Кыргызстандын экономикалык жумалыгы - 18-23.02.2019

Аналитика 0

Кыргызстандыктардын кирешеси. 2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жашоочуларынын номиналдуу кирешеси 304 млрд. 761 млн. сомду түзгөн. Ошол эле мезгилде реалдуу кирешенин суммасы 299 млрд. сомду түзгөн.

Улуттук статистикалык комитеттин берген маалыматына ылайык, эң көп акча табуу көрсөткүчү Бишкек шаарынын тургундарынын эсебинен түзүлгөн (62 млрд. 384, 8 млн. сом). Андан кийин Ош облусунун (58 млрд. 915 млн. сом) жана Жалал-Абад облусунун тургундары (50 млрд. 537, 1 млн. сом) турат. Ал эми бул “рейтингде” эң акыркы орундарды Нарын жана Талас облусунун тургундары ээлеген.

Ведомстводон билдиргендей, акча табуунун негизги булагы – эмгек иш аракет. Ал жалпы көлөмдө 71,5%ды түзгөн.

Жазга эмне эгүү керек? Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында жазгы-талаачылык жумуштарын өткөрүүгө даярдыктар боюнча КР айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев баяндама жасап, жазда эмне эгүү керектиги боюнча божомолдору тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, быйыл кыргызстандык дыйкандар үчүн чечевица, гречка, соя сындуу дан азыктарын айдоо кыйла пайдалуу болот.

Ал ошондой эле дүйнөлүк рынокто пахтанын баасы өсө баштады, ошондон улам, быйыл пахта айдоо аянты 2200 гектарга көбөйтүлдү деди.

“Тамекинин аянты да 1 миӊ гектарга көбөйгөнү турат. Ал эми картошканын аянты 3200 гектарга азаят", - деди министр.

Кувейтке сапар. Эль-Кувейт шаарында экинчи кыргыз-кувейт форуму болуп өттү. Форум КРнын Кувейттеги элчилигинин жана Кувейттин Соода-өнөр-жай палатасынын колдоосу менен уюштурулган.

Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Шумкарбек Адылбек уулу билдиргендей, форумда Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылган.

"Каржы ресурстарын туризм тармагына тартууга, ошондой эле айыл чарба өнөр-жайынын продукцияларын жеткирүү боюнча маселеге басым жасадык. Презентация “Мөл Булак” компаниясынын башкы директору Баьур Төлбаев тарабынан кылынды. Эмил Үмөталиев болсо туристтик потенциал тууралуу маалыматтар боюнча бөлүштү”, - деди ал.

Шумкарбек Адылбек уулу Кувейт Кыргызстан анча алыс эмес экенин, биз тыгыз кызматташкан Москва, Корея, Кытайдын түштүк бөлүгүндөй аралыкта турарын белгиледи.

Коррупциялык депозит. Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын маалыматы боюнча, 2019-жылды8 18-февралына карата экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндан орду толтурулган акча каражаттарды сактоо жана каттоо үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке 1 млрд. 52 млн. 665 миң сом которулган.

Анын ичинен:

- 497 млн. 916,1 миң сом Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан которулган;

- 194 млн. 905,5 миң сом Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тарабынан которулган;

- 357 млн. 657,7 миң сом КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан которулган;

- 2 млн 185,6 миң сом Ички иштер министрлиги тарабынан которулган.

Кувейттик банк. Эль-Кувейт шаарында Инвестицияларды илгерлетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу Кувейт каржы үйүнүн башкармалыгынын жана анын бир уюму болгон "Turkapital" компаниясынын мүчөсү Фаваз Исса менен жолугушту.

Жолугушууга кыргыз тараптан Кыргызстандын Кувейттеги элчилигиндеги кеңешчи Абдулазиз Ботбаев жана "Мол Булак Финанс" компаниясынын башкы директору Бабуржан Төлбаев катышышты.

Агенттиктин директору Кыргызстандын банк системасы жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө айтып берди. Ошондой эле ал ислам банкын ачуу боюнча презентация жасады.

Декларация тапшыргандар. 2019-жылдын 20-февралына карата 49 миң 823 салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды.

КР Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, анын ичинен 9 миң 169 юридикалык жак, 25 миң 732 жеке ишкер, 4 миң 387 жеке жак, 5 миң 860 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 4 миң 675 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер.

Эске салсак, 1-мартка чейин юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар былтыркы жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек.

Чарчы метрге болгон баа. Бишкек шаарында 2019-жылдын февраль айынын биринчи декадасында 104, 105, 308-сериясындагы 1 чарчы метр аянттагы батирдин баасы 763,4 АКШ долларын түзгөн.


КР Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, бул көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу 1,3%га көп.

Бишкектин түштүк кичирайондорунда 104-сериядагы бир бөлмөлүү батирлердин баасы чарчы метрине 4,03%га өскөн (878 $ чарчы метрине). Ал эми калаанын борборунда 104-сериядагы бир бөлмөлүү батирлерге баа чарчы метрине 824 долларды түзөт.

Өзүбүздүн банк. Кыргызстанда өндүрүш секторун өнүктүрүү максатында өзүнүн өнүгүү банкын түзүү керек.

КРнын 2019-2024-жылдарга каратат өнөр жайды өндүрүү Стратегиясын ишке ашыруу Планын талкулоонун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байбакпаев билдиргендей, мындай банктар бизнести өнүктүрүү үчүн жогору эмес үстөк менен “узак мөөнөттүү акчаларды” бере алмак.

“Банктар кредиттерди 15% жылдык үстөк менен берип жатса, кайсы өндүрүш жана бизнес тууралуу сөз болмок эле? Бизге өзүбүздүкү болгон өнүгүү банк керек. Ошондо гана биз экономика аны менен бирге бүтүндөй өнөр жай комплекси алдыга жылат деп айта алабыз”, - деп белгиледи Байбакпаев.

Аталган Планда жер казына, тамак аш, кайра иштетүү жана жеңил өнөр-жай жана ошондой эле курулуш менен туризм чөйрөлөрүн өнүктүрүүгө багытталган чаралардын комплекси каралган. Ошондой эле аймактарда жаңы жана токтоп турган ишканаларды ишке киргизүү да каралган.

Салык боюнча сall-center. 2018-жылы Мамлекеттик салык кызматынын маалымат борборуна салык салуу чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер боюнча кеңеш сурап 59,8 миң салык төлөөчүдөн чалуулар түшкөн. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 1,2 миң кайрылууга көп.

Салык кызматынын маалымат берүү борборуна кайрылгандардын жарымынан көбү КНСти башкаруу менен байланышкан маселелерге кызыгышкан.

Ошондой эле жарандар Бирдиктүү салык декларациясын толтуруу жана берүү, сатуудан алынуучу салыкты, жергиликтүү салыкты башкаруу, салык жол-жоболорун фискалдаштыруу (электрондук патент, ККМ-онлайн) ж.б. маселелер боюнча да кайрылышкан

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий