“Кабар” МАБ: Борбор Азиядагы шайлоолор: Алмаштыргыс башкаруучулар

1893 кароо Аналитика 0

Кыргызстанда 15-октябрда өлкө көз карандысыздыгын алгандан берки тарыхындагы жетинчи президенттик шайлоо өттү. Чет элдик байкоочулар шайлоо процессинин ачыктыгын жана мыйзамдуулугун таанышты. Башка мамлекеттердин башчылары алдын ала маалымат боюнча мамлекет башчыны шайлоодо жеңип чыккан талапкерди куттуктап башташты. Бул кадамдар Кыргызстандагы шайлоо өткөн катары таанылып, алар өлкөнүн жаңы президенти менен иштешүүгө даяр экенин көрсөтөт. Ушундан улам, бул жолку шайлоо аймак жана дүйнө коомчулугу үчүн үлгү боло алды.

Транзиттин аякташы

Борбор Азиядагы шайлоолорго эл аралык деңгээлде ар дайым сын көз караш менен мамиле кылып келишкен. Көптөгөн эксперттердин айтымында, себеби шайлоо жолу менен аймактын өлкөлөрүнүн башчылары өз башкарууларын узартып, көп жылдык жана алмаштыргыс мамлекеттик жетекчиликтин багытын улап кетишет.

Кыргызстан акыркы жылдары парламенттик башкаруу системасынын үстүндө иштеп, шайлоо системасын демократиянын бардык принциптери боюнча бекемдеп келе жатса, коңшу мамлекеттерде кыйла башка жагдай орун алган. Былтыркы жылдын соңунда Өзбекстан транзиттин аягына чыгып, өнүгүүнүн жаңы жолу менен кетти.

Көптөгөн эл аралык эксперттер Өзбекстанда бийлик транзити кандай жүрөрүнө тынчсыздануу менен көз салып турушту. Айрымдары жада калса, Ислам Каримовдун башкаруусу учурунда өлкөдө оппозиция жана өлкөнү башкара турган саясатчылардын калбай калгандыгына байланыштуу мамлекеттүүлүктүн кыйрашы менен өлкөнүн майдаланышын алдын ала айта башташкан.

Бардыгы Өзбекстандын биринчи президенти дүйнө салып, анын ордуна 2003-жылдан бери өлкөнүн премьер-министри кызматын ээлеп келген Шавкат Мирзиеевдин келиши менен чечилди.

Ислам Каримов үч ирээт президенттик шайлоого катышып, ар бир жолу жогорку пайыздагы добуштарга ээ болгон – 1990-жылы - 87,1%, 2000-жылы - 95,7%, 2007-жылы - 90,76%.

2016-жылы Өзбекстандын биринчи президентинин ордун алмаштырган Шавкат Мирзиеев 88,6% добуш алган. Мирзиеевди мындай жогорку колдоо анын өзүн реформаторлук сапаттары бар жаңы адам катары көрсөтүшү менен камсыздалган. Ошону менен бирге жеңил транзит менен Өзбекстан бийлиги көз карандысыздыкка жетишкени байкалбаган өнүгүүнүн жаңы жолу менен кеткени ачык көрүнүп турат.

Транзитти күтүү

Президенттик башкаруудагы Түркмөнстанда мамлекет башчысын шайлоо төрт ирээт өткөн. 1995-жылдан 2006-жылга чейин өлкөнү Сапармурат Ниязов башкарган. 1999-жылы ал Түркмөнбашы деп аталган. Түркмөндөрдүн башчысы наамы менен бирге президенттик тактыга канча кааласа, ошончо жолу шайлануу укугун алган.

2006-жылы Сапармурат Ниязов өлгөн соң анын ордуна 2007-жылдын 11-февралындагы шайлоодо 895 добуш алган Гурбангулы Бердымухамедов келген. 2012-жылдын 12-февралындагы экинчи шайлоодо Г.Бердымухамедов шайлоочулардын абсолюттук көпчүлүк добушун 97,14% алган. 2017-жылдын 12-февралындагы үчүнчү шайлоодо ал 97,69% добушка ээ болот. Бул өлкө парламенттик жаңы конституцияны кабыл алгандан кийинки биринчи шайлоо болгон. Анда президенттик кызматтын мөөнөтү 5 жылдан 7 жылга узартылган.

Ошентип, Түркмөнстандын президентинин мөөнөтүнүн узартуу менен келечекте мамлекетти бийлик транзити күтөт. Бирок, президенттин кызматына ким келери жана дал ошол транзит жеңил өтөөрү тууралуу эч ким айта албайт.

Башкаруусу Түркмөнстандагы сыяктуу эле Тажикстанда шайлоо 5 ирээт өткөрүлгөн. Биринчи жолу 1991-жылы өтүп, Тажикстандын Коммунисттик партиясынан Рахмон Набиев 56,9% добуш менен жеңген. Өлкөнүн тарыхындагы экинчи жолку шайлоо 1994-жылы өтсө, анда Эмомали Рахмонов же Эмомали Рахмон жеңип чыккан. Ал 1992-жылдын ноябрынан тарта Тажикстан Республикасынын Жогорку Советинин төрагасы болгон жана дээрлик учурдагы мамлекет башчысы эле. Анда ал 59,5% добуш алган. Тажикстандын тарыхындагы үчүнчү шайлоо 1992-жылдын майынан 1997-жылдын июнуна чейин созулган жарандык согуш аяктагандан эки жыл өткөн соң, 1999-жылы 6-ноябрда өткөн. Мында Э.Рахмон 97,6% добуш менен жеңишке жетишкен.

2006-жылдагы төртүнчү шайлоодо Тажикстандын учурдагы президенти 79,3% добуш топтогон. Ал эми 2013-жылдагы шайлоодо Э.Рахмон шайлоочулардын 83,92% добушун алып, Тажикстандын башчысы кызматында төртүнчү ирээт катары менен калган.

Белгилей кетсек, 2016-жылы майда Э.Рахмондон президенттик кызматка кайра шайлануу чектөөлөрүн алып салган жана президент үчүн жаш курактык чектөө 35тен 30 жашка түшүрүлгөн түзөтүүлөр кабыл алынган. Айрым баяндамачылардын пикиринде, учурдагы мамлекет башчы өз баласын президенттик кызматка даярдап жатат. Ал акыркы бир нече жылда Антикоррупциялык кызматтын башчылыгынан Дүйшөнбү мэрине чейин жетти.

Казакстанда президенттик шайлоо алгачкы ирээт 1991-жылы 1-декабрда өткөн. Жалгыз талапкер ошол учурдагы мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев болгон. Ал 98,0% добуш алган. Экинчи жолку 1999-жылы өткөн шайлоодо Н.Назарбаев 81% добуш алып, 2005-жылдагы үчүнчү шайлоодо Казакстандын учурдагы башчысы шайлоочулардын 91,15% добушуна ээ болгон. Төртүнчү шайлоодо 2011-жылы ал 95,5% добуш алып, 2015-жылы Н.Назарбаев 97,75% добуш менен озуп чыккан.

2015-жылдагы шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөнү менен айырмаланган. Бул чечимди Казакстан элдеринин Ассамблеясынын кеңеши жана мамлекет башчы өзү колдоого алган.

Буга чейин 2010-жылдын 12-майында Мажилистин – Казакстандын төмөнкү палатасынын депутаттары Назарбаевге улут башчысы макамын берген мыйзам долбоорлорунун пакетин бир добуштан кабыл алышкан. Муну менен эл өкүлдөрү Нурсултан Назарбаев өмүрүнүн акырына чейин президенттин статусунан көз каранды эмес бийлик укуктарына ээ болушуна макул болушкан (мамлекеттин ички жана тышкы негизги багыттары боюнча иштелип жаткан демилгелерди макулдашуу). Ошондой эле түзөтүүлөргө ылайык, ал жана анын үй-бүлө мүчлөлөрү кылмыш жоопкерчилигинен толугу менен бошотулат.

Ошентип, учурда Казакстан бийликтин мындан аркы транзитин күтүү абалында турат жана азырынча жаңы мамлекет башчы ким болору белгисиз.

Президенттик реформадан парламенттик башкарууга

15-октябрда өткөн Кыргызстандын президентин шайлоо катары боюнча жетинчи жана өлкө тарыхында экинчи жолку бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү болуп калды.

Буга чейин бийлик тынчтык жолу менен Алмазбек Атамбаевге Роза Отунбаевадан өткөн. Азыркы 8 ирээт өзгөртүлгөн Конституцияга ылайык, президенттик башкаруу мөөнөтү бир жолку алты жыл менен чектелген.

Кыргызстандын эң узак башкарган президенти Аскар Акаев төрт эолу мамлекет башчы болуп шайланып, 2005-жылы өлкөдөн качып кеткен. Анын ордуна келген Курманбек Бакиев 2009-жылы кайра шайланып, бирок 2010-жылы ал дагы өлкөдөн качып кеткен.

Учурда Кыргызстанда, жогоруда белгиленгендей, бир гана алты жылдык президенттик мөөнөт бар. Бирок 2016-жылы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн алкагында президенттин ыйгарым укуктары кыскарып, ал эми премьер-министрдики күчөтүлдү. Муну менен демократиянын принциптеринин бири – бийликтин тең салмактуулугу жетишилип, өлкө чыныгы парламенттик башкаруу системасына бир нече кадам жакындады.

Мындан тышкары, Кыргызстанда бийликтин тез алмашуусу оор болгону менен мамлекетти бийликти өткөрүп берүүнүн таасирдүү механизми менен камсыздады. Мында бийлик бир адамдын колунда тура бербестен, мамлекет туруктуу өнүгүүдө өтөт.

Эрмек Абдрисаев
Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий