«Кабар» МАБ: Кыргызстандын экономикалык жумалыгы

3293 кароо Аналитика 0

«Кабар» МАБ: Өткөн жумада Кыргызстанда экономикага байланыштуу бир катар маанилүү окуялар болуп өттү. “Кабар” маалымат агенттиги бул окуяларды талдап, алардын айрымдарына баяндама жасады.

Кыргызстандын экономикасына потенциалдуу инвесторлордун бири араб мамлекети. Перс булуңунун өлкөлөрүнөн жеке жана ири ишкерликти тартуу аракеттери Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Президенти кызматына келгенден тартып көрүлүп келет. Экономикалык мамилелерди активдештирүү максатында булуңдун бир катар өлкөлөрүндө Кыргызстандын элчиликтери ачылды. Анын ичинде, Сауд Аравиясында, Кувейтте, Катар жана жакын мезгилде Араб Эмираттарында ачылган. Соода-экономикалык мамилелердин жалпы көлөмүнүн 90%га жакыны Эмираттарга туура келгенине карабастан, Абу-Дабидеги Кыргызстандын элчилиги ачылганына аз гана убакыт болду. Бирок, ошону менен бирге Дубай шаарындагы Кыргызстандын консулдугу абдан ийгиликтүү иштеп келди. Толук кандуу иштеген түз каттаган авиакаттамдар бар. Ошол эле учурда булуңдун башка өлкөлөрүнүн талаптарына жооп берген шартта ири насыяларды инвестиция кыла турган каржылык зор потенциалы тууралуу жалпыга маалым. Бир эле Катар инвестициялык фондунун потенциалы 800 млрд АКШ долларына татыйт. Бирок алар азырынча Кыргызстанда көрсөтүлө элек.

Мамилелердин чоң потенциалын эске алуу менен бул өлкөлөрдөгү Кыргызстандын элчилери КРга араб ишкерлигин тартуу аракеттерин токтотпостон, жергиликтүү компаниялар менен көптөгөн жолугушууларды өткөрүп келишет. Өткөн жуманын башында КРнын Сауд Аравиясындагы элчиси Абдилатиф Жумабаев Эр-Риядда жергиликтүү ишкерлер менен бир катар жолугушууларды өткөрүштү. Анда Сауд Аравиясынын ишкер чөйрөсүнүн 30дан ашык өкүлү, анын ичинде «Аль-Мухайдиб» компаниясынын башкы директору Сулейман Аль-Мухайдиб, “Аль-Химма” холдингинин президенти Абдульазиз Аль-Бабтин, Saudi Parkinson society» компаниясынын аткаруучу директору Аднан Аль-Иса, «Аль-Саха» компаниясынын башкы директору Мажид Аль-Сувейлим, “Аль-Шахран” компаниясынын президенти ж.б. элчилик ишкер түзүмүнө Кыргызстандагы мыйзамдар, инвестициялык жана туристтик мүмкүндүктөр тууралуу маалымат беришип, Кыргызстандын туристтик жагымдуулугу жөнүндө «Kyrgyzstan: So much to discover» буклеттери, CD дисктер, жарнамалык брошюралары таратылды.

Сауд Аравиясынын ишкерлери Кыргызстан менен соода жана инвестициялар тармагында кызматташууга кызыкдарлык билдиришип, Кыргызстандын экономикасына мындан аркы инвестиция салуу үчүн потенциалдуу долбоорлорду милдеттүү түрдө карап чыга тургандыктарын билдиришти.

Кыргыз дипломаттары чыгыш багытында андан кем эмес жигердүүлүктө иштеп жатышат. Айрыкча, Кыргызстандын Кытай, Япония, Түштүк Корея жана Малайзиядагы элчилери. Өткөн жумада КРнын Гуанчжоудагы (КЭР) башкы консулу Максат Тентимишов Гуандун провинциясынын тигүү жабдууларын өндүрүүчүлөрүнүн Ассоциациясынын жетекчилиги менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстанда тигүү ишканаларын ачуу багытында кызматташуу мүмкүндүктөрү талкууланды. Кытайлыктарга кездеме жана кийим-кечелерди өңдүрүү, андан ары аларды ЕАЭБ рыногуна, Кыргызстан ВСП+ статусунун алкагында Европа Биримдигинин өлкөлөрүнө экспорттоо сунушталды.

ЕАЭБде мүчөлүгү Кыргызстанга акырындап өз жемиштерин алып келе баштады. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) өкүлдөрү катышкан Москвадагы жыйынында белгилешти.

ЕЭК интеграцияны өнүктүрүү Департаментинин директорунун орун басары Римма Киселеванын айтымында, 2016-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын экономикасынын өсүшү эң жогору болду. Анын божомолдору боюнча, мындай өсүш темпи үстүбүздөгү жылы да сакталышы керек. Бул кыргыз ишкерлиги бирдиктүү биримдиктин рыногунда жаңы мүмкүндүктөрдү алып жатканына байланыштуу. Адистердин айтымында, айтымында, евразиялык интеграциялык долбоорго катышуу Кыргызстанды соода-экономикалык өнүгүүнүн жаңы деңгээлине алып чыкты: быйылкы жылдын январь-февралында эле республиканын ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрү менен соода көлөмү 7,5%га өсүп, 331,3 млн долларды түзгөн. Карапайым жарандар ээ болгон утуштар да айкын. Кыргызстандын эмгек мигранттары үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүндө ишке орношуу жеңилдетилип, биримдиктин мыйзамы аркылуу социалдык укуктар кепилденди.

Бир жагынан алганда, КР премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун айтымында, 2016-жылы өлкөнүн ИДПсы 3,8%га өскөнү байкалган. Ошол эле учурда, ал Кыргызстан кошумча инвестициялык салууларга муктаж экендигин танбайт. КР Өкмөтүнүн негизги милдеттеринин бири өңдүрүш кубаттуулугун өстүрүү болуп саналат. Бул үчүн өлкөнүн энергетикалык потенциалын күчтөңдүрүү зарыл. Кыргызстандын ЕАЭБге кириши менен Биримдиктин каржы түзүмдөрүнөн көрүнөөрлүк каржылык колдоо алуу мүмкүндүгү пайда болду. Бул жумада ЕЭК жана Кыргызстандын Өкмөтүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан 110 млн АКШ долларын бөлүү тууралуу макулдашуу жетишилди. Бул каражат Камбарата ГЭС-2 экинчи турбинасын алмаштырууга пландалган. Бул тууралуу Бишкекте өткөн жумадагы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында айтылган. Биринчи турбина 2010-жылы ишке берилген, бирок экинчисин ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Банк тарабынан берилген каражат пайыздуу 8 жылдык насыя болуп саналат. каражат Камбарата ГЭС-2 экинчи турбинасын ишке киргизүү Токтогул ГЭСи үчүн зарыл болгон сууну гана топтобостон, электр энергиясынын керек болгон көлөмүн кошумча иштеп чыгууга түрткү берет.

Өткөн жумада фракциялардын алдында бир жылдык отчет берген КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков “Жеткиликтүу турак жай” программасы боюнча 1,2 млрд сом насыя берилгенин билдирди. Анын айтымында, учурда 1400 жаран ипотекалык насыя алышкан. “Бөлүнгөн насыялардын жалпы суммасы 1 млрд 200 млн сомду түздү. Мындан тышкары, октябрдан тартып пайыздык коюмдар 12-14%дан 10% га чейин кыскарган. Бул жакшы натыйжа берип, “Жеткиликтүү турак жай” программасы боюнча насыя алууну каалагандар көбөйдү”, - деди премьер-министр. Турак жайдын жетишсиздиги курч маселеси мамлекеттин күн тартибинде калууда. Бирок, КР Өкмөтүнүн аракеттери мамлекет тарабынан бюджеттик тармактарда иштеген турак жайга муктаждардын маселесин чечүүгө бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталган.

Достош өлкөлөр менен интеграциялоо багытын тандаган Кыргызстан бир катар ири долбоорлорго жигердүү катышууда. Анын ичинде, Бишкек Кытайдын Улуу Жибек жолундагы “Бир алкак – бир жол” долбооруна катышууга кызыкдар. Бул долбоорго тартууну күчөтүү максатында катышуучу-өлкөлөр, эң ириде Кытай, эки долборду колдоо фондун түзүүгө ниеттенүүдө. Негиздөөчүлөрдүн айтымында, биринчи фонддун капиталы 5 млрд АКШ долларын түзөт. Экинчи фонддун каржылык мүмкүнчүлүктөрү бир аз азыраак – 300 млн доллар. Анын иши Улуу Жибек жолунун өлкөлөрүнүн электрондук дүң соодасын түзүүгө багытталат. Кыргызстан алардын түзүүчүлөрүнүн катарына кирүүнүн пландап жатат. Алар Улуу Жибек жолундагы өлкөлөргө индустриализация жана инфраструктуралык долбоорго колдоо көрсөтөт. Фонд түзүү тууралуу жалпы талкууларда Кыргызстандын бул долбоорлорго катышуусунун жакшы жактары белгиленди. Фонддордун биринин бардык ЕАЭБ өлкөлөрүндө иштеп, аймагын андан ары кеңейтүүсү пландалууда.

Экономикалык кызматташуунун алкагында байланыштарды кеңейтүүнүн мисалы катары Кытайды алсак болот. Кыргызстанга инвестицияларды салууга Кыргызстанда иштөө планын иштеп жаткан Гуанчжоунун бут кийим чыгарган корпорациясы кызыкты. Кызматташуу шарттарын изилдөө максатында үстүбүздөгү жылдын июлунда Кыргызстанга «Синхаопан» корпорациясынын делегациясынын келиши тууралуу макулдашылган.

Бардык өлкөнүн экономикасы туруктуу шарттарда гана өнүгөт. КР Транспорт жана жолдор министрлигинин Ысык-Көл облусундагы Балыкчы – Корумду авто жолунун курулушу менен алектенген «Лонг Хай» компаниясы менен келишимди бузбоо ниетин билдирүүсү республикада иштеген чет элдик компаниялар менен туруктуу өндүрүштүк мамилелерге умтулуу болуп саналат. Бир жылдын ичинде кытай компаниясы Ысык-Көлдүн түндүк жээги боюнча 104 км жол тилкесин курууда 1,5 млрд сомду өздөштүргөн. Иштин жогорку натыйжалуулугуна жетишүү максатында 2015-жылдын майындагы келишим кайра каралып чыккан. “Алды менен алар “Тамчы” аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки 40 км жолду бүткөрүүлөрү керек. Өткөн жылы жалданма мекеме болгону 22 км оңдоо иштерин аяктаган”, - деди транспорт министри Ж.Калилов. Жаңы талаптарга ылайык, жаңы турсезондун башында бул жолдун тилкеси бүткөрүлүшү керек.

Ал арада, министрлик өзү 2017-жылдын I кварталында бардык транспорт түрлөрүнүн жана жол түйүндөрүнүн туруктуу ишин камсыздагандыгын жарыялады. 2017-жылы жолдорду оңдоо жана камсыздоого дээрлик 2 млрд сом каралган. Мындан тышкары, “Мамлекеттик капиталдык салым” беренеси боюнча 900 млн сом каралган. Министрликтин алдындагы Жол чарбасы департаментинин 2017-жылга карата жалпы бюджети 2,9 млрд сомду түздү. 2017-жылдын I кварталы үчүн 2017-жылга каралган каражаттардын ичинен жол тармагы боюнча жалпы каржылоо 535 млн сомду же 18,4%ды түздү. Ыкчам маалыматтар боюнча, Жол чарбасы департаментинин ведомстволук ишканалары тарабынан 460 млн сомдук иш аткарылды. Алардын ичинен учрудагы бюджет боюнча аткарылганы 218 млн сомду түздү, мамлекеттик капиталдык салымдар объектилери боюнча – 242 млн сом.

Аймактар боюнча алганда, эл аралык санкциялар алынган соң Борбор Азияда Иран жигердүүлүк көрсөтүүдө. Тегеран Кыргызстанга инвестиция салууга кызыгуу билдирип жатат. Бул өлкөнүн өткөн жумада КРга келген тышкы иштер министри Мохаммад Зариф Ирандын Кыргызстанда чакан жана ири ГЭСтерди курууга инвестиция салууга даярдыгын билдирди. Иран бардык тармактарда өз ара кызматташууну өстүрүүгө болгон күчүн жумшап жатат. “Биз чакан жана ири ГЭСтерди куруу, курулуш, фармацевтика, жаңы технологиялар жана башка тармактарда иштешүүгө даярбыз. Кыргызстан менен кызматташууда эч кандай чек жок экендигин өзгөчө баса белгилеп кетким келет”, - деп билдирди М.Зариф.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун иши мыкты деңгээлде жүрүп жатат. Өткөн жумада Фонд өнөктөш-банктардын тизмесин кеңейтип жатканы жарыяланды. 18-апрелде Өнүктүрүү фонду менен “Оптима Банк” ААК ортосунда 10 млн сом суммасындагы насыялык келишимге кол коюлду. Кеңейтүү каржы рыногунун оюнчуларынын эсебинен мүмкүн болду. Ишкерликти өнүктүрүү Фонддун каржылоо багыттарынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Өнөктөш-банктар аркылуу чакан жана орто ишкерлик өкүлдөрү үчүн Фонддун өлкөдө жагымдуу ишкерлик маанайды түзүүгө багытталган ресурстары жеткиликтүү болот. Фонддун маалыматтарына ылайык, жактырылган долбоорлордун ичинен чакан жана орто ишкерликтин өкүлдөрү тарабынан 671 насыя алынган же 698 өтүнмөнүн 96%ы каржыланган. Фонд тарабынан бөлүнгөн каражаттар негизинен жабдууларды жана техникаларды сатып алууга, жаңылоого, кайра курууга жана жакшыртууга, ошондой эле, керектүү заманбап технологияларды сатып алууга жумшалат. Фонд агрардык өндүрүш комплекси, тигүү, текстилдик, кайра өндүрүү, тоо-кен иштетүү, өнөр жай, туризм инфраструктурасы, медицина жана транспорт – сыяктуу келечектүү тармактарга көңүл буруу ниетин билдирди. Өлкө боюнча ишмердигин кеңейтүү менен Фонд кардарлар менен кызматташууга даярдыгын билдирди. Ошондой эле, өнөктөш-банктар аркылуу жеңилдетилген насыяларды бере алат. Алар: «РСК банк», KICB, «Айыл Банк», «Халык Банк», «Кыргызстан Коммерциялык банкы», «Азия Банк», «Банк Компаньон», «БТА Банк», «Капитал Банк», «Росинбанк», «Бакай Банк» жана «Оптима Банк».

Күн чыгыш өлкөсүнүн Борбор Азия өлкөлөрү менен мамилелери жогорку потенциалына байланыштуу ар дайым жалпы кызыгууну жаратып келген. 20-апрелде Бишкекте Япониянын расмий делегациясынын КР Президентинин Аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков менен жолугушуусу өттү. Жолугушуу кечээ жакында бекитилген “Таза Коом” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Япон делегациясынын курамында жер, инфраструктура, транспорт жан туризм вице-министри Такеши Мугишима жана Fujitsu Ltd.», «Nippon Signal», «Shimizu Corporation», «Himeji ABC Trading Co. Ltd.», «Marubeni Corporation» сыяктуу бир катар япониялык белгилүү компаниялардын жетекчилери болушту. Жолугушуу кыргыз тараптын инфраструктуралык долбоорлорду, анын ичинде “Таза Коом” долбоорун ишке ашырууга япон алдыңкы технологияларын тартуу каалоосу менен демилгеленген. Мындан тышкары, япон делегациясы Кыргызстандын тармактык министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

«Кабар» МАБ, 17-22-апрель 2017-жыл.

Пикир

Оставить комментарий