Сөз куржуну: көнөк, илбериңки, бурадар сөздөрүнүн маанисин билесизби?

Дүр дүйнө 0

Кыргыз тили тээ алмуздактан бери эненин сүтү менен, атанын эрдиги менен кылым карытып жашап келген. Кээде согуштун катаалына кабылса, кээде жыргалчылыктын даамын татып жашаган. Кандай гана доорду, элди жана журтту көргөн жок. Антсе да, азыркы күнгө чейин өзүнүн дымагын өчүрбөй сакталып келүүдө.

“Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттиги мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына карата эл оозунда айтылып, бирок маани-маңызын ачыктай албаган ошондой эле, кээ бир китептерде учурап калган сөздөрдү түшүндүрмөсү менен жазууну чечти.

• Көнөк – 1. Саан сааганда, суу ташыганда колдонуу үчүн төөнүн терисинен ыштап жасалган идиш. Үч ийдирип сааганда, көнөк толгон сүт алдың (Тоголок Молдо). Көөдөндөн жулуп чөп берип, көнөк менен суу берип (“Манас” эпосу). Көк бараң мылтык асынган, көнөктөй ташка жашынган (“Эл адабияты”). 2. Көөп, чоңоюп кеткен шишик. Бетинен ысык жаш төгүлүп, Алимандын көздөрү көнөк (Чыңгыз Айтматов).

• Чөөгүн – чай же суу кайнатуу үчүн колдонулуучу туткасы, чоргоосу бар идиш. Отко коюлган чөөгүн тез кайнады (Түгөлбай Сыдыкбеков). Катарланган төөсүнө калайлуу кумган, жез чөөгүн баарын жүктөп таштаптыр (“Эр табылды” эпосу).

• Бөз – 1. Жөнөкөй ак кездеме, мата. 2. Пахтадан кол менен токулган кездеменин түрү. Бул кездемени кыргыздар “ак мал” деп да аташат. Таар ордуна бөз тапкан. Эски пахта бөз болбойт (Токтогул Сатылганов). Күнүнө эки бөз токуп бүтүрөм (Касымалы Жантөшев).

• Көөн – 1. Көңүл, пейил. Көөнүндө кайгы болбогон, бар кезинде колунда (Казыбек Мамбетемин уулу). Элинин көөнү ток болсо, элирип ырчы кубанаар (Жоомарт Бөкөнбаев). 2. “Өз көнүлүң”, “эмне кылам десең өз эркин, өз каалооң” деген мааниде колдонулат. Айтылуу Талас жерибиз, элиңе барсаң көөнүңүз (“Сейтек” эпосу). Берсе-бербесе өз көөнү, ага эч кимдин доосу жок (“Ала-Тоо” журналы).

• Айбат – бирөөнүн кол салышына, өкүмдүк, зордук кылышына каршы көрсөтүлгөн кайрат, каршылык. Ошондо, Айдаркан уулу эр Көкчө, айбаты журттан бөлөкчө (“Манас” эпосу). Айбаты бар жигиттин, атагы калат артында (Токтогул Сатылганов).

• Этибарга албоо – назар салбоо, көңүл бөлбөө, байкас албоо. Болот миң башы элдин буркан-шаркан түшүп жатканын этибарга албай, эл ичинен чыгып кетти (Мамасалы Абдукаримов). Жеңижок ичинен кым деди, “чоң жолго таштап” деген кайраштырууну этибарга албай, кеп Токтогул жөнүндө чыгып калганына кубанды (Төлөгөн Касымбеков).

• Илбериңки – элпек, кыймыл-аракети жеңил. Ашыр илбериңки, бышык болуп өстү (Түгөлбай Сыдыкбеков). Күлай иштеп жадабаган, түйшүктөн качпаган илбериңки, чымыр келин болчу (“Ала-Тоо” журналы).

• Буурсун – жер айдоо үчүн колдонулуучу эң жөнөкөй эмгек куралы. Далбайдан эки өгүзгө кошулган эски буурсун, үрөн жана жер алып, эгин эгүүгө киришти (Касымалы Жантөшев). Жетелеп буурсун башын бара жатса, шорголойт баштан төмөн кара баткак (Шабданбай Абдыраманов).

• Бурадар – жолдош, теңтуш, курдаш. Сапар бурадарынын бул кыялын жактырбай, бөйрөккө нукуп алды (Шүкүрбек Бейшеналиев). Жан бурадар жигиттер, жалпы туруп көзүңдү ач (“Курманбек” эпосу).

Маалыматтар филология илимдеринин доктору, профессор А.Акматалиев тарабынан түзүлгөн “Кыргыз тилинин сөздүгү” китебинен алынган.

Пикир

Оставить комментарий