Кыргызстан, Беларусь жана Россиядагы митингдер: өз ара байланышы же жалпы себептери барбы?

Аналитика 0

25-мартта Кыргызстанда жана Беларусияда митингдер өттү. Кийин жекшемби 26-мартта Россияда дагы коррупцияга каршы ураандары менен адамдар акцияга чыгышты. Айрым баяндамачылардын пикиринде, бул митингдердин өз ара байланышы бар, ал эми кээ бир саясат таануучулар башка ойдо. Ошондой эле, көпчүлүктү аталган иш-чаралардын тамыры батышка кетээри жана бардык нерсе биз каалагандай оңой эмес экендиги кызыктырат.

«Далил+» эксперттик клубунун өкүлү Марс Сариев Кыргызстан, Беларусь жана Россиядагы митингдердин ортосунда координациянын болушу тууралуу - бул өлкөлөрдөгү митингдер өз ара байланыштуу экендигин айтууга болбостугун белгилейт.

“Ошондой эле, бул кубаттуу либералдык күчтөрдүн же либералдык фронттун чабуулун күбөлөндүрбөйт. Мында жалпы бир тутум бар деп ойлобойм. Бирок, Москва жана Беларуста бир учурда болуп жатканында, байланыш бар экени шексиз. Ошол эле учурда Бишкек дагы кыйыр таасирге ээ экендигин четке кага албайм”, - деди саясат таануучу.

Ал ошондой эле, либералдык чөйрө Минск жана Москва – эки фронту боюнча чабуул жасоо үчүн албетте, координация кыла тургандыгын кошумчалады. “Бирок Бишкекте баары өз ара байланыштуу деп айтпас элем. Анткен менен бир факт тынчсыздандырат. Карасаңыз, С.Жапаров Бишкекке келе тургандыгы тууралуу жар салганда, анын тарапташтары Россиянын көптөгөн шаарларынан учуп келишти. Болжол менен 300дөн ашык адам”, - деп баса белгилейт ал.

Саясат таануучу белгилегендей, Кыргызстан ЖККУ, ЕАЭБ, бирдиктүү аймак мүчөсү болуп эсептелет жана Кыргызстанды туруксуздандыруу туура эмес. Ал эми Бишкекте өткөн митинг – бул өлкөнү туруксуздандыруу аракети экендиги талашсыз. “С.Жапаров издөөдө экендигине карабастан, Казакстанда өзүн эркин алып жүрдү, казак тарап буга көз жуумп койду, мигранттардын жана анын тарапташтарынын Кыргызстанга массалык түрдө учуп келишине россиялыктар дагы жөн гана көз жуумп коюшту”, - деп белгилейт М.Сариев.

“ФКК жана УКК тарабынан, -дейт ал, мындай иштер демейде өз ара байланыштуу болот, бирок, бул жолу андай болгон жок. Бул эмнени күбөлөндүрөт? Бул Москвадагы саясий күчтөрдүн ортосундагы күрөш КРда өткөн окуяга кандайдыр бир таасир берерин билдирет. Себеби, адатта күч ведомстволору жойгон Кыргызстанды туруксуздандыруу аракети менен кандайдыр бир алдын алуу же координациялоо чараларынын ортосунда байланышты байкаган жокмун. Мында, көрүп турганыбыздай, казак тарап да, россиялык тарап да көз жуумп коюшту. Болгону ушул”.

Кандайдыр бир батыштык өңүт бар экендиги тууралуу саясат таануучу, Москва, Беларусь жана Кыргызстанда либералдык долбоорлор – бул батыштык долбоорлор экендигин айтат. “Жогоруда айтканымдай, Москвада кармаш либералдардын ортосунда, айталы, каршы туруучу тарап менен жүрүп жатат. Либералдык долбоорлордун тамыры Вашингтон же жалпысынан Батышка кетет”, - деп кошумчалады ал.

Ошондой эле, Марс Сариев жакын арада Казакстанда жана башка Борбор Азия өлкөлөрүндө туруксуздаштыруу аракеттерин күтүүгө болору тууралуу айрым саясат таануучулардын пикирине кошулбайт.

“Мисалы, Казакстандын ал бөлүгү экстремисттик багыт алган, ал эми түндүк Казакстан, Актобе жана башка шаарлары, өлкөнүн азыркы бийлигине нааразы болгон либералдар, алды менен Кыргызстанды чыңалтуу керектигин, андан соң бул өз алдынча автоматтык түрдө коңшу өлкөлөргө жайыларын түшүнүшөт. Буга байланыштуу алар биздин өлкөгө үмүт кылышат. Ошондуктан, бизге коңшу өлкөлөрдүн активисттери жана каршылаштары оңой эле кире алышат”, - деп эсептейт саясат таануучу.

«Далил+» эксперттик клубунун өкүлүнүн айтымында, мурда Кыргызстанда Өзбекстандын мурдагы бийлигинин каршылаштары жигердүү орун алып келишкен. Казакстандын түндүгүнөн келген, Назарбаевдин башкаруусуна каршы чыккан, диний активисттер азыр да бар. “Алар Кыргызстанда ыңгайлашууга аракеттенишүүдө, ошондуктан биз адаттагыдай эле алар үчүн бикфорд шнуру сыяктуубуз. Андан ары аймакка кетет. Себеби, Казакстанды тутантуу ишке ашпай калды. Жаңыөзөн, Актобе, Чымкенттеги акциялар канчалык катуу басылганын көрдүңүздөр. Мунун баары катаалдык менен жоюулуп жатат. Алардын полиция режими абдан катаал. Өзбекстан тууралуу айтпай эле коеюн, Тажикстан дагы толугу менен өчүрүлгөн, Түркмөнстан абсолюттук түрдө полициялык мамлекет. Ошондуктан бардык нерсе бизде болот”, - деп жыйынтыктады Марс Сариев.

Өз кезегинде эл аралык иштер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов мындай дейт: “Биринчиден, КМШ мейкиндиги учурда геосаясий башаламандыкта турат жана баарын ири саясий транзит күтүп жатат. Ал Кыргызстанда 2005-2010-жылдары өткөн: биздин көргөнүбүз – эки революция, жаңы бийликтин келиши, жаңы саясий моделди түзүп жатканыбыз жана парламенттик мамлекет болууга умтулуубуз. Биздин башка КМШ өлкөлөрүнөн айырмачылыгыбыз – бул биздеги демократиязациянын жүрүшү”.

Саясат таануучунун байкоолору боюнча Өзбекстанда саясий транзит өткөн жылдын декабрында өтүп кетти. Казакстан анын босогосунда турса, Түркмөнстан жана Тажикстан жөн гана лидерлерин кайра шайлап алышты.

“Эгерде Россия жана Беларусту алсак, анда Россияда 2018-жылы президенттик шайлоолор өтөт. Менимче, бул жактарда жөнөкөй бир себептен координациялык байланыш жок – аларда өткөн митингдер сыртынан окшош көрүнгөнү менен белгилүү бир ураандары жок”, - деп белгилейт ал.

Саясат таануучу түшүндүргөндөй, ар кандай митинг – бул түздөн-түз демократиянын формасы, сен эркин жана куралсыз митингдерге, жүрүштөргө жана каршылык көрсөтүүлөргө катышып, тигил же бул маселе боюнча өз пикиринди билдире аласың. Бул жарандарга же мамлекетке ой-пикирлерди жеткирүү ыкмаларынын бири. Эгерде митингдер эркин жана куралсыз өтсө, анда бул мыйзамдуу жана туура.

“Бирок, маселе, Россияда 26-мартта өткөн митингдердин белгилүү бир максаты жоктугунда. Жалпы саясий жана экономикалык максаттар болгон эмес. Каршылык көрсөтүүлөр класстык мүнөзгө ээ болгон жок. Ошондой эле, митингдин катышуучулары ар түрдүү катмардагы жана саясий-экономикалык кызыкчылыктарынын байланышы жок адамдар экендиги кызыгуу жаратты. Анткени, жумушчу топтогу жана орто буржуаздык адамдарды бириктирүүгө болбойт, себеби алардын кызыкчылыктары ар башка – бири кирешени, экинчиси ишти каалайт”, - деп белгилейт эл аралык иштер боюнча эксперт.

Осмонбетовдун пикиринде, эң башкысы Россияда митингчилер саясий жана экономикалык маселелерди өз алдынча чечүүгө жөндөмдүү эместиги болуп саналат. “Алардын ураандарын алсак – коррупция менен күрөшүү, бул биз билгенден кеңири түшүнүк. Бул баарынан мурда Навальный менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Бул менин көз карашымда, келечекте шайлоолордо пайдалануу үчүн лоялдуулукту камсыздоо аракети болуп эсептелет. Кандайдыр бир деңгээлде бул PR-кампания”, - деп эсептейт саясат таануучу.

“Бирок, бир жагынан алганда,- дейт ал – Россияда алгачкы даярдыктардын белгилерин байкоого болот. Анткени ар бир шаарда уюштуруучулардын ядросу, митингге даярдануунун тиешелүү атрибутикасы болушу керек. Көптөгөн транспаранттар мурдагыдай колго жазылбастан, типографиялардан чыккандыктан, буга да убакыт керек”.

Мындан тышкары, саясат таануучу белгилегендей, митингдер тууралуу маалыматтар соцтармактарда, ошондой эле ТВ жана радио ресурстарда, сапаттуу түрдө жайылтылды.

Саясат таануучунун айтымында, бул алгачкы даярдыктар мурда эле жасалганын көрсөтөт.

“Бирок, мында маселе Россиядагы митингдер президенттик шайлоолорго даярдык мүнөзүнө ээ экендигинде эмес. Беларуста да, бул 2010-жылдан берки массалык чыгуулар. Бул жыл сайын өткөрүлүүчү Эркиндик күнүнө, Беларусь Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 99 жылдыгын майрамдоого байланыштуу. Бирок, быйыл катышуучулардын саны көп болуп, алардын саясий талаптары болгон жок. Менимче, бул жатып ичерликке каршы мыйзамга карата коомдук каршылык көрсөтүү болду. КМШ мейкиндигинде, жада калса, Азия жана Африкада мындай мыйзам жок. Бул салык күзүндө эле каршылык туудурган, бирок, чогулуп отуруп эми чыгып жатат. Ошондуктан, Эркиндик күнүндө мунун баары социалдык каршылык көрсөтүүгө айланды. Башкача айтканда, бул митинг көбүнчө социалдык мүнөзгө ээ. Андыктан, мында саясий өңүт жок, анын үстүнө Беларуста саясий оппозиция митингди баштаган эмес. Өзүбүз көргөндөй, анда мындай лидерлер болгон жок”, - деп эсептейт Э.Осмонбетов.

Ал Россия жана Беларустагы митингдердин байланышы жок экендигин дагы бир ирет белгиледи.

“Менин оюмча, парламент жакшы иштеп, көптөгөн ички, социалдык-экономикалык маселелерди чечип турса, мындай саясий шарттарга чейин жетмек эмес. Бул Кыргызстанга тиешелүү. Бирок, Беларуста да, Россияда да мындай эмес”, - деп кошумчалады эл аралык иштер боюнча эксперт.

“Албетте, Кыргызстанда маселе кыйла татаал. Бирок, митинг – бул калктын өз пикирин билдирүү формасы жана бул бийликке басым жасоо жолу деп айтууга болот. Эмнеге бийликке басым жасоо жолу экендигин түшүндүрө кетейин. Анткени, өлкөдө өз саясий максаттарына жетүүнү каалаган ар кандай саясий күчтөр бар, бул алардын өз мүмкүндүктөрүн көрсөтүү жана түшүндүрүү аракети болуп саналат. Митингдер калк менен бийликтин ортосундагы байланыштын бузулгандыгына байланыштуу пайда болот деп айтууга болбойт. Эгер батыш өлкөлөрүн алсак, адамдар көчөгө чыгышып, тынчтык менен өз нааразычылыктарын билдиришет. Европанын 60-жылдардагы тарыхына кайрылсак, алар да ушундай ыкма менен алмашканын көрөбүз”, - деди саясат таануучу.

Э.Осмонбетов, Беларусь, Россия жана Кыргызстандагы окуялардын өз ара байланышын көрбөй турганын дагы бир ирет кошумчалады. “Байланыш пайда болушу үчүн – революциялык кырдаал болушу керек, азыр андай жагдай жок. Анткени, бөтөнчө, массалык мүнөздөгү кандайдыр бир экономикалык же саясий окуялар болушу керек. Бирок, мен андай шартты көргөн жокмун. Бул көбүнесе бир нерсеге даярдык. Жана ушунусу менен Кыргызстан кыйла өзгөчөлөнүп турат”, - деп жыйынтыктады ал.

Эрмек Абдрисаев
«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий