Кыргызстандын экономикалык жумалыгы - 16-21.10.2017

1514 кароо Аналитика 0

Сүт шлагбауму. Апта башында болжолдолуп жаткан кризис Казакстанга товарларын экспорттогон Кыргызстандын сүт азыктарын өндүрүүчүлөрүнө сокку урду. Казакстанга ташууга дароо беш сүттү кайра иштетүү ишканаларына тыюу салынды.мында чечим буга чейин ишканаларды текшерүүдө жана ташылган продукцияларга мониторинг жасоодо бузуулар аныкталгандыгына негизделген. Бул тууралуу казакстандык ЖМКлар эки кыргыз ишканасынын айрым продуктуларына лабораториялык көзөмөл күчөтүлгөнүн жазып чыгышты.

Курчуу 2017-жылдын 10-октябрында кыргыз-казак чек арасында күчөтүлгөн ветеринардык көзөмөл киргизилген. Алты чек аралык ветеринардык постторунда 32 инспектор иштөөдө.

Казак бийлигинин чечими айрым ишканаларды экспортко багытталган сүт азыктарын чыгарууну токтотууга мажбур кылды. Бул компаниялардын жетекчилиги мындай чечимди алардын продукциясы тез бузулуучу болгондуктан, көп убакытка күтүүгө болбой турганы менен түшүндүрүштү. “Кантсүт” ЖЧКсынын башкы директору Сүйүнбек Кадыров кризиске чейин ишкана Казакстанга экспорттоо үчүн 10 тоннадан 20 тоннага чейин сүт азыктарын өндүргөнүн билдирди. “Биз күнүнө Казакстанга 10 тоннадан ашык экспортточубуз, ташууда дагы эч кандай кыйынчылыктар жок болчу. Кризистен кийин дароо экспорттук өндүрүштү токтоттук. Учурда ички рынок үчүн гана өндүрүп жатабыз”.

Аба жүргүнчүлөрүн ташуу. “Манас” аэропорту аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуу Бишкекте 2017-жылдын 9 айында 445 миң 245 жүргүнчүгө өсүп, 2016-жылга салыштырмалуу 2 млн 688 миң 493 адамды түздү. Алардын ичинен ички аба каттамдары 979 миң 793 адам, эл аралык - 1 млн. 708 миң 700 адам. Суткасына аэропорт орто эсеп менен 9,9 миң жүргүнчүнү тейлейт. 2016-жылы 8,3 миң жүргүнчү тейленчү.

Ошону менен бирге көрсөтүлгөн мезгилде 23 миң 796 каттам тейленген, бул өткөн жылдан 3 миң 248 каттамга көп. Алардын ичинен эл аралык багыттар боюнча – 15 миң 624 каттам, ички багыттар – 8 миң 172 каттам.

Өз алдынча:

“Манас” эл аралык аэропорту” ААК Бишкек филиалы 15 миң 874 каттамды тейледи: ички – 11 миң 790, эл аралык 4 миң 84. Жүргүнчүлөрдү ташуу 1 млн 692 миң 581 адамды түздү. Алардын ичинен ички аба каттамдары 487 миң 123 адамды тейлесе, эл аралык каттамдар – 1 млн 151 миң 458 адам.

Ош филиалы: 7 миң 654 каттам тейленген: ички – 4 миң 6, эл аралык – 3 миң 648. Жүргүнчүлөрдү ташуу 1 млн 38 мң 201 адамды түзгөн. Алардын ичинен ички аба каттамдары боюнча 488 миң 766 адам, эл аралык – 549 миң 435 адам.

Ысык-Көл филиалы: Тамчы айылында 268 каттамды тейлеген: ички – 82, эл аралык – 186. Жүргүнчүлөрдү ташуу 11 миң 711 адамды түздү. Алардын ичинен ички аба каттамдары боюнча 3904 адам тейленсе, эл аралык – 7807 адам.

Талас төө буурчагы. Талас төө буурчагы бул жылы килограммына 45ден 60 сомго чейин чыгат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Даир Кенекеев билдирди.

Анын айтымы боюнча, айдоо жер аянтынын дээрлик жарымына буурчак отургузулган.

“Түшүм дээрлик жыйналып бүттү. Биз ири сатып алуучулар менен байланышканбыз, алар Кыргызстанга президенттик шайлоодон кийин келе тургандыктарын айтышкан. Меним оюнча жакында массалык сатып алуу башталат. Төө буурчакты биздин дыйкандар дүйнөнүн 30 өлкөсүнө сатышат. Бирок ири сатып алуучулар – түрктөр”,-деди ал.

Түстү төө буурчак, Кенекеевдин айтуусу боюнча, бүгүнкү күндө 60 сом, ал эми ак төө буурчак – 45 сомдон 60 сомго чейин жетет.

“Баа былтыргына салыштырмалуу ошол эле боюнча. Баа бир аз жогорулап, дыйкандардын эмгеги акталат деп ишенебиз”,-деди ал.

Төө буурчактан сырткары, Талас облусунун жашоочулары калемпир, кызылча, буудай, жүгөрү, картошка жана беде өстүрүшөт.

“Жерүй” боюнча айып. Россиялык “Ведомости” басылмасына таянуу менен бир катар ЖМКларда жарыяланган “Русская платина” компанияларынын тобу “Жерүй” кенин ишке киргизүүнү 2 жылга токтоткону жана бул үчүн ага штрафтык санкциялар болушу тууралуу маалыматтарга байланыштуу КР Өнөр жай, энергетика жана тоо-кен иштетүү мамлекеттик комитети түшүндүрмө жасады.

“ЖМКларда төмөнкү анык эмес маалымат көрсөтүлгөн “Лицензиянын шарттары боюнча быйыл кенде жарым долбоорлук кубаттуулукта алтын чыгаруучу фабрика иштеп баштоосу керек эле. Бирок “Русская платина” азырынча ишке даярдыктарды көрө элек”.

Бул маалымат чындыкка дал келбейт, анткени КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-февралында буйругу менен бекитилген сынактын шарттарына ылайык, компания макулдашылган мөөнөттө алтын чыгаруучу фабриканы (АЧФ) куруп, АЧФ жана калдыктарды сактоочу жайды Техникалык долбоорду тиешелүү органдар менен макулдашкан мөөнөттөн 18 айдан кеч эмес убакытта ишке киргизүүчү керек.

№3 лизенциялык келишимде белгиленген мөөнөт бузулган шартта лицензиат курулуш жана ишке берүү бузулган, форм-мажордук жагдайлар тышкары шарттарда 100 миң доллар өлчөмүндө айып төлөөгө макулдашат.

Маалыматта көрсөтүлгөндөй, Техникалык долбоор 2017-жылдын 28-августунда макулдашылган. Демек, 18 ай 2019-жылдын 28-мартында бүтөт.

Бут кийим долбоору. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылындагы бут кийим фабрикасы менен каржылоо келишимине кол койду. “Империал Групп Компани” ЖЧКсы – бул биринчи заманбап атамекендик, өндүрүштө Италия санариптик технологияларын жана роботторду колдонгон бут кийим фабрикасы.

Материалдары жана зарыл каражаттар Россия, Италия жана Түркиядан алынып келип, бардык стандарттарга жооп берет, сапатына жана экологиялык коопсуздугуна кепилдик берилет. Учурда фабрика аялдар бут кийимдерин чыгарууда. Дизайнер-модельерлер көрктүү жана ыңгайлуу моделдери жасашууда.

Долбоор жарандык жана атайын багыттагы бут кийимдерди өндүрүүнү түзүүгө жана аны кеңейтүүгө багытталган. Ошондой эле сапаттуу европа деңгээлиндеги бут кийимдерди импорттоону алмаштырууну, болгондо да жеткиликтүү баада ишке ашырууга арналган. Компания бут кийимдин дагы эки түрүн чыгарууга кошумча жабдууларды алууну пландап жатат. Алар – күч түзүмдөрү үчүн ботинкалар жана атайын жумушчу бут кийимдер.

Өнүктүрүү фонду 25 ай ишмердигинде 780 долбоорду 254 млн долларга каржылаган.

Moody’s боюнча өлкөлөрдүн рейтинги. Аптада Moody’s Investors Service рейтингдик агенттигинин талдоочулары Кыргызстанга өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн аныктоо үчүн келишкен.

Moody’s эксперттери министрлик жана ведомстволордун өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык каржы институттары, коммерциялык банктар менен жолугушууларды өткөрүштү. Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров агенттиктин аналитиктери менен жолугушуп, Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу үчүн рейтингдин маанилүүлүгүн белгилеп, өлкөдөгү социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр, акыркы жылдардагы экономикалык реформалар тууралуу айтып берди.

Абакировдун айтымында 2017-жылдын январь-сентярбында Кыргызстандын ИДПсы 334 млрд 983,9 млн сом болсо, чыныгы өсүшү 106,4%ды түзгөн. Доллар менен алганда бул болжолдуу 4,8 млрд болот.

Министрдин орун басары республикага түз чет элдик инвестициялардын келишинин динамикасын жана түзүмүн белгилеп, 2017-жылдын жарымында 369,5 млн доллар болгонун айтты. Ошондой эле Кыргызстандын 2017-жылдын 8 айындагы тышкы соода айлантуусу 3,8 млрд долларды түзүп, өсүш 12,1% болгону белгиленди.

2015-жылы Экономика министрлиги Moody’s Investors Service рейтингдик агенттиги менен келишимге кол койгон. 2016-жылдын декабрында агенттик Кыргызстандын “В2” деңгээлиндеги рейтингин “туруктуу” деген божомол ырастаган.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий