“Кабар” МАБ. КМШ ТИМК кезектеги жыйыны: аймактык маселелерди сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү

4146 кароо Аналитика 0

2017-жылы 6-7-апрелде Ташкентте (Өзбекстан) Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны өттү.

Өзбекстандын ТИМинин маалыматына ылайык, жыйын россия тараптын төрагалыгы астында өттү.

Делегация башчылары уюмдун ишмердүүлүгүнүн түрдүү багытындагы өз ара аракетин өнүктүрүүнүн азыркы абалы жана келечегин, аймактык жана эл аралык иштерде анын ролун көтөрүүнү талкуулашты.

Тараптар аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү, андан тышкары КМШ өлкөлөрүнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыздоонун актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты.

Күн тартибинин актуалдуу маселелери

Күн тартибине ылайык, КМШга кирген өлкөлөрдүн тышкы саясий ведомство башчылары 15 документти карашты, анын 9 документи октябрда Шериктештикке кирген мамлекеттердин башчыларынын кеңешинде жана май айында өкмөт башчыларынын кеңешинде кароого коюлат.

Документтер тышкы саясий, укуктук, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө Шериктеш өлкөлөрдүн өз ара аракеттери маселелерин козгойт.

-Катышуучулар христиан, мусулман жана башка конфессиянын өкүлдөрүнө карата басмырлоолорго жол берилбестиги тууралуу билдирүү кабыл алышты. Документте айрым адамдардын диний ишениминин негизинде аларга карата зордук-зомбулук көрсөтүү жана теракт уюштуруулардын уланып жатканына байланыштуу тынчсыздануу баяндалат. Христиан, мусулман жана башка диний агымдардын өкүлдөрүнө карата басмырлоо, кысым, зомбулук көрсөтүү жана террордук акт уюштуруу көрүнүштөрү чечкиндүү түрдө айыпталат. Тараптар ушул багытта эл аралык коомчулуктун көз карашын бириктирүү боюнча күчтөрдү алдыга жылдыруу ниетин билдиришти.

- ТИМ жетекчилери КМШнын аткаруу комитетинин квоталарды бөлүштүрүү, Аткаруу комитетинин төрагасынын орун басарларын – КМШнын аткаруу катчысын жана КМШнын штаб-квартирасындагы квоталык кызматтарга кызмат адамдарын дайындоо жана алмаштыруу тууралуу маалыматын угушту.

- Мамлекет башчыларынын кароосуна киргизүү үчүн КМШга мүчө-өлкөлөрдүн кылмыштуу жол менен түшкөн кирешелерди мыйзамдаштырууга, терроризмди жана массалык кыйратуу куралдарын жайылтууну каржылоого каршы аракеттер чөйрөсүндө кызматташуу концепциясынын долбоору жана баңги заттарды, психотроптук каражаттар жана алардын прекурсорлору, кылмыш иши боюнча далил болуп саналган ок атуучу куралдар, алардын негизги бөлүктөрүн, ок-дарылар, жарылуучу заттарды берүүнүн эрежелери тууралуу протокол жактырылды.

- 2018-жылы “Шериктештиктин маданий борбору” мамлекеттер аралык программасын ишке ашыруу, куралдуу күчтөрдүн адис-метрологдорун даярдоо боюнча КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү жана академиялык мекемелеринин базалык уюмдарына статус берүү, андан тышкары салыктык иликтөө органдары үчүн кадрлар маселелери талкууланды.

КМШ ТИМКнын катышуучулары

Армения Республикасынын тышкы иштер министри Эдвард Налбандян, Беларусь Республикасынын тышкы иштер министри Владимир Макей, Казакстан Республикасынын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Тажикстан Республикасынын тышкы иштер министри Сироджидин Аслов, Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов, Азербайжан Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Халаф Халафов, Молдова республиканын тышкы иштер жана европа интеграция министринин орун басары Лилиан Дарий, Түркмөнстан Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Вела Хаджиев, КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы – аткаруу катчысы Сергей Лебедев.

Бардык катышуучулар үчүн КМШ ТИМК жыйынын өткөрүүнүн маанилүүлүгү

Эл аралык маселелер боюнча эксперт Эдиль Осмонбетов бүгүнкү күндө Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги дээрлик чачыранды болуп калды деп эсептейт. Анткени, Борбор Азия өлкөлөрүнүн, ага ылайык КМШ өлкөлөрүнүн бир бөлүгү жаңы Евразия экономикалык биримдигине интеграцияланды.

“Азыркы учурда Тажикстандын ЕАЭБге кирүүсү тууралуу маселе турат. Расмий Дүйшөмбү 2015-жылдан бери ушул маселенин үстүндө ойлонуп жатат, чечим Кыргызстан биримдикке кандайча негизделерине байланыштуу чыгат. Россия Президенти Владимир Путиндин сапары кирүүгө даярдык болуп саналат деп ойлойм. Өзбекстан азырынча маселени эки тараптуу тартипте чечүү ниетинде, Түркмөнстан дагы. Ошондуктан, ушуга байланыштуу кырдаал пайда болду, анда ЕАЭБде КМШ өлкөлөрүнүн бир бөлүгү жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн бир бөлүгү кирип калды”,-дейт саясат таануучу.

Бирок, саясий илимдердин доктору Азамат Темиркулов мындай пикир менен макул эмес жана КМШ ТИМ башчыларынын кезектеги пландалган жолугушуусу болду деп эсептейт.

“КМШ сыяктуу уюмдар диалог куруу жана аймактык маселелерди талкуулоо үчүн аянтча катары колдонулат. Мисалы, Өзбекстан ЕАЭБ же ЖККУ сыяктуу уюмдарга мүчө эмес. Ошондуктан, КМШ – алар катыша ала турган жалгыз уюм”,-деди ал.

КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин КМШ ТИМКнын аянтындагы эки тараптуу жолугушуулары

Эрлан Абдылдаевдин Өзбекстандын ТИМ башчысы Абдулазиз Камилов менен жолугушуусу

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамиллердин бардык спектри боюнча позитивдүү аракетин белгилешип, аймактар аралык кызматташтык жана коопсуздук маселелери менен бирге саясий, соода-экономикалык, энергетикалык, транспорттук-коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыктар экенин билдиришти. Ошондой эле, алар чек араны делимитациялоо, келишим-укуктук базасынын абалы жана мамлекеттер аралык ишеним чараларын мындан ары бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Эдиль Осмонбетов КМШ ТИМК аянты пикир алмашуу жана башка маселелерди талкуулоо үчүн платформа болуп калды деп белгиледи.

“Бул ыкма маалыматтык согуш доорунда ЖМКлар аркылуу таратууга караганда дайыма ыңгайлуу болуп келген. Ошондуктан жолугушуулардын мындай формасы тараптардын өз көз карашын айтуусуна жана чечүү жолдорун табуусуна жол ачат. Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси өткөн жылдын күз айларынан бери, атап айтканда КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин Ташкентке болгон сапарынан тартып жакшыра баштады. Анда чек араларды делимитация жана демаркация боюнча чечимдерди иштеп чыгуу тууралуу келишимге жетишилген. Мен эки өлкөнүн ортосундагы эң маанилүү учур чек ара маселеси экенин белгилеп кетким келет. Анткени, ошондон кийин гана товар айландыруу, миграция, гуманитардык жана маданий алмашуулар жакшырат.

Мындан тышкары, Өзбекстандын Президенти Ш.Мирзиеев коңшу мамлекеттер менен мамилени жакшыртуу тууралуу маселени башкы максат кылып койгонун белгилей кетүү зарыл”,-деди ал.

Саясий илимдердин доктору Азамат Темиркулов эки өлкөнүн ТИМ башчыларынын жолугушуусу буга чейин жакындап келе жаткан Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилелеринин жакшырышынан кабар берет деп эсептейт.

“КР менен Өзбекстандын мамилелеринде узак убакыт ажырым болуп келген, ал эми жаңы Президент Шавкат Мирзиеевдин келиши менен кырдаал нормалдашты, жакшырды деп айтууга болот”,-деди ал.

А.Темиркулов чек ара маселеси боюнча тараптар өз ара тил табышканын белгиледи.

“Мен бул жолугушуу жакшырып келе жаткан мамлелерди, көйгөйлөрдү жоюу боюнча тараптардын иш процессин дагы бир жолу көрсөттү деп ойлойм”,-деп кошумчалады саясат таануучу.

Эрлан Абдылдаевдин Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов менен жолугушуусу

Кыргызстан менен Казакстандын ТИМ башчылары эки тараптуу мамилелердин динамикалуулугун, тараптардын аны мындан ары дагы өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилешти.

Министрлер саясий, соода-экономикалык, миграциялык, транспорттук жана башка чөйрөлөрдө кызматташтыкты бекемдөөнүн абалын жана келечегин талкуулашып, жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу, эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттер маселесине өзгөчө көңүл бурушту.

Э.Осмонбетов Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамиле туруктуу деп эсептейт.

“Азыркы учурдагы түшүнбөстүк – бул ЕАЭБ жана мамлекеттин өзүнүн базарын коргоо аракети. Мындай кырдаал Россия – биздин аймактагы башкы сатуу базары жана 2014-жылдан бери санциялардан чыга албай келе жатканына байланыштуу пайда болду. Бул өнөктөштөргө белгилүү кыйынчылыктарды жаратат. Аны менен катар Казакстан өзүнүн убадаларын аткарып, КРнын чек ара бекеттерин жаңылоого 41 млн доллар бөлдү”,-деди Э.Осмонбетов.

Азамат Темиркулов туруктуу дипломатиялык жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр болбосо, зарыл көйгөйлөрдү чечүү оор болуп калат деп кошумчалады. Анткени, эки тараптуу жолугушуулар эки өлкөнүн мамилелеринин солгундашына жол бербейт.

“Мен азыркы учурда пайда болгон кыйынчылыктарды чечүүгө үмүттөнсө болот деп ойлойм”,-деди ал.

Мехриниса Сулайманова «Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий