"Кабар" МАБ. Эл өкүлдөрү кантип калкка жакын болуп, элдин аларга ишенимин көбөйтө алат?

Аналитика 0

Кыргызстанда 2020-жылы парламенттик шайлоо өтөт. Ал убакыт жакындаган сайын коомчулукта партиялар, алардын сапаты, өлкө алдыга жылышы үчүн алар кандай болушу керектиги тууралуу сөздөр жүрө баштады. Өлкөнүн бейкутчулугу жана анын жарандары үчүн иштеген "Легендарлуу парламент" баарынын эсинде сакталуу. Бирок мезгилдин өтүшү менен Кыргызстандагы партияларды түзүү, шайлоо системасы өзгөрдү. Ал эми өлкөнүн өзү чыныгы парламенттик мамлекетти куруу жолунда бара жатат. Анткен менен айрым партиялар асмандагы жылдыздар сымал өчүп калса, башкалары саясатта өз ордун таба алган жок. Мындан улам элде партиялар ачык, сапаттуу жана иштиктүү болушу үчүн эмне кылуу керек деген суроо турат?

Бул маселе боюнча парламенттин мурдагы төрагасы Зайнидин Курманов жалпыга маалымдоо каражатынын бирине маек берип жатып, "бизде болгондору партия эмес" деп айткан. Анын айтымында, азыркы партиялар мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга гана туура келет: 10 адам чогулуп, устав жазып, каттоодон өткөн, бирок иштеген партиялар жок. "Албетте, партия башкача болушу керек. Ал алдыдан түптөлөт. Алгачкы уячалардан башталат. Бийликке келгенде өзүнүн тартибин орнотуп, демократиялык реформа жүргүзүп, замандын талаптарына шайкеш келет. Популисттик, жеке бирөөгө таандык болушпайт", - деп эсептейт Курманов.

Ал партия сыяктуу эле шайлоо системасын да куруу керектигин белгилейт. "Муну менен кесипкөйлөр алектениши зарыл. Бар болгону менен алар аз. Саясий партиялардын үлгүсү шайлоо системасына шайкеш куралышы керек. Мен мажоритардык, башкача айтканда классикалык англо-саксон шайлоо системасына каршымын. Арийне ал өзүн АКШ, Австралия, Жаңы Зеландия, Улуу Британияда жакшы көрсөтө алды. Ага ылайык, талапкер партиянын атынан чыгат, бирок добуш алышы үчүн ал көзгө көрүнүктүү адам болушу зарыл. Бизде мажоритардык система болду. Ал бизге жакын жана түшүнүктүү. Аны колдонуп биз "легендарлуу" парламентке ээ болдук. Бирок андан кийин "үстүртөн" келген бөлүштүрүү жок болуп, кийинки шайлоолордо өтө начар сапаттагы чакырылыштар келди", - дейт экс-спикер.

Ошондой эле Курманов учурдагы шайлоо системасы туура экенин белгиледи. Бирок ал өзүн шайлоодо жакшы көрсөтүшү үчүн партиялык тизмени ачык кылуу абзел. Анын жыйынтыгында "саясий партиялардын жана парламенттин түрү өзгөрөт. Ал көрүнүктүү орган болот".

Экс-спикер шайлоодон кийин партиялык тизмени алмаштырууга болбостугун жана ал уюмда беш жылдан ашык мүчө болгон партиялык ишмерлер Жогорку Кеңешке депутат болууга ат салышы керектигин да айтты. "Ошондо алар аны ичинен бүлдүрбөй, бир уюмдан экинчиге өтө беришпейт. Ушундай нормаларды коюп, аны мыйзам менен бекиткиле, анан акционердик коомдон эмес, партиялардан турган жөндөмдүү парламентке ээ болосуңар. Партиялар демократиялуу, таанымал жана абройлуу болуп, коомдо кадыр-баркы бар адамдардан турушу кажет", - дейт ал.

Ошол эле учурда саясий серепчи Алмазбек Акматалиев Кыргызстанда партиялар жашап кетиши, ачык болуп, сапаты жакшырышы үчүн эмне кылуу керектигин айтып берди. Анын пикири боюнча, партиялар жакшы жакка өнүгүшү үчүн биринчиден парламентаризм системасы сакталышы зарыл.

"Эгер парламентаризмге багыт алуу, аракет болбосо саясий партиялардын күнү бүтөт. Ал жагы түшүнүктүү", - дейт саясий серепчи.

Ошондой эле ал үчүн парламентти партиялык тизме менен шайлоо улантылышы зарыл. Анткени, ал болбосо партиялардын ишмердигин улантууга мотивациясы болбойт. "Бул кыргыз тренди, бирок ал иштеп жатат", - дейт Акматалиев.

Саясий серепчи бул маселеде партиянын ичиндеги чыныгы демократиянын болушу да өтө маанилүү экендигин кошумчалайт. Акматалиевдин пикири боюнча, партиялардын съезддери, пленум жана башка иш-чаралары ачык өтүшү үчүн да саясий партиялар тууралуу мыйзамга императивдүүлүк тарабы күчтүү болгон өзгөртүү киргизсе болот. Анын айтымында, мындай зарылчылыктын себеби бүгүнкү күнү партиялар жеке бирөөнүн иши болбой калган.

"Учурда парламентти партиялар түзөт. Бизде партиялык парламент. Эгер бизде партиялык парламент болсо анда өкмөт да партиялык болуп жатат. Ошондуктан партияларга өзүнүн уставы менен программасында каалаганын жазган коомдук бирикме катары кароого болбойт. Жок. Алар мамлекеттик бийликти түзгөндүктөн партияларга мамиле да ошондой болуу кажет", - деп белгилейт ал.

Кыргызстанда партиялар ишмердигин улантууга жөндөмдүү жана ачык болуп, сапаты жакшырышы үчүн эмне кылуу керек деген маселени талдап жатып, саясий серепчи партиялардын каржысын мамлекеттик көзөмөлгө алуу зарылдыгы бар экенин айтат. Себеби, акыркы жылдары партиялар менен чырдашуу байма-бай орун алган. Ачык-айкындуулук жана түшүнүү болушу үчүн бул жаңы жагдайлар (кейстер) мыйзамга жазылышы кажет. "Мен Жогорку Кеңеште отурган партиялардын акчалары Эсеп палатасы тарабынан текшерүүгө алынышын колдойм. Эми ал алардын акчасы эмес, парламент жана өкмөттү кураган партияныкы болуп калууда", - деп, Акматалиев учурда партиялык тизме менен шайланган шаардык кеңештер да партиялык болуп эсептелерин кошумчалайт.

Ушундан улам ал мунун баары Партиялар тууралуу мыйзамда жазылышы керектигин айтат.

Ошондой эле саясий серепчи, шайлоо жана партиялар жөнүндө мыйзамга бир улуттун жана диндин өкүлү экенине карап партия түзүү өңдүү нерселер үчүн саясий партиялар катуу жазаланарын так, императивдик негизде жазып чыгуу керектигин белгилейт. "Кийинки шайлоодо бир улуттан турган же бир диний багыттагы партиялар чыкпашы үчүн бул абдан маанилүү. Бул өтө орчундуу нерсе. Анткени, ислам радикалдары же кайсы бир улуттун же этникалык топтун өкүлү болгон кайсы бир партиялар бийликке жетүүнүн расмий же мыйзамдуу жолун пайдаланса бул Кыргызстан үчүн трагедия болот", - дейт саясий серепчи Алмазбек Акматалиев.

Мындан улам кийинки шайлоолорго чейин парламенттин жөндөмдүүлүгү, натыйжалуулугу жана элдин депутаттарга ишеними өсүшү үчүн партияларга да, мамлекетке да бир катар иштерди жасап чыгышы керек болот.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий