Кыргызстан менен КЭР СУАРдын соода алаканы өнүктүрүүсү

Аналитика 0

Кыргызстан менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району – кызматташууга ири мүмкүнчүлүгү бар арасы жакын аймак. Жакында эле, Бишкекте Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын алдындагы "Кыргызстан – КЭР СУАР" Координациялык тобунун X отуруму болуп өттү.

Отурумда сүйлөгөн экономика министри Олег Панкратов, өнүккөн экономикасы бар, дүйнөлүк алдыңкы мамлекеттин бири жана ири дүйнөлүк экспортер менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты арттыруу Кыргызстандын тышкы экономикалык иштеринин артыкчылыктуу багыттарынан болорун белгиледи.

Кытай Эл Республикасы (КЭР) жана КЭР Синьцзян-Уйгур автономиялык району (СУАР) Кыргызстандын негизги стратегиялык жана инвестициялык өнөктөшү болуп келет. Ошондой эле эки өлкөнүн элин узак достук жана өз ара мамилелер бириктирип турат.

"Координациялык топтун ишмердиги бир нукка түшкөнүн айтып коюу керек. Кыргызстан менен КЭР СУАР ортосунда тыгыз экономикалык байланыш бар, аны менен бирге ишкердик өнөктөштүк түзүлгөн. Жыл сайын Кыргызстан менен Кытай ар кайсы деңгээлде кызматташуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп келет. Алсак, 2018-жылы июнда президент С. Жээнбековдун Кытайга болгон мамлекеттик сапары жана 2018-жылы октябрда өкмөт башчы М. Абылгазиев менен КЭРдин Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцяндын Тажикстандын Душанбе шаарындагы Шанхай кызматташтык уюмунун Өкмөт башчылар кеңешинин 17-отурумундагы жолугушуусу жана башка сапарлар ар тараптагы кызматташууга дем берип келет". - деди ал.

Андан тышкары, Кыргызстандын өкүлдөрү "Кытай - Евразия" ЭКСПО көргөзмөсүнүн ишинде дайыма катышып келет. Ал эми, кытай тарап "Ысык-Көл" эл аралык экономикалык форумунда жыл сайын катышат. Бул жолугушуулар жана иш-чараларда катышуу тараптардын баардык багыттар боюнча кызматташууну арттырууга умтулганын көрсөтүп турат. Өндүрүш кубаттуулугун бекемдөө, соода-экономикалык, инвестициялык жана гранттык кызматташуу, чакан жана орто бизнес тармагындагы кызматташууну колдоо тармагында кызматташуу жөнүндө болгон келишимдер кыргыз-кытай алакасын бекемдөөгө түрткү берет.

"КР менен КЭР ортосундагы кызматташуунун деңгээли жана форматы жыл сайын жогорку деңгээлге чыгып, ал эки жана көп тараптуу деңгээлде өнүгүп жатканын белгилеп коюу керек. КЭР менен чектешкен жерде "Нарын" эркин экономикалык аймак катары белгиленген Нарын облусунун жайгашкандыгы оң факторлордун бири. Анын аймагы аркылуу Бишкек – Нарын – Торугарт - Кашгар стратегиялык унаа жолу өтүп, ал чек арадагы сооданын өнүгүшүнө түрткү берет", - деди министр.

Панкратов, кытай тарапка Нарын эркин экономикалык аймагында Өнөр-жай-соода-логистикалык комплекс курууну караштырып көрүүнү сунуштады. Ал кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан экспорт индустриясы, комплекстүү инфраструктурасы жана логистикалык системасы өнүккөн көзөмөл-өткөрмө пункту бар ири аймак болуп калмак. Бул комплекс, Кыргызстандын аймактык бизнес-борбору, аны менен катар Азиянын соода жана логистикалык хабы катары калыптанышын ишке ашырып, алдыда өзүнүн продукцияларын ЕАЭБдин жана Европа биримдигинин рынокторуна чыгаруусу божомолдонууда.

"Арийне, соода – эки тараптуу кызматташуунун абалын чагылдырган маанилүү көрсөткүч. КЭР, Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири жана 2018-жылдын жыйынтыгы менен соода жүгүртүүдө биринчи орунда турат. КЭРдин КРнын соода жүгүртүүсүндөгү үлүшү 30%ды түзөт. Анын ичинде экспортто – 3,5%, импортто – 39,6%. 2014-2018-жылдар аралыгында КР менен КЭРдин соода жүгүртүүсү 1,6 эсе өскөн. Анын ичинде экспорт – 1,9 эсе жана импорт – 1,6 эсе. Кыргызстан айыл-чарба продукциясы, бодо мал эти, сүт азыктары, сыр, жашылча, жемиш, жаңгак, бал, фасоль продукциялары боюнча жакшы экспорттук мүмкүнчүлүктөрү бар жана Кытайдын базарларына сапаттуу экологиялык таза азыктарды сатууга даяр. Белгилүү болгондой, кытай керектөөчүлөрүнүн сапаттуу, таза азыктарга суроо-талабы артып жатат. Мындан улам, бул багытта кызматташуу эки тарап үчүн тең пайдалуу болмок деп эсептейбиз", - деди ал.

Андан тышкары, өнөктөштүк экономикалык мамилени арттыруу жана бекемдөө үчүн унаа жол байланыштарын өнүктүрүү керек. Бул маселелерди чечүү өз ара соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө түрткү берет. Белгилүү болгондой, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүдө тыгыз кызматташуу экономикалык түйүндүн бирдиктүү соода тармактарын түзүүгө жана жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу үчүн зарыл.

Бирок, өкмөттөн белгилешкендей, тилекке каршы, кыргыз-кытай унаа жолдорундагы пункттарда айыл-чарба продукцияларынын оңой өтүүсү үчүн "жашыл коридор" долбоору күткөндөй жыйынтык берген жок. Ошол эле учурда, өкмөттөн билдиришкендей, биргеликте жасалган аракеттердин жардамы менен долбоор соода мамилелердин өсүшүнө маанилүү жагдай болуп, алдыда күтүлгөн жыйынтыкты берет.

Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районунун Элдик Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Чжао Циндин айтымында, кытай тарап Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун жана логистикалык аймакты куруу долбоорун олуттуу түрдө караштырып жатат.

"Бир алкак - бир жолдун" курулушу менен эки өлкөнүн ортосундагы мамиле тереңдеп жатат. 2018-жылы июнда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Кытайда болуп, төрага Си Цзиньпин менен жолугушту. Бул сапардын алкагында КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин менен КРнын президенти Сооронбай Жээнбеков биздин мамилелердин жаңы деңгээлге, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлгөнүн билдиришкен. Бул биздин координациялык топтор үчүн жаңы багыттарды берип, мамилелерди арттырууга дагы түрткү болууда. Кытайдын Борбордук комитетинин жаңы буйруктарына ылайык, биз Кыргызстан менен ар тараптуу жана көп тармактуу кызматташтыкты арттырабыз", - деди ал.

Кыргызстан "Бир алкак-Бир жол" демилгесинин түзүлүшүнө өзгөчө маани берип, ар тараптуу колдоо кылып келет жана СУАР менен гуманитардык жана баардык тармактарда кызматташууну тереңдетүү ниети бар.

"Биздин тараптар, соода-экономика, каржы, транспорт, айыл-чарба, билим берүү жана башка тармактардагы кызматташууда көп жетишкендиктерге жетти. Инвестициялык кызматташуу жана улуттук валюталар менен алмашуу, бажыдан өтүү, энергетикалык ресурс жана алыстан медициналык кызмат көрсөтүү тармактарында кызматташуу артып келет", - деди Чжао Цин.

X отурумдун протоколу соода-экономикалык, айыл-чарба, өнөр-жай, медицина жана саламаттыкты сактоо, билим берүү жана илим, туризм тармактарындагы кызматташууну камтыды.

Тараптар Координациялык топтун соода-экономикалык, энергетика, айыл-чарба, медицина, билим берүү жана башка чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташууну арттыруудагы ишин жогору баалап, эки тараптуу мамилелерди тереңдетип, ар тарапта кызматташууну арттыруу пикирине келишкен.

Пикир

Оставить комментарий