“Кабар” МАБ: Кыргызстандын президенттерин шайлоо тарыхы

1451 кароо Аналитика 0

Көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында президенттик шайлоо жети ирет өткөрүлдү.

Бул шайлоолордон республикага үч президент келди: Аскар Акаев (1991, 1995, 2000-жж.), Курманбек Бакиев (2005, 2009-жж.) жана Алмазбек Атамбаев (2011). Катары боюнча үчүнчү мамлекет башчы Роза Отунбаева референдум аркылуу өткөөл мезгилдин президенти болуп калган. Ал эми 2017-жылдын 15-октябрында Кыргызстанга жаңы мамлекет башчы катары Сооронбай Жээнбековдун ысымы белгилүү болду.

Кыргызстанда мамлекет башчысы катары президенттик кызмат 1990-жылы 24-октябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин сессиясында негизделип, 27-октябрда Кыргыз ССРинин президенти болуп Аскар Акаев жарыяланган.

Аскар Акаев
1990-2005-жж.

Кыргызстандын алгачкы жалпы элдик президенттик шайлоосу көз карандысыз шарттарда 1991-жылы 12-октябрда өткөн.

1991-жылы 31-августта Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жөнүндө” мыйзам кабыл алган. Ага ылайык 1991-жылдын 12-октябрында КР президентин шайлоодо жалпы элдик добуш берүү өткөн. Буга чейин бир жыл мурда Жогорку Советтин депутаттары тарабынан шайланган Аскар Акаев көз карандысыздык декларациясынын кабыл алынышы жана республиканын статусунун өзгөрүшү менен президенттин ыйгарым укуктарын ырастоого керек эле.

Жыйынтыгында Аскар Акаев үчүн 95,3% шайлоочу добуш берген.

Кыргызстандын президентин экинчи жолу шайлоо 1995-жылдын 24-октябрында өткөн. Ал 1993-жылдын 5-майындагы жаңы Конституциянын негизинде өткөрүлгөн.

Анда президенттик кызматка талапкерлигин Абсамат Масалиев, Жумгалбек Аманбаев, Медеткан Шеримкулов, Өмүрбек Текебаев, Мамат Айбалаев, Юруслан Тойчубеков жана Турсунбай Бакир уулу көрсөтүшкөн.

Катталуу үчүн 50 миң кол топтоо керек болгон. Бирок шайлоо алдында БШК колдор аймактар боюнча шайлоочулардын санына пропорционалдуу топтолушу керектигин билдиргенде бир нече талапкер жарыштан четтеген.

Натыйжада шайлоого Аскар Акаевден тышкары Кыргызстан Компартиясынын мурдагы биринчи катчысы Абсамат Масалиев жана Жогорку Советтин мурдагы төрагасы Медеткан Шеримкулов катыша алышкан.

Аскар Акаев биринчи турда 71,5% добуш менен жеңип чыккан.

Кыргызстанда үчүнчү президенттик шайлоо 2000-жылы 29-октябрда өткөн. Конституцияда “бир эле адам эки жолудан ашык катары менен Кыргыз Республикасынын президенти катары шайлана албай” турганы көрсөтүлгөнүнө карабастан, Аскар Акаев мамлекет башчылыгына кайрадан көрсөтүлгөн.

Оппозиция БШКнын Аскар Акаевди талапкер катары үчүнчү ирет каттоосун мыйзамга каршы жана токтоосуз артка кайтаруу керектигин, ал эми президент бийлигинен кыянаттык менен пайдаланып жатканын билдирген.

Жалпысынан 2000-жылы шайлоого 19 талапкер катышкан.

Жыйынтыгында Аскар Акаев 74,47% добуш алып, жеңип чыккан.

Курманбек Бакиев

2005-2010-жж.

Кыргызстанда төртүнчү президенттик шайлоо 2005-жылдын 10-июлда марттагы “тюльпан революциясынан” кийин өткөн. Ошол окуялардын жүрүшүндө Аскар Акаев Россияга качып, ал жактан мамлекет башчынын укуктарын өзүнөн алганы тууралуу билдирген.

Жалпысынан президенттик шайлоого катышуу каалоосун 22 талапкер билдирген.

Жеңүүчү 88,71% добуш алган Курманбек Бакиев болгон.

Кыргызстандагы бешинчи президенттик шайлоо 2009-жылы 23-июлда өткөн.

Ошол мезгилде бийликте турган президент Курманбек Бакиев “Ак-Жол” башкаруучу партиясы тарабынан экинчи мөөнөткө көрсөтүлгөн. Оппозициядан бирдиктүү талапкер КСДп лидери Алмазбек Атамбаев чыккан.

Белгилүү болгондой, 2009-жылы шайлоо даярдыгы жана жүрүшү массалык бузуулар менен коштолгон. Бирок, анткен менен шайлоо өтүп, жыйынтыгы жарыяланып, кайрадан жеңүүчү катары 76,12% добуш алган Курманбек Бакиев аныкталган.

Роза Отунбаева
2010-2011-жж.

2010-жылдары апрель революциясынан кийин референдум аркылуу өткөөл мезгил президенти катары Роза Отунбаева келген.

Эскерте кетсек, 2010-жылдын 7-апрелинде революциянын натыйжасында бийликке Роза Отунбаева баштаган убактылуу өкмөт келип, 2009-жылы кайра шайланган президент Курманбек Бакиев чет өлкөгө качып кетүүгө мажбур болгон.

2010-жылы 27-июнда жалпы элдик референдумдун жыйынтыгында жаңы Конституция кабыл алынып, ага ылайык өлкө парламенттик республика катары жарыяланган. Ошондой эле КР Убактылуу өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги президенти жөнүндө” декрети кабыл алынган. Бул документке ылайык, Роза Отунбаева 2011-жылдын 1-декабрында Кыргызстандын президенти катары бекитилген.

Алмазбек Атамбаев
2011-2017-жж.

Кыргызстандын президентин алтынчы ирет шайлоо 2011-жылдын 30-октябрында өткөн. Бул шайлоо апрель революциясынан кийин бийликти мыйзамдаштыруунун маанилүү баскычы болуп калган.

2010-жылдагы Конституцияга ылайык, президенттин кызматына эки жолу катары менен шайланууга болбойт жана мөөнөтү 6 жылга узартылган.

Республиканын президентин шайлоого 16 талапкер катышкан. Шайлоого 61,28% жаран катышкан. Алмазбек Атамбаев үчүн 62,52% шайлоочу добушун берген.

Бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү

2017-жылдын 15-октябрында Кыргызстанда КР мамлекет башчысын жетинчи жолу шайлоо өттү.

Алдын ала маалыматтар боюнча президенттик шайлоого 1 млн 668 миң 49 адам катышкан же 55,93%ды түзгөн.

Мамлекет башчы кызматына 13 атаандаш көрсөтүлүп, 10у катышып, үчөө эң акыркы учурда баш тартышкан.

Талапкерлер шайлоо алдындагы мезгилди салыштырмалуу ачык өткөрүшкөнүн белгилеп кетүүгө болот. Бирок олуттуу четтөөлөр болду. Мисалы, “Республика – Ата-Журт” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов, саясат таануучу, эксперт Марат Казакпаевдин пикиринде “шайлоо алдында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуудан кийин этикалык кодексти бузган”. Айта кетсек, бул жолугушуу эки коңшу мамлекеттин өз ара алакаларын бир аз татаалдантты. Кыргызстандын БШКсы талапкерге катуу эскертүү берди.

Шайлоо курч, адилет атаандаштыкта өттү. Саясат таануучу Денис Бердаков билдиргендей, “шайлоо өзгөчө кызыктуу өттү, анткени өлкөнүн тарыхында мындай атаандаштык күрөш байкалган эмес. Мындай жагдай борбор азиялык аймактын көпчүлүк өлкөлөрү үчүн – бул өтө зор нонсенс”,- деп баса белгилейт саясат таануучу.

Денис Бердаков блегилегендей, “шайлоо таза, ачык өттү, албетте, бузуулар болбой койгон жок, бирок алар андай олуттуу мүнөздө эмес. Майда бузуулар – бул мындай масштабдуу жана кубаттуу иш-чара үчүн ченем, бирок алар татыктуу өткөн шайлоо процессине көлөкө түшүргөн жок”, - деп белгиледи Бердаков.

Өзгөчө белгилей кетсек, бул ирет Кыргызстанда шайлоо биометрикалык маалыматтарды, автоматтык эсептөө урналарын колдонуу менен жаңы система боюнча өттү. Мындай технологиялар Кыргызстанда алгачкы жолу колдонулуп жатат.

КР мамлекет башчысын шайлоо административдик ресурсту колдонуусуз өттү. Буга Борбор шайлоо комиссиясынын республиканын облустары боюнча жыйынтыктары күбө.

Негизги күрөш талапкерлер Сооронбай Жээнбеков (КСДП) менен Өмүрбек Бабановдун (Республика Ата-Журт) ортосунда жүрдү.

Жээнбеков Чүй облусунан - 38,83%, Талас – 12,55%, Нарын – 55,82%, Ысык-
Көл – 52,04%, Жалал-Абад – 56,97%, Ош – 72,11%, Баткен – 56,83%, Бишкек – 48,28%, Ош шаарында – 73,69%, КР ТИМ маалыматын эске албаганда өлкө боюнча – 52,78% добуш алды.

Бабанов Чүй облусунан – 50,25%, Талас – 85,81%, Нарын – 36,97%, Ысык-
Көл – 40,65%, Жалал-Абад – 30,01%, Ош – 18,26%, Баткен – 20,74%, Бишкек – 36,13%, Ош – 18,67%, КР ТИМ маалыматын эске албаганда өлкө боюнча – 36,34% добушка ээ болду.

Шанхай кызматташтык уюмунун баш катчысы Раишд Алимов билдиргендей,”байкоочулардын пикиринде, шайлоо уюшкандыкта, бардык жаңы процедураларды сактоо менен өттү”. Кары, жаш дебей жарандардын өзгөчө активдүү катышуусу белгиленди.

Рашид Алимов кесипкөйлүк жана ар бир жаранга камкордук жасаган шайлоо комиссияларынын ишин да белгилеп өттү.

Ошондуктан, Кыргызстан өзүн Борбор Азиянын демократиялык аралчасы катары толук кандуу сыймык менен белгилей алат. 2017-жылдагы муну шайлоо болуп көрбөгөндөй далилдеди.

Ал эми жаңы шайланган КР президенти Сооронбай Жээнбеков тууралуу айтсак, шайлоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, шайлоочулардын жарымынан көбү ага, Жээнбеков жарандардын үмүтүн актайт жана өлкөнү ар тараптуу туруктуу өнүктүрүүдө Алмазбек Атамбаевдин жолун улайт деген ишеним артышты.

Антон Кубицкий
“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий