Кыргызстандын 2018-2019-жылдагы жетишкендиктери: Аймактарды өнүктүрүү

Аналитика 0

Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында ал багыттар боюнча бир катар иштер аткарылууда. Мамлекет тарабынан аймактарды өнүктүрүү багытында көрүлгөн чаралардын аркасы менен биринчи жыйынтыктар көрүнө баштады.

Маселен, облустарды комплекстүү түрдө өнүктүрүү үчүн 3 кластерди (айыл-чарба өнөр жайы, туристтик жана тигүүчү-текстиль) ишке киргизүү боюнча мастер план иштелип чыкты.

Аймактарды өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен 2 млрд сом бөлүнгөн.

Өкмөттүн алдындагы өнүктүрүү программа, инфраструктуралык жана инвестициялык бизнес долбоорлорду тандоо боюнча сынак комиссиясы каржылоо үчүн 4 долбоорду тандап алган.

2019-2023-жылдарга карата Кыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшүн реформасын жүргүзүү боюнча координациялык кеңеш түзүлүп, анын жол картасы иштелип чыккан.

"Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фонду түзүлгөн.

Бул иштердин баары жакынкы жылдары аймактардын өнүгүшүнө түрткү берет деген үмүт менен жасалууда.

Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында дотация алган калктуу пункттарда ачылган өнөр жай жана инновациялык ишканаларга салыктык жеңилдиктерди берүү боюнча салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилгенин айтып кетүү керек. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, экспортко багытталган өнөр жай, жеңил жана кайра иштетүүчү өнөр жай, энергетика жана куроочу өндүрүш ишканалары пайда салыгынан, сатык салыгынан, мүлк салыгынан жана жер салыгынан 5тен 10 жылга чейин бошотулган.

Андан тышкары, жергиликтүү бийликтин каржы-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча иштер жасалган. Киреше салыгын баскыч-баскыч менен жергиликтүү бюджеттин эсебине өткөрүп берүү чечими кабыл алынган. 2019-жылы эле киреше салыгын 50/50дөн 70/30 деп карап чыгуудан жергиликтүү бюджетке 2,1 млрд сом кошумча берилет. Андан тышкары, аймактардагы өнөр жай ишканаларын колдоо үчүн бюджеттин өзүнчө беренесинде 2 млрд сом каралган.

Жергиликтүү бийликке башкы планын иштеп чыгуусу үчүн 2025-жылга чейин жыл сайын республикалык бюджеттен 50 млн сомдон бөлүп туруу чечими кабыл алынган.

Насыялоону арттыруу үчүн "Кепилдик фонд" ачык акционердик коомуна кошумча 300 млн сом берилип, уставдык капиталы 582 млн сомго чейин көбөйгөн.

2018-жылы 755 млн сомго 655 кепилдик берилген. Аймактык масштабдагы долбоорлордун санын арттырыш үчүн фонд түз каржылоо босогосун 1 млн доллардан 200 миң долларга азайтты.

Санариптешүү жылынын алкагында бардык мамлекеттик кызматтарды электрондук түргө өткөрүү пландалууда. Ошондой эле "Коопсуз шаар" ишке кирип, мектептердеги окуу процесстерин санариптештирүү жүрөт.

Аймактардагы абал боюнча маалымат берүү үчүн президенттин басма сөз кызматы журналисттер үчүн жети дубан боюнча пресс-тур уюштурду. Бир ай ичинде журналисттер өкмөттүн облустагы өкүлү, аким жана айыл өкмөт башчылары менен бирге аймактын экономикалык абалы, тургундары менен таанышышты.

Баардык облустарда ички инвестициянын артканы байкалат. Өкмөттүн коммерциялык банктар менен бирге берген насыяларынын жана Кыргыз-россиялык өнүктүрүү фондунун насыяларынын эсебинен аймактарда логистикалык борбор ачууга, кайра иштетүү, балык багуу, малдын башын көбөйтүүгө, туризмди өнүктүрүүгө басым жасаган ишкерлердин жаңы тобу чыгууда.

Учурда ар бир облуста ВСП+ менен ЕАЭБдин талаптарына жооп берген касапкана жана логистикалык борборлор бар деп айтууга болот.

Ош облусунун Өзгөн районунда Зайна Базарбаева аттуу ишкер ЕАЭБ талаптарына туура келген касапкана ачкан. Анын айтымында, касапкана Россиядагы мыкты деген касапканаларынын долбоору боюнча жасалган. Эми алар алдыда өзү чыгарган өнүмдөрүн сырт жакка чыгара баштайт.

