Мамвизиттен кийинки таасирлер: Кол коюлган келишимдер, россиялык бизнес менен болгон өз ара түшүнүшүү

Аналитика 0

28-мартта Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келип кетти. Кыргызстан менен Россиянын лидерлери алгач тар чөйрөдө, андан соң эки өлкөнүн делегаттарынын катышуусунда кыргыз-россиялык кеңири форматтагы сүйлөшүүлөр өттү. Кыргызстан менен Россиянын президенттеринин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында биргелешкен Билдирүүгө кол коюлду. Андан тышкары, эки тараптуу бир катар маанилүү документтерге кол коюлду. Өлкө башчылары ошондой эле сегизинчи Кыргызстан-Россия региондор аралык конференцияга катышты. КР менен Россиянын ортосунда жалпы суммасы 6 млрд. доллардан ашуун эки тараптуу документтерге кол коюлду

Бизнестин мамвизиттен, кол коюлган документтерден жана россиялык бизнес болгон болгон өз ара түшүнүшүүлөр тууралуу “Кабар” агенттигине Базар, ишкана жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев айтып берди.

undefined

“Биз бизнесмендер менен бирге эки өлкөнүн мамлекет башчылары жана экономика министрлери катышкан иш-чарага катыштык. Конференцияга кирип жатып, биз “бул бизнес-коомчулукту эң жогорку саясий деңгээлде колдоо” экендигин айттык. Бул абдан кызыктуу, анткени эгерде кимдир бирөө тоскоолдуктарды жаратса, анда биз дароо мамлекет башчысына, президенттин администрациясына түз эле кайрыла алабыз”, - деп билдирди экономист.

Сергей Пономарев, бизнесте жана ар кандай форматтагы иш-чараларга катышып жүргөн тажрыйбалуу адис катары – бул мурункуга караганда эки баскычка жогору экендигин билдирди.

“Бул деген кантсе да В.В.Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик визити болду”, - деп баса белгиледи.

Базар ассоциациясынын президенти билдиргендей, ишкерлер бир мүнөт убактысын да текке кетирген жок. Россиялык кесиптештери менен таңкы, түштөнүү жана кечки тамак учурунда өз ара кызматташуу жолдорун талкуулашты.

Эң башкысы – кыргыз ишкерлери кесиптештери менен бардык маселе боюнча түшүнүшүүгө келишип, ишкерлер эки өлкөгө учуп баруусу боюнча да биргелешкен маселелерди талкуулашты.

“Бул жерде бизнесмендер өз эсебинен учуп барып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт”, - дейт ал.

Сергей Васильевич күн мурун экономика министри Олег Панкратов тарабынан айтылган сумма тууралуу эске салды.

“Бул 6 млрд. доллар суммадан ашуун инвестициялар, сүйлөшүлгөн келишимдер жана меморандумдар. Ал жакта геологиялык чалгындоо боюнча “Росгеология” менен 1 млрд. 200 млн. долларлык ири келишим бар. Кыска мөөнөтүү убакыттын ичинде эле кызыктуу болгон келишимдер да бар. Алар 2 жылдан кийин иштеп баштайт”, - деди экономист.

Россиялык кесиптештери менен болгон жолугушуу жемиштүү болгондугун айтып, мисал катары Кыргызстандын аймагында Евразиялык агрологистикалык хабды түптөө боюнча “Дордой” Ассоциациясы менен Россиянын ири “Росагромаркет” компаниясынын ортосундагы кол коюлган меморандум тууралуу айтты. Анын айтуусунда, бул оор финансылык долбоор, жалпы суммасы 60 млн. долларды түзөт. Бирок “Агромаркет” Ассоциациясы тарабынан КРнын айыл чарба министрлиги менен келишимге кол коюу сунушталган. Пономаревдун айтуусу боюнча, себеби учурдагы саясий аспектилерге байланыштуу - бажы жөнгө салуу, жүк ташуучу унаалардын Казакстан аркылуу өтүүсү.

“Башкача айтканда, логистикалык хаб иштеп турган учурда чыгып калчуу нерселер, ошол учурда Казакстан тоскоолдуктарды коюшу мүмкүн. Бул өз кезегинде көйгөй жаратышы мүмкүн”, - дейт Пономарев.

Ошондуктан, ал кечээ кол коюлган долбоорлор башкаларды кызыктырат деп эсептейт.

Кыргызстандын Рыноктор ассоциациясынын директору билдиргендей, бизнес чөйрө Россиянын бизнес өкүлдөрү менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Анын жүрүшүндө эки өлкөнүн бизнеси боюнча маалымат алмашып, Кыргызстан менен Россияда кандай мүмкүнчүлүктөр бар экени көрсөтүлүүдө.

Пономарев, расмий делегациянын курамында бизнесте ордун тапкан адамдар келгенин белгиледи.

Ал билдиргендей, Россиялык түз инвестициялар фонду, аймактарда турган (Бишкек менен Чүй облусунан тышкары) бизнес субъекттери үчүн каржылоо шарттарын жеңилдетүү жөнүндө Кыргыз-Россиялык фонд менен макулдашуу түздү. Анын айтымында, макулдашуунун алкагында насыялоо чени миллион доллардан 200 миң долларга чейин азайтылат. Ал аймактарды өнүктүрүү жана экономиканы санариптештирүү жылынын алкагында мындай чаралар орундуу болорун кошумчалады.

"Россиянын Түз инвестициялар фонду тарабынан биргелешкен ишканалар үчүн инвестиция салуу жана башка өлкөлөрдөн инвестиция тартуу каралган. Маселен, жакшы идеясы жана аны ишке ашыруу мүмкүнчүлүккө ээ, бирок, кайсы бир сумманы таппай жүргөн ишкерлер бар. Мына ушундай учурда бул Россиялык фонд бир гана Россиядан эмес, дүйнөнүн башка жактарынан да каражат тартып келе алат. Фонд Россияда көптөн бери иштейт. Анын концепциясы Ислам өнүктүрүү банкы менен бир аз окшошуп кетет", - деди ал.

Ошондуктан, ал жеңилдиги бар, аны менен бирге узак мөөнөттүү каржылоо бизнес үчүн пайдалуу деп эсептейт.

Пономарев дагы бир башка жагдайды белгилеп өттү.

"Кечээ 2020-жыл кыргыз-россиялык мамилелердин жылы болору айтылгандыктан бул маселеде башкы орунга экономикалык мамилелерди алдыга коймокмун", - деди ал.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, эки күнгө созулган сапар, VIII аймактар аралык конференция жогорку деңгээлде өткөнүн кошумчалады.

"Бул биз үчүн тарыхый сапар. Экономикадан сырткары аскер, өнөр-жай, маданий, социалдык жана илимий аспекттер талкууланды. Ошондуктан биздин мамлекет башчы менен стратегиялык өнөктөшүбүз - Россиянын мамлекет башчысына рахмат айткым келет. Ошондой, бул багытта иш алып барган уюштуруучулар менен министрликтерге ыраазычылык билдирем. Балким, айрым жерлерде мүчүлүштүк болгондур, бирок бара-бара уюштуруудагы кемчиликтерди жоебуз. Бирок, баары жакшы жана мыкты болгонун айтып кетейин. Биз ыраазыбыз жана биздин россиялык кесиптештер менен ишти улантып жатабыз", - деди Сергей Пономарев.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий