Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия калемгерлер үчүн сынак жарыялады

1472 кароо Коом 0

Бишкек, 19-май /Кабар/. “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди ѳнүктүрүүнүн жана тил саясатын ѳркүндѳтүүнүн улуттук программасынын” жана “Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясынын” аткарылышын камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан көркөм адабий чыгармалар, котормолор жана усулдук колдонмолор үчүн сынак жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Сынактын негизинде акын-жазуучулардын китептери “Азыркы адабият”, жаш калемгерлердин жыйнактары “Дүбүрт”, башка элдердин адабиятынын кыргыз тилиндеги котормосу “Дүйнѳлүк адабият”, ал эми кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларын башка тилдерге которгон котормочулардын эмгектери “Дүйнѳ” серияларынын алкагында жарык көрөт. Ошондой эле, сынакка балдар үчүн сүрөттүү китептер (тармактык энциклопедия, көркөм чыгарма, хрестоматия, сөздүк ж.б.) жана усулдук колдонмолор менен катышууга болот. Сынак 2017-жылдын 20-июнуна чейин жүргүзүлөт. Сынак тууралуу толук маалымат www.mamtil.kg сайтында жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий