КРге Өзбекстандын тышкы соода министри жетектеген делегациянын сапары күтүлүүдө

392 кароо Экономика 0

Бишкек, 06.02.18. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 8-9-февралында Кыргызстанга Өзбекстан Республикасынын тышкы соода министри Жамшид Ходжаев жетектеген делегациянын келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу КР экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 8-февралда КР экономика министри Артем Новиков Өзбекстан Республикасынын тышкы соода министри Ж. Ходжаев менен жолугушмакчы.

9-февралда делегациянын Ош шаарынын бир катар ишканаларына баруусу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий