Назарбаев ММК тууралуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду

698 кароо ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.12.17 /Кабар/. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев ММКлар тууралуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Бул тууралуу 28-декабрда өлкөнүн расмий маалымат каражаттары жазышты.

Мыйзам долбоорун парламент 21-декабрда жактырган. Ага ылайык, мыйзамга «пропаганда» түшүнүгү киргизилди. Андан тышкары журналисттер эми жарандардын мыйзам тарабынан корголгон сырларын ММКларга жарыялоодон мурда, анын ээсинен уруксат алууга милдеттүү болуп калышат. Муну менен катар Казакстанда катталган сайттардын ээлери макалаларга пикир калтырган колдонуучуларды аныктоого милдеттендирилди. Ошондой эле мамлекеттик органдардын ММКлардын суроолоруна жооп берүүсү үчүн каралган мөөнөт эки жарым эсеге (7 күнгө чейин) узартылды.

Казакстандын журналисттер коомчулугу менен укук коргоочулар мажилис тарабынан өткөн айда жактырылган талаштуу өзгөртүүлөрдү четке кагуу өтүнүчү менен парламент сенатына кайрылуу жолдошкон.

Өткөн аптада айрым журналисттер, укук коргоочулар жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү парламент тарабынан жактырылган ММК тууралуу мыйзамга вето коюу чакырыгы менен президент Назарбаевге кайрылуу даярдашканын билдиришкен.

Булагы: CENTRALASIAN

Пикир

Оставить комментарий