылмыштардын 60-70%ын түзгөн оор эмес кылмыштарды айтып жатам. Чынында аларды коомго алып келип, коом менен жуурулушуп, жашоосун улантыш үчүн кайтарууга болот. Бирок бизде ал процесске эч кандай маани берилген эмес. Ушул жерде кылмыштуулукка таасир этүүнүн жаңы чараларын көрүү маселеси келип чыккан. Ошон үчүн пробация институту пайда болду.

Мурдагы кодекс боюнча эркинен ажыратуунун эң узак мөөнөтү 20 жыл болуп, ага кошо башка кылмыштар менен биригип, 25, 30 жыл болуп кетсе, азыр ал 5 жылга кыскартылды. Тактап айтканда, эркинен ажыратуунун эң узак мөөнөтү 15 жыл болуп, бир нече кылмыш жасалса ал 20 жылдан ашпайт. Азыр талаш жүрүп жаткан маселенин баары ошол 5 жылдын айланасында болууда. Муну туура айтыш керек. Жазалоону катаалдаштыруунун аркасында турган адамдар ошол 5 жылды кайтаргысы же ага кошумча кошкусу келет. Таң калтырганы муну эл аралык уюмдар колдогон биздин айрым укук коргоочулар айтып жатышат. Менин билишимче уюмдар гуманизм позициясында турушат. Эч бир эл аралык уюмдар колония курууга барбайт. Болбосо жазаны аткаруу үчүн анын аткаруучусун издешпейт. Бул нонсенс болот. Ал нерсе алардын саясатына кирбейт. Бирок алар кокустан эле өлүм жазасын киргизүүнү, 30-40 жылдык жазаны сунуштаган адамдарды колдоп жатышат. Эмнеге?

- Айрым журналисттер дал келбестиктерди табып, макала жазып жатышат. Жаңы нерсе киргизилип жатканда андай болушу мүмкүн. "Педофилдер үчүн майрам" деп жазып жатышат. Адвокаттар да каршы чыгышууда. Педофилия боюнча чын эле жаза жумшардыбы?

- Эки маселени өзүнчө ажыратып алалы. Алгач педофилияны, андан кийин адвокаттарды талкуулайлы.

Арийне эркинен ажыратууда жалпы азайтуу болгондон кийин санкция да алмашуусу керек. Ооба, бул жерде жумшартуу болгон. Бирок, мен дайыма кодексти башынан аягына чейин окуу керек деп айтамын. Эгер биз аны контексттен бөлүп алсак, анда биз маселенин негизин түшүнө албайбыз. Биринчиден педофилдердин психикалык аномалиясы бар. Аларга кошумча дарылануу да керек. Биз азыр зордуктоону жасаган кишилер тууралуу айтып жатабыз.

Алар жоопкерчиликтен качып кетпеши үчүн өзүнүн механизмдери бар. Эски кодекс боюнча педофилге 20 жыл берилсин. Ага карата амнистия, шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу колдонулуп, ал 3-4 жылдан кийин боштондукка чыкчу.

- Андан кылмышын кийин улантат...

- Мунун уланышы боюнча билбейт экем. Анткени бул кылмыштын кайталанышы тууралуу маселени изилдеген эмесмин. Бирок дүйнө жүзүндө педофилиянын жасалышы боюнча Европа биринчи орунда турат. Россияда изилдөө жүргүзүлүп, жашы жете элек, кичинекейлердин зордукталышы боюнча 64-65%ы туугандары болушкан. Үй-бүлөнүн ичинде болууда. Ал жабык система эмеспи. Демек бир нерсе жасоо, күрөшүү керек. Кылмыш кодексинин жардамы менен эмес. Туура үй-бүлөлүк мамилени түзүү, жашы жете электи коргоо аркылуу күрөшүү керек. Эмнеге Америкада сары автобустар пайда болгон, билесизби?

- Жок

- Ал жашы жете электерди өзүнчө автобуска отургузуп, мектепке жеткирүү үчүн түзүлгөн. Себеби берки автобустарда аларга бирөө тийишиши мүмкүн болгон. Ошон үчүн аларга бирөө тийишпеши үчүн бул механизм иштелип чыккан. Бул туура. Биз деген жазаны күчөтүүнү эмес башка социалдык механизмдерди иштеп чыгышыбыз керек. Бул дайыма оор, чыгашалуу болот. Кылмыш кодекси күрөшүп жатабыз деп көрсөткөнгө жеңил. Жок, бул күрөш эмес. Кылмыш кодекси жыйынтык менен күрөшүү болуп калууда. Кылмыш болбошу үчүн алдын алуу чараларын туура уюштуруу керек. Тилекке каршы бизде андай жок.

Мурдараак айткандай, жанагы кылмышты жасаган адам "жеңилдетүү" нормалары менен бошотулуп кетсе, азыр ал чыкпайт. Жазаны өтөө мезгили, процесси катаалданып жатат. Шарттуу- мөөнөтүнөн мурда бошотуу жок. Бул мыйзамда так жазылган. Мунапыс, кылмыш жообуна тартуу мөөнөтүнүн эскириши нормалары колдонулбайт. Бирок сот эскирүү мөөнөтүн колдонууну туура көрсө 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу бериши керек. Дагы бир маанилүү механизм, ошол кылмышты жасоо учурунда өлүмгө алып келүүчү жагдай же ден соолугуна катуу залал келтирүү болсо ал бир нече кылмыш, кылмыштын жыйындысы катары каралат. Башкача айтканда зордуктоо жасалып, ал өлүмгө алып келсе (атайын же байкабастыктанбы кароо керек) жазасы 20 жыл болот. Тилекке каршы адамдардын сезимдери менен ойногусу келгендер маселенин ушул жагын айткан жок.

Эми адвокаттар тууралуу. Мени таң калтырганы кылмыш кодексин талкуулоого кеч болсо да юристтердин катышканы болууда. Кодекстерди тааныштыруу, коомдук талкуулоо болуп жатканда адвокаттар ал процесске анча активдүү катышкан эмес. Эмнеге экенин билбейм, бирок божомолдой алам. Соттук ыктыяр деген түшүнүк бар болчу. Маселен шпионаж үчүн жоопкерчилик 10 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Айтайын дегеним, сот бул кылмышка Баткенде 10 жыл берип, Бишкекте 20 жыл бериши мүмкүн. Бир эле кылмыш үчүн бул айырманы ким аныктап берет. Бул адилеттүүбү? Күмөнүм бар. Ал адилеттүү эмес. Бир нерседен бир нерсеге чейин деген диапазон жаза берүүдө коррупциянын болушуна түрткү берет. Ошондуктан бул аралыкты азайтуу керек болгон. Мыйзам чыгаруучулар аны азайтууга барган - жаза берүүнүн категориясын киргизип, эркинен ажыратуунун 1, 2, 3, 4, 5, 6 категориясы боюнча арасы 2,5 жыл деп белгиленди. Эми сот адамдын кимдигин, кылмыш болгон, жеңилдетүүчү же оорлотуучу жагдайларды эске алып жаза берет. 1-категория болсо 6 ай-2,5 жыл же 2,5-5жыл берет.

Бул жерде адвокаттарга жардам беребиз, киргизилген эрежеге кубанат деген пикирде болгом. Бирок билесизби андай кубаныч болгон жок.

- Балким алар жабырлануучу менен мыйзам бузгандардын, сот менен тергөөчүлөрдүн ортосунда ортомчу болгону үчүн эмеспи. Көп учурда алардын айрымдары мындай иштерди "бүтүрүү" менен алектенчү эмес беле?

- Болушу мүмкүн. Бул тууралуу биздин чет элдик кесиптештер белгилешкен. Биздин казакстандык, украиналык кесиптештер да ал нерсеге дуушар болушкан.

Мен дайыма биздин соттор канча жыл берүү жана кайсыл жакта жазасын өтөө өкүмүн чыгаруу үчүн эркинен ажыратуу колонияларын көрүп келүүсү керек деп айтам. Өмүр бою эркинен ажыратылуу канчалык коркунучтуу экенин эч ким билбейт. Бул тууралуу эч ким айтпайт. Мисалы, чет элдик соттор бирден даярдалышат. Алар окутуу маалында жумушуна баргандай түзөтүү колонияларына бир ай же андан ашык убакыт барып-келип турат. Жазаны өтөө процессин көрүшөт. Алар өкүм чыгарып жатканда бул адамды мынча, тигини мынча убакытта оңолуп чыгат деп билишет. Ага олуттуу мамиле жасалат.

Кызык болгону акыркы изилдөөлөр боюнча жазасын өтөп жаткан адам оңдоп-түзөтүү чараларын 1 жыл 7 айда сезип калат. Мурда ал 3-4 жыл болгон. Мына ошол убакытта ал менен иш алып барып, туура жашоого кайра мотивациялап чыкса болот. Андан кийин ал бул системага көнүп, калган убактысын жазаны өтөө менен гана өткөрөт. Биз адамды жоготуп, коомдун кылмыштуулугу, соттолгондук өсөт. Мындан улам биз гумандаштыруу жолуна түшүшүбүз керек эле. Бизде башка тандоо, башка жолубуз жок болчу. Бул дүйнөлүк тенденция.

- Жөн эле бөлүп койбой, оңоп чыгаруу да ...

- Ошон үчүн пробация институту киргизилүүдө. Айрымдар пробация ошол эле шарттуу соттолуу дешүүдө. Ооба, ал мурдагы шарттуу соттолуу институтуна окшош. Шарттуу соттоо институтун ким аткарган? Анда соттолгондор кылмыш инспекциясында белгиленип турчу. Кайра эле күч түзүмү ал адамдын жүрүм-турумун көзөмөлгө алган. Болгону көзөмөлдөп, чектеп турган. Эми ал кишини колдоо механизмдерин киргизүү маселеси, анын кайра коомго аралашуусу каралган. Алар кайра эркинен ажыратуу мекемелеринен кайта келишет эмеспи. Балким ал кылмыш жасабашы үчүн ага жардам керек.

Бир окуя айтып берейин. Шаарга жакын турган түзөтүү колонияларынан бир соттолгон жаран 5-6 жылдан кийин чыгарылып, шаарда досуна жолугат. Алар эсин жоготкончо ичимдик ичишет. Андан кийин алар зордуктоого барат. Ал эркиндикте бир күн да болбой, ошол эле күнү тергөө абагына киргизилген. Ага карата кылмыш иши козголгон. Эми ал эркиндикке чыкпайт. Ал жаш бала болчу.

Ал эми пробация деген эмне? Ал адам кое берилип жатканда документтерди даярдоого, каттоого турушу үчүн жашай турган жерине баруусуна жардам бериши керек. Аны менен белгилүү бир тарбиялык иш аткарылышы зарыл. Аны пробация органдарынын атайын кызматкерлери аткарып, алар жарандардан түзүлгөнү дурус. Анткени аларга ишеним көбүрөөк болот. Мындай пробациялык механизмдер дүйнөдө ишке киргизилген. Айрым мамлекеттерде кылымдан бери бар. Таң калыштуусу, казакстандык соттор менен жолукканда алар пробация институту кайталанма кылмышты 2,5 эсеге азайтууга мүмкүндүк бергенин айтышты. Биз муну кыялдана гана алабыз.

Биз азыр баарын атып салыш керек , отургузуу кажет дегенди ойлобошубуз зарыл. Алар кайра коомго келерин түшүнөбүз. Баарын отургузуп, баарын атып сала албайсың. Алар коомго кайра келет. Биз алар адам экенин түшүнүшүбүз керек. Албетте ал кылмыш жасады, жазасын өтөдү. Эгер кылмыш болсо соттолгондугу калат, ал эми кылмыштык жорук болсо соттолгондугу жок болот. Бул биринчи аспект.

Экинчи аспектиси калыбына келтирүүчү сот адилеттүүлүгүн өнүктүрүү керек эле. Жабырлануучу тууралуу ким ойлонот. Негизи мамлекет ал жөнүндө ойлошу зарыл. Кантип? Мамлекет аны коргоп, иликтөө жүргүзүп, жабырлануучу тарапта прокурор турат. Бирок иш жүзүндө ага зыяндын ордун толтуруу жок да. Ал жарандык доосу менен ага келтирилген зыянды, же дарыланууга кеткен чыгымды төлөтүп алууга чуркап жүрөт. Мындан улам жаңы механизмдер киргизилген. Алар кайсылар? Жабырлануучунун зыянын төлөп берүүчү кылмыш-укуктук механизмдер иштелип чыгууда. Жарандар аны жөн гана колдонушу керек.

Кылмыш ишинде ал жабырлануучу деп табылып, сот чечим чыгарып жатканда дароо зыянды мынча көлөмдө орду толтурулсун деп жазылат. Эми аны ким толтурат жана кайсы кылмыш боюнча аткарылат? Биздин казакстандык кесиптештер "Жабырлануучунун фондун тууралуу" мыйзамын иштеп чыгышты. Мамлекет белгилүү бир иштердин категориясы боюнча жабырлануучуга зыяндын ордун толтуруп берет. Себеби, коомдун ар бир мүчөсүнүн коопсуздугун камсыздоо мамлекеттин моюнуна жүктөлгөн. Демек алар жабырлануучу ошол абалга келүүсүнө жол бергенден кийин ага кенемте бериши керек. Албетте ар бир категория боюнча берүү мүмкүн эмес. Жок дегенде эң аздан башташ керек. Биз ал мыйзамды ишке киргизүүгө даярдануу баскычында турабыз. Эми аны азыр Каржы министрлиги менен макулдашып, акча издеп, фондду түзүү зарыл. Уюштуруу планындагы иш бар. Бул жакшы эмеспи. Бул тууралуу эмнеге ачык, туура айтууга, моюнга алууга болбойт.

- Каршы көп макалалар жазылып жатат. Менимче муну сол жактан алган кирешелеринен айрылган адамдардан акча алып жазууда десе болот. Киреше булагынан айрылгандар нааразы болсо керек?

- Балким. Бирок жарандар кубанышы зарыл. Себеби, алардын укугу сакталат. Мурда милицияга келип арыз таштап, ал эмне менен аяктаганын билүү үчүн чуркачусуң. Ал бир жерде жоголуп кетип, иш ачылбай калчу. Иликтөө жагында ага маани берилчү эмес. Бул элдин нааразылыгын туудурчу. Ал эми азыр эч нерсе жашырууга болбойт. Учурда баары Кылмыштарды жана жоруктарды каттоо тизмесине алынышы абзел. Азырынча бул биринчи иш. Мындан да башка иштер жасалат. Сотко чейинки текшерүү процесси ачык-айкын болушун карайбыз. Андан кийин этапта сот турат - өкүм чыгаруу жана ага чейинки мезгил. Андан кийин жазаларды аткаруу жүрөт. Бул ири системада адамдын кылмыш-укуктук системага кирип-чыкканына чейин көрүп турушубуз зарыл. Биз аны жоготуп албашыбыз керек.

Пикир

Оставить комментарий