Жалпы 2019-жылдын 6 айында Ош облусуна 2 млрд 854 млн 697 миң сом инвестиция тартылган. Жыл башынан бери 37 ишкана түзүлүп, 500 жумушчу орун түзүлгөн.

Ал арада, Баткен облусунун Лейлек районундагы Белес тилкесиндеги "Жаңгакты" дарыясынын жээгинде жергиликтүү ишкер Асан Калбеков 70 млн. сомго кичи ГЭС куруп жатат. Ал эми Исфана шаарында гинеколог Жаркынай Ганыева диагностикалык лаборатория жана физио дарылануучу кабинети бар заманбап медициналык борбор ачкан.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жергиликтүү ишкер Абдыкапар Каипов өнөктөштөрү менен биргеликте айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү ишкана ачкан. Анын айтуусу боюнча, завод күнүнө 300 тонна айыл чарба азыгын иштетүүгө ылайыкташтырылган. Ошондой эле Аксы районунун Кербен шаарында жергиликтүү аэропорт колдонууга берилгени турат. Санариптештирүү Ала-Бука районунун аймактык ооруканасында да ишке ашууда: ооруканада сервер орнотулуп, бейтаптардын жана алардын оорусуунун таржымалы электрондук түрдө каттоого алынууда.

Нарын облусунда, Соң-Көлдө жергиликтүү ишкерлер туристтик бизнести өздөштүрүүдө. Көлдүн айланасында 8 боз үй айылдары тургузулуп, аларга Европа, АКШ менен КМШ өлкөлөрүнөн коноктор келүүдө. Ал айылдын ар бири жылына дээрлик 4 миң туристти кабыл алат. Облуста эт азыктарын жана сүттү кайра ишетүүчү ишканалар ачылууда. Азыркы тапта Нарын шаарында, Кыргызстан ичинде белгилүү компаниялардын бири ири ишкана ачып, жумасына 150 тонна сүттү кайра иштетет.

Облуста жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү ийгилитүү жүрүп жатат десе болот. Сүлүктүдөгү көмүр 150 жылдан бери казылып келет. Учурда шаарда жаңы технологиялар менен иштеген 30дан ашык шахта бар. Жылына дээрлик 230 миң тонна көмүр казып алынат.

Талас облусунда да өсүштөр байкалат. Таластагы "Жерүй" алтын кенинин ишке кириши да облустун өнүгүшүнө түрткү берет: Андан жыл сайын салык катары дээрлик 3 млрд сом түшүп турмакчы. Түшкөн пайданын 2%ы Талас облусун өнүктүрүү фондуна түшүп турат. Ал 2% болжол менен 500-600 млн сом болот. Өкмөттүн Таластагы өкүлү Марат Мураталиевдин айтымы боюнча, фонддун каражаттарын социалдык керектөөлөрдөн тышкары, жумушчу орундарын түзүү үчүн кайра иштетүүчү жана жеңил өнөр жай ишканаларына жумшоо пландалууда.

Ысык-Көл облусунда, жер-жемиштерди кайра иштеткен бир катар ишкана иштеп келет: Облуста шире, кыям чыгарган ири ишканалар бар. Ысык-Көлдүн балынын экспорту жылдан-жылга артууда. Жалпысынан жылына облуста 900 тоннага чейин бал алынат. Облустун дээрлик баардык мектептеринде окуучуларга ысык тамак берилүүдө. Аны менен бирге мектептерде "акылдуу мектеп", "электрондук күндөлүк", "мектепке электрондук кезек", "коопсуз мектеп" электрондук платформалары иштеп баштаган. Бүгүнкү күнгө карата облус 50%га таза суу менен камсыз болуп, 2023-жылга чейин толук түрдө суу менен камсыздалат.

Башка облустардай эле Чүй облусунда да бир топ ишкана ачылган. Сокулук, Кемин районунда, Кант, Токмок жана Кара-Балта шаарларында ишканалар ачылууда. Маселен, Сокулук районунун Новопавловка айылында бут кийим тиккен фабрика ачылган. Бул фабрикада роботтор менен санарип технологиялар колдонулуп, бут кийим тигүү үчүн керектүү жабдыктар Россия, Италия, Түркиядан алынып келет. Ишканадан билдиришкендей, анын курулушуна 3 млн 100 миң доллар сарпталган.

Пикир

Оставить комментарий