“Кабар” МАБ: Маршруттук таксилерсиз борбордук көчөлөр, тыгындар жана экологиянын булганышы менен күрөшүү

1332 кароо Аналитика 0

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин үстүбүздөгү жылдын 23-январындагы жыйынында биринчи вице-премьер министр Аскарбек Шадиев 2018-жылдын күзүнө карата өкмөт калаанын борбордук көчөлөрүн маршруттук таксилерден бошотууга ниеттенип жатканын билдирди. Каттамдык кичи автобустардын ордуна өкмөт 350 автобус сатып алып, алар менен маршруттук таксилерди алмаштырып, Бишкектин борбордук көчөлөрүн бошотууга ниеттенишүүдө.

Чындыгында борбор шаарыбыздагы маршруттук таксилер маселеси курч турат. Тургундардын нааразычылыгынын башкы себеби - бул түзүлгөн узун тыгындар, маршруттук кичи автобустардын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуулары жана шаар көчөлөрү боюнча башаламан айдоолору.

Шаардын кеңейиши менен калк өсүүдө, маршруттук кичи автобустар бүгүн тургундардын көпчүлүк бөлүгү каттаган жалгыз унаа. Анткени троллейбустар жана автобустар бардык каттамдар боюнча жүрүп, ар бир конушка каттай бербейт. Мындан тышкары, бүгүнкү күндө муниципалитетте коомдук унаа жетишсиз, анын ичинде борбордун калкын толук кандуу тейлөө үчүн ошол эле автобустар жана троллейбустар аз.

“Кабар” маалымат агенттигине Бишкек шаарынын вице-мэри Геннадий Милицкий билдиргендей, Бишкек шаардык кеңеши мэрияга баалуу кагаздарды чыгарууга уруксат берген. Аларды сатуу менен мэрия автобустарды сатып алууга ниеттенүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча үстүбүздөгү жылы жалпысынан 350 автобусту сатып алуу күтүлүүдө.

“Шаардын борбордук көчөлөрүн бошотуу көптөн бери пландалууда. Бул багытта көп иштер жасалды. Бүгүнкү күндөгү башкы милдет – бул тыгындар жана экологиянын бузулушу менен күрөшүү. Учурда Бишкекте 2 миң 500 маршруттук такси, 110 троллейбус жана 130 автобус каттайт. Тагыраагы айырмачылык чоң. Троллейбус жана автобустар 12-13, ошол эле учурда кичи автобустар 118 каттамды тейлешет. Ошондуктан 350 автобус сатып алуу менен кичи автобустардын жүрүшүн толук алмаштырууга болбойт. Бирок, басымдуу бөлүгүн борбордук көчөлөрдөн алып таштоо мүмкүн. Бул максаттарда мониторинг жүргүзүлүп, кырдаал изилденген. Эгерде каржылоо ишке ашса, анда күзгө карата бул маселелерди аткарууга болот”, - деди ал.

Ал арада, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Абдувахаб Нурбаевдин пикиринде, бул маселени кароодо, алгач Бишкектиг экологиясы боюнча суроону коюу зарыл, анткени калаада автоунаалардан абанын булганышы байкалууда. “Кыргызстанда эң башкысы экология жана биз дем алып жаткан аба маселесине көңүл буруу зарыл. Дүйнөдө бардык өнүгүп жаткан өлкөлөр бул суроолорду артыкчылыктуу катары коюшуп, ушул стандарттардан улам тигил же бул чечимдерди чыгарышат. Дүйнөдө электромобилдер, газ менен жүргөн автоунаалар жана башка экологиялык таза унаа каражаттары кеңири жайылууда. Ал арада, бизде бул көйгөй жылдан жылга кыйындап барат. Ошондуктан жаңы автобустарды сатып алууда дал ошол экологиялык тазалыкка көңүл буруу кажет. Мисалы, газ жабдуусундагы автобустар үнөмдүү жана экологиялык таза болушат”, - деди депутат.

Маршруттук таксилерди автобус жана троллейбустарга алмаштыруу аркылуу борбордук көчөлөрдү бошотууга токтолгон депутат бул жакшы демилге экенин белгиледи. “Кичи автобустарды жүргүнчүлөр көп баткан автобус жана троллейбустарга алмаштыруу менен көчөлөрдү бошотуп, тыгындарды азайтып, зыяндуу бөлүп чыгаруулардын деңгээлин кыскартууга болот. Көңүл бурсаңыздар, абанын булганышынан коомдо балдар жана чоңдор арасында ар түрдүү оорулар пайда болууда. Чараларды көрүп, экология маселесине көңүл буруу мезгили келди”, - деп жыйынтыктады Нурбаев.

Буга жооп катары вице мэр Милицкий күтүлүп жаткан автобустар газ менен иштеген болушу мүмкүндүгүн айтты. “Муниципалдык транспорт автобазасында жеке инвестор газ толтуруучу станция ачты. Буга байланыштуу биз автобустарды газ менен жетиштүү камсыздай алабыз”, - деп билдирди вице мэр.

Мындан тышкары Милицкий күтүлүп жаткан автобустарды бардык зарыл талаптар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жапыз болушу, аба кондиционери ж.б. боюнча тандоо пландалып жатканын кошумчалады. Ал ошондой эле үстүбүздөгү жылы жаңы 52 троллейбус сатып алуу күтүлүп жатканын, мэрия алдын ала төлөм жүргүзгөнүн маалымдады. Атайын жаңы троллейбустар үчүн үч жаңы каттам ачылат.

Маселенин экономикалык жагы, экономист Жумакадыр Акенеевдин пикиринде, бул маселеде башкы болбошу зарыл. Анткени кеп шаардын абалы, анын экологиясы жана жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө болуп жатат.

“Эгерде мэрия баалуу кагаздарды сатуу жолу менен шаардагы экология жана тыгын маселелерин чечүүгө зарыл каражаттарды издөөгө ниеттенип жатса, анда бул идеяны колдоого алуу керек. Себеби маселе бар. Башкы маселе баалуу кагаздар чыгарылат жана алар канчалык акталарында турат. Эгерде жер тилкелерине болсо, анда албетте, алар жакшы сатылат”, - деп эсептейт эксперт.

Кичи автобустарды автобус жана троллейбустарга алмаштыруу боюнча, эксперт колдонууда экологиялык тазалык болушу керек деп белгилейт. “Бул өңүттөн алганда, шаар борбору үчүн троллейбустар абдан туура келет эле. Алар, биринчиден, электр тогу менен иштей, жүргүнчүлөр көп батат. Мисалы, Сеулда 80% унаа газ менен жүрөт, ал эми Венада автоунаалар шаардын борбордук бөлүгүнө киришпейт. Анткени ал жакта тургундар көбүнчө жөө басышат, атайын ат арабалар иштейт, велосипед менен жүрүшөт. Башкысы – бардыгы ден соолук үчүн пайдалуу”, - деди Акенеев.

Ишсиз калуу тобокелдигинде турганмМаршруттук таксилердин айдоочулары боюнча, эксперт, маршруттук таксилер ишсиз калышпайт, аларга болгон муктаждык дайыма боло берет деп белгилейт. “Алар ошондой эле каттай беришсе болот, бирок шаардын борбордук бөлүгүнө кирбей. Башкысы мэрия 350 автобус менен токтоп калбай, жыл сайын борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын жакшыртууну улантышы керек”, - деп жыйынтыктады эксперт.

Аман Алымбеков

Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий