Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 27-31.08.2018

Аналитика 0

10 млрд. насыя. Ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында кыргызстандыктар алган насыялардын суммасы 10,4 миллиард сомду түздү.

Улуттук статистика комитеттин маалыматы боюнча, микрокредиттик компаниялардан карыз алгандардын саны 220,5 миң адамды түзгөн. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу алардын саны 64,7 пайызга же 86,6 миң адамга өскөн. Берилген карыздардын көлөмү 2,8 миллиард сомго көбөйгөн.

Микрокредиттердин негизги үлүшү 6 айдан 12 айга чейинки мөөнөткө берилген. Бул берилген каражаттардын жалпы көлөмүнүн 52,2 пайызын же 5,4 миллиард сомду түзөт. Карыз алуучулардын калган бөлүгү (40,2%) 1 жылдан 3 жылга чейинки мөөнөт менен насыя алышкан. Аларга 4,2 миллиард сом берилген.

ДКОго карата тыйындар. Кыргызстандын Улуттук банкы күмүш жана жез-никелден жасалган “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” сериясындагы “Улак тартыш” коллекциялык тыйындарын жана жез-никелден жасалган “Кыргыз каганатынын доору” сериясындагы “Кыргыздардын турагы – боз үй” тыйынын жүгүртүүгө киргизди.

“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” сериясындагы “Улак тартыш” коллекциялык тыйыны спорттун этникалык түрлөрүн жайылтуу жана кайрадан жандандыруу максатында чыгарылып, үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган.

2019-жылга карата бюджет тууралуу. Финансы министрлиги 2019-жылга республикалык бюджетинин долбоорун жана 2020-2021-жылдарга болжолун КРнын Бюджеттик кодексинин негизинде даярдап иштеп чыкты.

Аталган долбоор КРнын 2018-2022-жылдар мезгилинде "Биримдик, ишеним жана жаратмандык" өнүгүү программасын эске алуу менен иштелип чыкты.

Минфиндин маалыматы боюнча, 2019-жылда ИДПнын реалдуу өсүү темпи 4% болои, бир жылдан кийин 4,4%, ал эми 2021-жылда 0 4,2%. Мындай экономикалык өсүүлөр кызмат көрсөтүү аркылуу (2019-ж – 3,6%, 2020-ж – 3,8%, 2021-ж – 3,9%), курулуш (2019-ж – 11,6%, 2020-ж – 8,7%, 2021-ж – 9,1%), айыл-чарба (2019-ж - 2,7%, 2020-ж – 3%, 2021-ж - 3,3%), өнөр жай (2019-ж – 2,3%, 2020-ж – 5%, 2021-ж – 3,2%) болууда.

Япондордун кызыгуусу. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеевдин айтуусунда, ал Японияда таанышуу иш сапары менен болгон. Япония Борбордук Азиядагы өлкөлөр менен соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүүгө даяр. Анын ичинен Кыргызстан Япониянын экономикалык потенциалы менен таанышуу үчүн чакырылган биринчи өлкө болду.

Шаршекеевдин Японияга болгон сапары абдан окуяларга бай болгон, алгач Япониянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, КРнын Япониядагы элчиси, Токио, Осаканын соода-өнөр жай палаталарынын өкүлдөрү менен жолугушкан.

Алтындын запасы. Кыргызстан кийинки жылдары 7 алтын казуу кендерин иштетиши керек. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башчысы Улан Рыскулов өкмөттүн жыйынында билдиргендей, “өлкөдө дагы 7 алтын кени бар, болжол менен алар 250 тонна алтын берет. Бул кендерди акыркы үч жылдын ичинде ишке киргизсе болот. Ошентип, биз элдерди жумуш орундары менен камсыз кылабыз. Кийинки жылы Жерүйдү ишке киргизебиз, ал жакта алтындын запасы 100 тоннага жакын жана 1 миң жумушчу орун”.

“Кумтөр” боюнча айтып жатып ал билдиргендей, анда 95 тоннага жакын алтындын запасы калган. “Жакынкы убакта ал жабылат, Кыргызстан андан көз каранды болуудан кетүүгө аракет кылышы керек”, - деди ал.

Экономикалык өсүш. Жыл соңуна дейре экономикалык өсүш 102,8% кем эмес көрсөткүчкө ээ болушу керек, - деп билдирди КР экономика министри Олег Панкратов өкмөттүн кезектеги жыйынында 2018-жылдын соңуна дейре күтүлүүчү социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалымат берип жатып айтты.

Анын айтымында, КР Улуттук статистикалык комитетинин алдын-ала маалыматтары боюнча, 2018-жылдын 7 айынын жыйынтыгы менен ИДП реалдуу өсүш темпи 99,8 % түздү.

«Кумтөрдү эсепке албаганда, ИДП реалдуу өсүш темпи 102,2 % түздү. ИДП көлөмүнүн өсүү темпине геосаясаттагы чыңалуу жана фондулук рыноктогу белгисиздик, анын ичинде дүйнөлүк соода жүгүртүүнүн төмөндөшү, Кыргыз Республикасынын негизги стратегиялык өнөктөшү – Россия Федерациясына карата санкциялар кандайдыр-бир деңгээлдеги өз таасирин тийгизди», - деп белгиледи ал.

Панкратов билдиргендей, экономикалык өнүгүү боюнча түзүлгөн кырдаал күтүлүп жаткан болжолдуу көрсөткүчтөрдүн чегинде болууда.

Бардык тармактагы өсүш. Өлкө экономикасынын дээрлик бардык тармактарында көрсөткүчтөрдүн өсүүсү камсыздалды, - деп билдирди КР өкмөтүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Өкмөттө 2018-жылга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрүн аткаруунун жүрүшү жөнүндө маселе каралды.

Ал эске салгандай, “Өкмөттүн алдында өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн негизги багыттары, максаттары жана артыкчылыктуу милдеттери аныкталган. Өкмөттүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасын ишке ашыруунун алкагында макроэкономикалык туруктуулукту сактоо, бизнес чөйрөнү жана инвестициялык климатты оңдоо, аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы концепциясын ишке ашыруу, мамлекеттик социалдык милдеттерин толугу менен аткаруу, Өкмөттүн ишинин ачык жана айкындуулугун камсыздоо иштери улантылат”.

Өкмөт башчы маалымдагандай, 7 айдын жыйынтыгы менен республикалык бюджеттин салыктык киреше бөлүгү 57,2 млрд сомду түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 8,6 млн сомго көп чогулду.

Банктык концентрациялар. “РСК Банк” ААК – экспортчуларды колдоого, ал эми “Айыл банк” ААК - айыл чарбасын колдоого басым жасоосу тийиш. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.

Жыйындын жүрүшүндө Өкмөт башчы белгилегендей, өлкө Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны 2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүү Улуттук стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашырууну камсыздоо чараларынын алкагында өткөрүлүүдө.

“Өлкөнүн экспорттук потенциалын атамекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо аркылуу өнүктүрүү зарыл. Дал ушул үчүн биз айыл чарбасын, экспорттук операцияларды колдоого, өндүрүштү модернизациялоого багытталган жеңилдетилген насыяларды берүү тутумун жигердүү өнүктүрүп жатабыз”, - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Инвестициялар. Чет өлкөлүк инвестициялар көбүнчө Бишкекке жана Жалал-Абад облусуна түшөт. Экономика министри Олег Панкратовдын айтымында, инвестициялар башка аймактарга аябай аз өлчөмдө түшөт.

“Биздин ишкерлер үчүн насыя алуунун негизги булагы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду экенин белгилеп өтүү керек. Бирок анын капиталы бардык керектөөлөрдү канааттандыра албайт. Андыктан тиешелүү чараларды көрүү керек, анын ичинде мамлекеттик банктарды капиталдаштырып, алардын багытын аныктоо керек”, - деди Панкратов.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий